Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

"Тынч" атомдун тыйылбас кесепети


Казакстан - Семейдеги атом сынагынан улам пайда болгон көл.

Казакстан - Семейдеги атом сынагынан улам пайда болгон көл.

"Кансыз согуш" жылдарында АКШ менен Советтер Союзу тынчтык максаттар үчүн жүз элүүдөн ашуун атом дүрмөттөрүн жардырышкан. Бул сынактардын кыянатынан башка кылайган да пайдасы болгон эмес.

АКШда атом энергиясы боюнча комиссия тынчтык максаттардагы сынактардын программасын 1958-жылы жарыялаган. Анын авторлору атом дүрмөттөрүн жардыруу аркылуу какыр жерлерде өстөн салып, жасалма көлдөрдү жасаса, дарыяларга көтөрмө тургузуп,деңиздерде порт курса болот,капкалуу кендер оңой казылат, жер алдында мунай, табыгый газ сактаган кампалар жаралат деп пландашкан.

Бирок көп өтпөй Вашингтон менен Москва ядролук сынактарга үч жылга тыюу салган келишим түзүшөт. Анын мөөнөтү аяктаган соң 1961-жылы АКШ Нью-Мексикого жакын таш тузу табылган жерде үч килотоннага барабар келген дүрмөт жардырат.

Илимпоздор жарылуу маалында пайда болгон бууну жылуулукка айлантып,андан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүн текшерип көрмөк болушкан. Бирок сынак учурунда уюлгуп түтүн пайда болуп, абага ууланган буу жана радиоктивдүү материалдар тарап кеткен.
Анын соңунан АКШ он эки жыл ичинде 26 ирет атом сынагын өткөргөн. Алардын пайдасынан экономикалык жана экологиялык зыяны өтө көп болгондуктан акыры 1975-жылы программа жабылган.

Советтер Союзунда болсо эл чарбасына арналган атом сынактары № 7 деп аталган жашыруун программага ылайык 1965-жылы башталган. Алардын көбү Казакстандын түндүк-чыгыш ыптасындагы Семей (Семипалатински) аймагында жасалган. Полигонго жуук жерлерди байырлаган калкты башка жактарга көчүрүү жагы,жардырылган дүрмөттөрдүн табигый чөйрөгө,атмосферагага, элдин ден-соолугуна тийгизер салакасы эске алынган эмес.

Биринчи мерте атом дүрмөтү 1965-жылы 15-январда Семейдеги Чаган жана Ашу-Суу дарыяларынын белчиринде жардырылган. Анын өлчөмү 140 килотоннага жеткен жана Хиросимага ташталган атом бомбасынын күчүнөн он эсе көп болгон. Дүрмөт жарылган жерде 430 метр кеңдикте өлүк көл пайда болгон. Аны кийин жергиликтүү тургун эл,айрыкча Саржал кыштагынын калкы "атом көлү" деп атап коюшкан.

Саржалдыктар кырк жылдан ашуун мезгил өтсө да атом сынагынын кесепет-кесиринен азар тартып келатышат. Жүрөк дартынан, кан басымынан мээсине кан куюлуп каза болгондор, тубаса майып төрөлгөн балдар арбын катталат.

"Биздин абалыбызды ойлогон адам жок. Саржал деген кыштак картада да болбосо керек, өлүк полигондун бир ыптасына айландык. Бу жерде тиричилик жок деп ойлошу мүмкүн жогору жактагылар",-дейт саржалдык Кайраш Маденов.

"Тынч" атомдун тыйылбас касирети тийген кыштак жалгыз ушу Саржал эмес.Жыйырма жыл ичинде илимпоздор Советтер Союзунун башка да 100дөн ашуун аймагында ушундай сынактарды жасашкан, алардын отузу Казакстанда, беши – Семейде өткөрүлгөн.

Советтер Союзунун № 7 программасы жалпы бардык ядролук сыноолорго тыюу салган конвенцияга байланыштуу 1989-жылы жабылган. Ага чейин атом куралдарын өркүндөтүү максатында эле атмосферада,жер алдында жана жер үстүндө 400дөн ашуун сынактар жасалган.
XS
SM
MD
LG