Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Кыргызстанга жакшылык оту келди


Кыргызстанда кырдаал чыңалып турган учур
Кыргызстанда кырдаал чыңалып турган учур

Иерусалимден Ташкенге жеткирилген жакшылык отун Орто Азия митрополити Владимир кыйын күндөрдү башынан кечирип аткан Кыргызстанга алып келип таратты.

Кыйын кырдаалды өткөрүп аткан Кыргызстанга Орто Азия митрополити Владимир Ташкенден жакшылык отун (орусчасы – благодатный огонь) алып келип таратууда. Бул от Иерусалимден Москва аркылуу Ташкенге жеткирилген.

Орто Азия митрополити Владимир бул от Пасха күнү Иерусалимдин ыйык Храмында таң калычтуу пайда болот деди:

- Тарыхта деле белгилүү, динибизге ишенбеген оорулуу адамдар да ушул оттон даба табышкан. Бул от храмда өзүнөн-өзү жок жерден жаралат. Демек Жараткандын күчү менен жаралат. Адамдын колунан же жердеги нерседен пайда болбойт. Ошондуктан “жакшылык оту” деп аталат.

Жакшылык оту 15-апрелде Орус православдарынын борбордук чиркөөсүндө Жаратканга табынуу каадасы менен таратыла баштады. Иерусалимден келген оттон шамдарын күйгүзүп, ошол шамдарды каалоочулар өчүрбөй үйлөрүнө алып кетет.

Чиркөөдө биз жолуктурган Анастасия жакшылык оту жөнүндө буларды айтты:

- Иерусалимде Пасха башталганда эле күтүүсүздөн жарык пайда болуп – ушул от көрүнөт. Өзүнөн-өзү жаралат.

Сөздү Мария улады:

- Мен бул отту үйүмө алып кетем. Оору-сыркоодон сактайт. Жакшылык алып келет.

Биз Кыргызстанга жакшылык отун алып келген митрополит Владимирди сөзгө тартып, оболу кан төгүлгөн апаат жөнүндө сурадык:

- Көкүрөктүн бул жарааты бир жылда эле кетпейт. 80ден ашык киши өлдү. Бир тобу катуу жаракат менен ооруканада. Эптүүлөй күнөөгө батты - биринчи ок чыгарган адам. Ким күнөөлүү экендигин мен азырынча билбеймин. Аркы өйүзү, берки өйүзү беш жыл мурда Акаевге каршы болуп, кучакташып эле жүрүшчү да. Баарысы кол кармашып келаткан сүрөтү да бар.

Митрополит Владимир кандай гана чалкеш маселе болбосун - тынчтык жол менен чечилиши керек деп эсептейт:

- Мен апрелдин сегизинде гезит аркылуу "маселени үстөлгө олтуруп, сүйлөшүү жолу менен чечкиле" деп кайрылгам. Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Курал менен маселени чечүү – таптакыр орунсуз. Бирок мени ошондо деле, азыр деле эч ким укканы жок. Азыр да эки тарапты жолугуп, бетме-бет сүйлөшүүгө чакырам.

Христиан дин өкүлдөрү кыргызстандыктарга кайрылуу менен чыгаары да айтылууда.

XS
SM
MD
LG