Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Обама-Клинтон: Атаандаштан дос артык


Жаңы шайланган президент Барак Обама мурдагы атаандашы Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчы кызматына көрсөтүп жаткан кези
Жаңы шайланган президент Барак Обама мурдагы атаандашы Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчы кызматына көрсөтүп жаткан кези

АКШда президент катары тандалган Барак Обама партиялаш атаандашы болуп келген Хиллари Клинтонду мамлекеттик катчынын кызматына көрсөттү. Эми алар бирге иштей алышабы?

АКШнын Сенаты эми Хиллари Клинтондун талапкерлигин жактырса – ошондой эле болот деп күтүлүп жатат – анда Хиллари Клинтон АКШнын негизги дипломаты болуп калат жана Обаманын тышкы саясаттагы максаттарына толугу менен баш ийиши керек болот.

Бирок алар экөө бирге иштей алышабы?

Иштей алышат, - дейт Нью-Йорк мамлекеттик университетинде саясат илимдери боюнча изилдөөчү, профессор Роберт Спитзер, - бирок айрым түшүндүрмөлөр менен.” Анын шекшигени эле Обама менен Хиллари натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүш үчүн бири-бирине анча туура келе бербеши мүмкүн. Спитзердин оюнда, Клинтон азыркы милдетинин түпкү маанисин, ал өзү эмнеге баратканын жакшы билет, бирок анын Обама менен буга чейинки атаандаштыгы, бири-биринен ачык айырмаланган мүнөздөрү айрым маселелерди жаратышы ыктымал.

Жаңы президент Б. Обама Х.Клинтонду мамлекеттик катчынын кызматына көрсөткөндөн кийин
Бул эки саясатчынын мамилеси, Спитзердин ишениминде, “өзгөчө мааниге” ээ.

- Хиллари Клинтон абройлуу жана таасирдүү мамкатчы болуш үчүн Обама администрациясынын жана Обаманын өзүнүн толук ишенимине кириши керек. Ал президенттин өзү менен түздөн-түз байланышка чыгууга укук алып, тышкы саясат боюнча өзү киргизген сунуштар президент тарабынан туура каралышына жетишиши зарыл. Бирок тышкы саясатта да акыркы чечимди баары бир президент кабыл алаарына макул болушу абзел.

Президенттикке жете албаган Клинтон үчүн мамкатчылык деле дурус эле компенсация болду, - дейт Спитзер. Андан сырткары, Клинтон дурус эле прагматик, эми өзүнүн эмес, Обаманын тышкы саясатын жүргүзүшү керек экенин деле билет.

Анын айткандарына Вашингтондогу саясий изилдөөлөр боюнча менчик борбордо иштеген Микаель О’Ханлон да кошулат. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал мындан ары Обама менен Клинтондун мамилеси жакшы жакка өнүгөт деп билээрин айтты.

Обаманын “атаандаштар командасы”

Клинтон Обамага жеңилип калгандан кийин, 26-августта демократиялык күчтөрдү эми Барак Обамага добуш берүүгө чакырды. Обама Клинтондун кайрылуусун угуп олтурат.
Анын айтымында, Обаманын бул жолку чечиминде тарыхтын да оорду бар. Обама АКШнын мурдагы президенттеринин арасында Абрахам Линкольндун башкаруучулук мезгили тууралуу “Атаандаштар командасы” деген китепти жакшы окуп чыккан. Анда айтылгандай, 19-кылымда АКШнын лидери мыкты саясатты жүргүзүш үчүн өзүнүн кабинетин саясий атаандаштарынан түзгөн. Китепте Линкольн Мамлекеттик катчынын кызматына атаандашы Уиллиам Сювардды коюп, кийин алар экөө дос болуп калганы баяндалат. Обама да Клинтон менен мамилесинен ошону күтүп жатса керек.

- Менимче, Обама азырынча Клинтондон анчалык жакын достук мамилени күтпөсө да, начар мамиледе болууну каалабайт. Менимче, ал Клинтон менен алакаларында атаандаштык азыр эмес, алар мурда басып өткөн көрүнүш катары каралышын каалайт.

А эгер бир күн болбосо бир күн Обама менен Клинтон тышкы саясаттагы маанилүү маселе боюнча бири-бирин такыр түшүнүшпөй калышса, Обама Клинтонду оңой эле кызматтан алып коет, - дейт О’Ханлон.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG