Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

НАТО өзүнө талапкер өлкөлөрдү таразалайт


НАТОнун баш катчысы Андерс Расмуссен (оңдо) Грузиянын тышкы иштер министри Григол Вашадзе менен жолугушту. Брюссел, 3-декабр, 2009-ж.
НАТОнун баш катчысы Андерс Расмуссен (оңдо) Грузиянын тышкы иштер министри Григол Вашадзе менен жолугушту. Брюссел, 3-декабр, 2009-ж.

НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулуп, АКШнын жаңы ооган стратегиясын, Черногория менен Босния-Герцеговинаны келечекте кошуп алуу пландарын талкуулап жатышат.

Андан сырткары алар НАТОго кошулууга умтулуп келаткан Грузия жана Украинанын тышкы иштер министрлери менен өзүнчө жыйын өткөрүшөт.

Жыйынды утурлай шаршембиде НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бардык өлкөлөр боюнча чечим алардагы абалга жараша кабыл алынат деп белгиледи.
“Черногория менен Босния-Герцеговина экөө тең НАТОнун Мүчөлүк аракеттер планына кошулууга арыз тапшырышкан. Министрлер алардагы ал-ахвал, жетишкендиктерди, бул планга кошулуш үчүн тийиштүү реформалар ишке аштыбы деген маселелерди карап чыгып, ошого жараша чечишет”, - деди баш катчы.

Эксперттердин баамында, Черногория бул маселеде көп кыйынчылыкка туш болбой өтүп кетчүдөй. Српска Республика жана мусулман-хорваттар Федерациясы деп ич ара экиге бөлүнүп алган Босния ички араздашуу, туруксуздуктан улам НАТОго кошулуу планына мүчө болууга даяр эмес деген пикирди Германия, Франция жана Британия билдиришкен.

Түркия, Испания жана Балкандагы шериктери Боснияны НАТОнун Мүчөлүк аракеттер планына кошууну колдогон сүрмө топто. Алар Түндүк Атлантикалык альянс Сараевону бул маселеде колдоп берсе, Босния жана жалпы чөлкөмдөгү жагдайды турукташтырууга салым кошмок деп эсептешет. Айрым эксперттер бул маселени АКШнын көз карашы өз тарабына оодарып кетиши мүмкүн, буга чейин Вашингтон азырынча Босния даяр эмес деп келгенин эске салышат.

Бейшембиде НАТОнун тышкы иштер министрлери альянска кошулууну көздөгөн дагы эки өлкө - Украина менен Грузиянын башкы дипломаттары менен өзүнчө жыйын өткөрүшөт. Алар тууралуу НАТОнун баш катчысы Расмуссен: “Бухаресттеги жыйында бул эки өлкөгө жүктөлгөн милдеттер дале күчүндө. Украина менен Грузия кааласа, биздин стандарттарга туура келгенде НАТОго кабыл алынат. Азырынча альянс ар дайым колдоп келаткан алардагы реформанын жүрүшүн талкуулайбыз”, - деп чечмеледи.

НАТО үчүн ушу тапта Орусия менен стратегиялык алакаларды жөнгө салуу – башкы маселелердин бири, ал эми Москва Украина менен Грузиянын Түндүк атлантикалык альянска кошулушуна караманча каршы. Мындай кырдаалда Москва менен тирешүүдөн майнап чыкпаарын көпчүлүк Батыш Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын жетекчилиги эп көргөндөй.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG