Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:18

Кыргызстанда майдын он жетисине чейин тополоң болуп кетиши мүмкүндүгү тууралуу кеп-сөздөр эл арасын аралап, айрым саясий ишмерлер өлкөдө кайрадан бийлик алмашып кетүү коркунучу бар экенин айта башташты. Кыргызстанда абалдын дагы да курчушуна, кайрадан бийликтин кулатылышына негиздер барбы? Мындай маалыматтар атайын чагым чыгаруу максатында жасалып аткан жокпу? Бул жерде тышкы күчтөрдүн тиешеси барбы?

7-апрелдеги кандуу бийлик алмашуудан кийин Орусия биротоло Кыргызстандагы таасирин бекемдөө планын ишке ашыра баштады. Мындай пикирин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып саясий серепчи Табылды Акеров билдирди. Анын айтымында, өзү кыргыз орусиялык жаран генерал Бахтияр Аливдин билдирүүсү, Убактылуу өкмөттөгү экинчи адам Алмазбек Атамбаевдин орусиячыл саясатчы экендиги тууралуу сөздөрү, Орусия кошулуу демилгелери, ж.б. ушул сыяктуу процесстер ушундай ойго түртөт.

Орусиянын коопсуздук кызматында иштеген генерал Б.Алиев 11-май күнү кайрылуу жасап, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди сүрөп чыкты. Анын айтымында Кыргызстан ушул тапта күчтүү бийлик, күчтүү кризис менеджерге муктаж болуп турат. Ушундан улам Н.Түлеевди Орусия көкүтүп аткан жокпу деген шектенүүлөр пайда болду.

Т.Акеров

Т.Акеровдун пикиринде, Орусиянын коопсуздук кызматында иштеген адам мындай билдирүүлөрдү уруксатсыз же көрсөтмөсүз жасабайт эле. Ошондуктан бул жерде “Кыргызстан батышка ыктап кетет” деп чочулаган Орусия - саясат жасап атат:

- Азыркы өкмөтүн мүчөлөрү арасында Роза Отунбаева, Эдил Байсалов сыяктуу адамдар эл аралык коомчулукта таанылып калган да. Алмазбек Атамбаевди Түркияда жакшы таанышат. Ошондуктан Орусиядагы саясатчылар сереп салып, баамдап, чочулап турушат. “Булар өлкөнү кайсы багытта алып кетишет...” деп. Ошого жараша иш жүрүп атат.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, Убактылуу өкмөт өтө чоң каталарды жасап атканын, өлкөдө үчүнчү ыңкылап болуп кетиши мүмкүн экенин айтууда. Ал да Б.Алиев сыңары Кыргызстанды күчтүү бийлик гана сактап каларын айтууда:



Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды жөнгө сала албай калды деген башка түрдүү күчтөр да чыга баштады. “Бүтүн Кыргызстан” партиясын түзгөн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров да ушундай кайрылуу жасады. “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси жана мурдагы премьер-министр Феликс Кулов болсо өздөрүн “Коомдук коопсуздук кеңеши” деп атаган топту жетектеп, кырдаал чыңалып кетиши мүмкүндүгүн, андыктан көптөгөн ыктыярчыларды бириктирип, жарандарды коргоо керектигин айтышууда. Т.Акеровдун баамында, мындай пикирлерди 7-апрелден кийин бийлик тийбей калган күчтөр, радикалдык уюмдар жайылтып атышат.

Ошентсе да Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн талашып-тартышканы, алардын ар кыл күчтөрдөн куралганы тескерисинче жакшы экенин айткандар бар. Профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, азыркы парламенттик багытты колдоо керек. Анын үстүнө учурда күздө өтчү шайлоолордун таза өтүүсүнө чоң ишеним пайда болду.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин аппарат башчысы Эдил Байсаловдун айтымында, тышкы күчтөр Кыргызстанды талашып атат дегенге негиз жок. Убактылуу өкмөт да бардык тышкы күчтөр менен мамиле бузбай, Кыргызстандын кызыкчылыгына таянган саясат жүргүзүүдө:

М.Ниязов

- Жакында үчүнчү жолу дагы бир жолу бийлик алмашуу болуп кетсе, ал дагы объективдүү болот. Анткени убактылуу өкмөт ишин туура жүргүзө албай атат. Маселен, кадрдык маселеде. Андан тышкары бүгүн бизге конституция маселесинин бизге кажети жок. Кыргызстанды оор кырдаалдан конституция чыгарып кете албайт. Булар конституция менен элди алаксытабыз деп атышат. Ушундай оор кырдаалда референдум, андан кийин шайлоолор да да өтпөй калышы мүмкүн. Себеби буларды өткөрүү үчүн саясий стабилдүүлүк болушу керек, баары мыйзам чегинде болушу керек.

Э.Байсалов


- Кыргызстанды талашкан күчтөр жок. Орусия, Кытай же Акш болобу бизди эч ким талашкан жок. Булардын баары бизге ийгилик тилеп, колдон келишинче жардам кылып атышат.

Анткен менен Кыргызстанда кокус кайрадан баш аламандыктар пайда болсо Орусия аскер киргизиши мүмкүн деген чочулоолор кала берүүдө. 7-апрелден кийин Орусия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланып кетиши мүмкүндүгүн, абал курч экенин айтып, Коргоо министрине Кыргызстандагы Орусиянын жарандарын жана объектилерин коргоого тапшырма берген болчу. Ага куйрук улаш АКШ, Европадан делегациялар келип, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүштү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ири атаандаш державалар болгон АКШ менен Орусиянын аба базалары жайгашкан.

Чоң оюндун очогунда

19-кылымда Борбор Азияны каратуу максатында Улуу Британия менен Орусия империясынын ортосунда ири атаандаштык жүрүп, тарыхта ал Чоң оюн (The Great Game) деп аталып калды. Анын жыйынтыгында түндүктөн келген орус армиясы Борбор Азиядагы көчмөндөрдү басып алса, Индия тараптан чыккан британ армиясы Ооганстанга чейин келип калган эле. Бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү ошол 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап ушул күндөргө чейин эле Москванын таасири алдында келатат. 1917-жылы Орусия империясынын кулашы, 1991-жылы СССРдин ыдырашы да көчмөндөрдү орус таасиринен куткара албады.

Азыр да Кыргызстанда болуп аткан окуяларда Орусиянын колу олчоюп көрүнүп турат. Илгертен экономикасы, саясаты көп жагынан Москвага көз каранды болуп келген Кыргызстан жыйырма жылдай убактан бери баалуулуктарын, багытын алмаштыра албай келатат.

19-кылымдагы Чоң оюндан айырмасы, Улуу Британиянын ордунда азыр АКШ турат. АКШ 2001-жылдан кийин Ооганстанга аскерин киргизип, Кыргызстанга аба базасын жайгаштырууга жетишкен. Ошентсе да АКШ баштаган күчтөр көбүнэсе демократиялык баалуулуктарды пропагандалоо менен чектелип, ушул күнгө чейин чөлкөмдү Орусиянын таасиринен чыгара алышпады. Ал эми Орусия түркүн түстүү саясат кылып, чөлкөмдөгү таасирин колдон чыгарбады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG