Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Хижабчан кыз-келинден чочулаган чүпүрөктөн коркобу?


Кыргызстандын Жалал-Абат шаарында хижабчан кыздар көзгө учурайт.

Кыргызстандын Жалал-Абат шаарында хижабчан кыздар көзгө учурайт.

Айрым өлкөлөрдө мусулман кыз-келиндердин дене-боюн чүмкөгөн хижаб кийип жүргөнү диний эмес, саясий көрүнүштөй кабыл алынат.

Францияда маселен, ушул аптада башталган улуттук насил-нарк тууралуу коомдук талкуу иммигранттардын көчөдө хижаб кийип жүрүшүнө тыюу салышы мүмкүн. Иранда аны кийбей жүргөн кыз-келиндер жоопко тартылат.

Тажикстандагы медреселердин биринде окуган 20 жаштагы Маржона көчөдө хижаб кийип жүрүүнү жандилинен кааларын, бирок ага мыйзамдар жол бербей турганын айтып кейийт.

- Мен бала кезимден эле хижаб кийип жүргөндү кыялданам, бирок мектепке антип барууга уруксат жок.

Тажик бийликтери мектеп, медресе жана башка билим берүү жайларында хижаб кийүүгө тыюу салган, бирок Маржона билим алып бүткөндөн кийин көчөдө каалагандай кийинип жүрө алат.

Далай мусулман кыз-келиндер антип, өз каалоосу менен хижаб кийүүгө куштарлыгын айтканы менен, Францияда маселен андай кийим аялдардын укуктарын бузат деген пикир күчтүү. Бир ирет француз президенти Николя Саркози бети-башын чүмкөнгөн мусулман аялдар “көшөгө артында камалган туткундар, алар коомдук турмуштан обочолонуп, өзүнүн жеке өзгөчөлүгүн жашырууга мажбур” деп айтканы бар.

Америкалык антрополог, “Эмне үчүн француздар жоолукту жаман көрөт?” аттуу китептин автору Жон Боуэн – исламдык экстремизмден чочулаган Саркози кийимден да кынтык тапканы туура эмес деп эсептейт. “Аялдардын жоолук салынганы – аларды эзип-кыйноонун белгиси дегендер жаңылышат. Бул жөн эле куру сөз”, - дейт изилдөөсүн илгерилетиш үчүн андай айымдардын далайы менен узакка маектешип сырдашкан Боуэн.

Француздар окуу жайларда узун жоолук (хижабдын жеңил түрү) салынып жүрүүгө тыюу салышкан. Жакында андан да ары кетишип, парламент мүчөлөрү бассейндерде мусулман аялдар узун көйнөкчөн сууга түшкөнү туура эмес, гигиеналык талаптарга каршы келет деп жаңы маселе көтөрүштү. Ушул жумада француз парламентинин тийиштүү комитети улуттук нарк-насил маселесин талкуулап, анын алкагында көчөдө хижаб кийип жүрүүгө тыюу салууну сунуш кылаары күтүлүүдө.

Советтер Союзу маалында атеисттик идеологияга сугарылган Борбор Азиядагы беш өлкөнүн өкмөттөрү диний иштерди тыкыр көзөмөл астында кармоого аракет кылып келатат.

Өзбекстанда жакында окуу жайларда хижаб кийип жүрүүгө тыюу салынды. Сентябрдын башында белгиленген көз карандысыздык күнү бийликтегилер аялдардын исламдык эрежеге ылайык дене-боюн чүмкөгөн узун хижабчан көчөгө чыгуусуна тыюу салды, анткени андай кийим астына бомба катып, же курал-жарак жашырып жүрүү коркунучу бар экен, - деп эскертишти бийликтегилер. Аны уккан мусулман аялдар үчүн модалуу кийим бычкан дизайнер Ахеда Занетти чүпүрөктөн корккон жетекчилерди күлкү аралаш сынга алат.

- Керек болсо, азыр бомбаны ич кийимге катып алса деле болот. Бомбалар аябай чакан жана күчтүү болуп калбадыбы. Анда ич кийимге деле тыюу салып коюшпайбы, - деп өз тамашасына өзү маашырланат дизайнер Занетти.

Лондондо чоңоюп, азыр ал жердеги окуу жайлардын биринде окуган кыргыз кыз Бегайым Индия, Пакистандык курбуларын туурап, “мен деле мусулман эмесминби, хижаб кийип өз диний өзгөчөлүгүмдү ичтен сезип көрөйүн” деп бир нече жума бою дене-боюн чүмкөнүп жүргөн тажрыйбасын баяндайт. “Күн ысып, аягында чыдабай кеттим, ага да көнүш керек экен. Бирок хижабчан жүргөндө элдин мамилеси таптакыр өзгөрүп, менден кооптонуп турушкандай сезилди”, - деп күлө эстейт. Бегайым ал үчүн хижаб кийип, мусулман курбулары кандай абалда экенин жон териси менен сезип көргөнү чоң турмуштук тажрыйба болгонун белгилейт.

Кыз-келиндер жалаң жихабчан жүргөн арап өлкөлөрүндө азыр андай кийимдин ар түрдүү түстөгү, түркүн кездемеден даярдалган, көзгө кооз жана жагымдуу көрүнгөн түрлөрү даярдалууда. Андыктан дизайнерлер жана жалпы аялдардын укуктары менен адистешкен активисттер мусулман кыз-келиндерди жайына коюп, каалагандай кийинип жүрүшүнө уруксат берилгени оң, ар бир адам өзүнүн жеке улуттук, же диний өзгөчөлүгүн кандай жол аркылуу табууну өзү тандашы керек деген пикирин айтышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG