Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Эки Корея Сары деңизде атыша кетти


Түштүк Кореянын аскердик кемелери жогорку даярдыкка келтирилди. 10-ноябр, 2009-ж.
Түштүк Кореянын аскердик кемелери жогорку даярдыкка келтирилди. 10-ноябр, 2009-ж.
Сеулдун өкүлдөрү Түндүк Кореялык кеме деңиз үстүндөгү талаштуу аймакты кесип өтүп кеткендиктен, эскертүү огун ачууга аргасыз болгонун айтышат. Ага жооп иретинде Пхеньяндык кемеден атылган ок деңиздеги атышууга алып келди.

Түндүк жана Түштүк Кореялык кемелер ортосундагы атышуу бат эле аяктады, бирок суу үстүндө чачыраган октун үнү жана түтүнү далай жерге тарады. Натыйжада Сеулдук кайгуул кайыктын ар кайсы жерин ок тешип, Пхеньяндык кемеде өрт чыгып, олуттуу жаракат алды.

Түштүк Кореялык армия генералы Ли Ки Шик Түндүк Кореялык кеме эскертүү огу атылганына карабай, талаштуу аймакты кесип өтүп, арылап кете бергени адаттан тышкаркы окуя болгонун айтат. “Биз алар деңиздеги чек арага чукулдап калганда эки жолу, сызыктан өтүп тереңдеп кетип баратканда дагы 3 жолу эскертип асманга ок аттык”, - дейт генерал.

Кайра тарткандын ордуна Түндүк Кореялык кеме Сеулдук кайгуул кайыгын көздөй тикелей ок жаадырып, ортодо атышуу чыга келген. Пхеньяндык кеме анда өрт чыккандан кийин гана артка бурулган, Түштүк Корея тарап атышуудан алардын аскерлери жабыр тартпаганын, каршылаш жактан кандай чыгым болгону тууралуу маалымат жоктугун айтат.

Бир элди экиге бөлгөн Сары деңизде эки Кореянын аскерлери минтип ок атыша элегине жети жыл болгон. 2002-жылы азыркыдан чоңураак кемелер ортосунда уруш чыгып, сууга чөккөн Түштүк Кореялык кайыкта алты аскер набыт болгон. Кабарларга караганда, Түндүк Корея тарап анда 13 аскеринен айрылган.

Бүгүнкү окуяны айрым эксперттер Пхеньян атайлап уюштурган чагым катары баалашууда. Анткени АКШ президенти Барак Обама Чыгыш Азияны кыдыруу сапарына чыгаарына эки күн калды, жолдо ал Сеулда да токтойт, балким, ошондон улам Түндүк Корея жетекчилери Обамага өзүлөрү тууралуу жакшылап эскертип койгусу келгендир, - дешет байкоочулар. Буга чейин да Пхеньян дипломатиялык кысым көрсөткүсү келгенде, Корей жарым аралында кырдаалды курчута коюуну эп көргөн учурлар боло жүргөн. Быйыл Түндүк Корея өзөктүк программасы боюнча алты өлкө катышуусундагы сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратты, анын ордуна өзөктүк программасын өз алдынча өнүктүрүү ишин улантты, баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөрүп, узак аралыкты мелжеген жаңы ракеталарын аттырып көрдү.

Азырынча расмий маалымат айтылбаганы менен, Вашингтондук гезиттер Барак Обама Пхеньяндын сунушуна көнүп, Түндүк Корея менен түздөн-түз сүйлөшө турган атайын чабарманын жөнөтүүгө макул болгонун кабарлашты. Стивен Босворт аттуу ал чабарман Пхеньянды кайрадан алты тараптуу талкууну улантууга көндүрүү озуйпасын аркаламакчы.


  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG