Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Ыйсанын туулган күн майрамы


Бишкектеги православ чиркөөсү, 7-январь, 2010-жыл.
Бишкектеги православ чиркөөсү, 7-январь, 2010-жыл.

7-январда Ыйсанын туулган күн майрамы Бишкектеги Орус православ чиркөөсүндө жакшылыктан үмүт үзбөө, жашоонун маңызын туура түшүнүү, жан дүйнөнү тазартуу маанисинде белгиленди.

Бишкектеги Орус православ чиркөөсүндө текилдеп ойноп жүргөн Матвей бүгүн, 7-январь – Ыйсанын туулган күнү экендигин эң жакшы билет. Бул күнү чиркөөдө сыйынуу – негизги милдет. Ыйсанын туулган күн майрамын ошол Бишкек чиркөөсүнө сыйынууга келген Нина Кочерина айым кандай кабылдайт болду экен:

- Ыйсанын туулган күн майрамы – Православ дүйнөсүндөгү бирден-бир улуу майрам. Үйүңдө бала төрөлсө кандай сүйүнөсүң! Ал эми Куткаруучубуздун туулган күнүндө андан эки эсе көп сүйүнөрүң ырас!..


Нина Кочерина айым бул күндү кандай өткөрөрүнөн да кабар берди:

- Сыйынуу каадаларынан кийин Православ гимназиясынын окуучуларынын өнөрлөрү тартууланат, аны көрөбүз. Дасторкон жайылат. Балдарга белектер таркатылат. Чоң кишилер өздөрүбүз да жалгыздап тарап кетпей, чогуу майрамдайбыз анан.

Ыйсанын туулган күнүнө арналган Кудайга сыйынуу ибадаттары чиркөөдө шаршемби күнү кечинде башталып, бүгүн, бейшемби күндүн таңынан кайра улантылды. Ыңгайы келгенде Бишкектеги Орус православ чиркөөсүнүн диний жетекчиси отец Павелди сөзгө тарттык:

- Мен Кыргызстандын бардык тургундарын Ыйсанын туулган күн майрамы менен куттуктаймын. Кубаныч ар бир үйдө, ар бир жүрөктө болсун. Сыйынуу каадасын өткөрүү – негизги иш-чара. Ыйсанын туулган күнүндө ким жакшылап кубана алса, же өз өнөрү менен башканы кубанта алса атайын белектерди алат.

Чиркөөнүн жаңы салынган имаратынын концерттик залында ушул чиркөө алдында уюштурулган Православ гимназиясынын окуучулары негизинен дин ырларын ырдашты. Православ гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Николай Юдин бул гимназия жөнүндө бизге айтып берди:

- Экинчи жылы иштеп атабыз. Жалпысы 22 бала окуйт. Биринчи класста 6 бала, экинчи класста 16 бала. Биз Билим берүү министрлиги бекитип берген программа менен окуйбуз. Андан сырткары үч сабак кошумчаланган – Кудайдын мыйзамы, Чиркөө славяндары жана Чиркөө этикасы деген. Класстарыбызда спутник байланышындагы телевидение баштаган бардык жабдуулар бар. Бара-бара 11-класска чейин ачылып, өзүнчө мектеп курабыз, жер бөлүнүп берилген.

Андан кийин биз микрофонду Бишкектеги Орус православ чиркөөсүнүн кызматкери Андрей Кунавин мырзага сундук:

- Быйыл деле чиркөөгө келгендер арбын, жаштар тартылууда. Бирок орус тилдүүлөрдүн акырындан көчүп кетүүлөрүнөн улам те мурдагыдай калың топ байкалбайт...

Кошумчалай кетерибиз, Бишкектеги Орус православ чиркөөсүндө кошумча имараттар курулууда. Ыйсанын туулган күн майрамындагы сыйынуулар эмдиги жолу ошол ири, жаңы имаратта өтүшү мүмкүн.

Ыйсанын туулган күн майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

XS
SM
MD
LG