Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Обама: "Тарых - эркиндик тарапта"


АКШ президенти Барак Обама Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында экинчи ирет дүйнөлүк коомчулукка кайрылып сөз сүйлөдү. Бул жолу ал дүйнөдөгү эркиндикти коргоо маселесин козгоду.
АКШ президенти Барак Обама Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында экинчи ирет дүйнөлүк коомчулукка кайрылып сөз сүйлөдү. Бул жолу ал дүйнөдөгү эркиндикти коргоо маселесин козгоду.

АКШ президенти Барак Обама Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясындагы сөзүндө өз администрациясынын тышкы саясаттагы жаңы багыттарын баяндады жана адам укуктарынын, адилеттиктин жана демократиянын коргоочусу катары АКШнын ролун баса белгиледи.

Муну ал дүйнөдөгү коопсуздукту жана экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу максаты менен байланыштырды.

"Бу жердеги идея жөнөкөй – бул эркиндик,- деп түшүндүрдү Обама. - Жер шарындагы адилеттик жана тынчтык ар бир адамдын турмушундагы эркиндиктен, адилеттиктен жана бейпилдиктен башталышы керек. АКШ үчүн бул маселе моралдык жана прагматикалык зарылдык болуп саналат".

"АКШ дүйнөдөгү эркиндиктин тарапкерлерине колдоо көрсөтөт"

Президенттик кызматынын башталышында Обама адам укуктары менен демократиянын маанисин өз өкмөтүнүн тышкы саясатындагы түпкү негиздердин бири катары мынчалык баса көрсөтүп айткан эмес. Бейшемби күнкү сөзү менен Обама бул маселе Вашингтон үчүн алдыңкы планга чыкканын таасын сездирди.

Обама "тарых эркиндик тарапта" экенине бекем ишенич билдирип, "АКШ дүйнөдөгү эркиндиктин тарапкерлерине колдоо көрсөтөт" деп убада берди. Мурдагы экономикалык солгундоолор маалындагыдай эле бүгүн да айрымдар кыска мөөнөттүү стабилдүүлүккө жетишкени адам укуктарын четке сүрүп салышканына токтолуп, Обама "экономикалык өсүштү эркиндикти чектөө аркылуу камсыз кылууга болот" деген түшүнүктү түп орду менен четке какты. "Лидерлер бийликтеги чектелген мөөнөттөрүн узартып, жаранчыл коомго кысым жасап, коррупция ишкерликти жана майнаптуу башкарууну муунтуп жатканын, демократиялык реформалар белгисиз мөөнөткө токтоп калганын көрүп турабыз", -деп белгиледи Обама.

Обама "ачык экономика, ачык коом жана ачык өкмөт" гана "прогресстин бекем негизи" болорун тарыхый тажрыйба тастыктаганын эске салып, "Америка ушундай ачыктыкты эш туткан дүйнө түзгөнгө умтуларын" бышыктады. "Ичтен ирип-чириген жабык же коррупцияланган экономика адамдын күч-жигерин жана жаңычылдыгын эч качан басып салбашы керек".

Жаранчыл коомду "элдин абийири" деп атап, Обама Америка дайыма чет элдик өкмөттөр менен гана эмес, карапайым жарандар менен да карым-катнаш түзөрүнө ишендирди. АКШ "идеяларды басып жаткандарды да, үн катпастардын үнү болуп алгандарды да" атынан атап, көрсөтүп турат. "Адамдар өз ара эркин пикир алышып турсун үчүн байланыш каражаттарынын жаңы ыкмалары" сунуш кылынат, бул жадакалса "репрессивдүү коомдордо да коопсуз шарттарда жасалат".

"Америка өзү умтулган дүйнөнү жалгыздап кура албайт"

Обаманын айтымында, дүйнөдөгү бардык өкмөттөрдүн адам укуктары чөйрөсүндөгү жоопкерчилиги жана отчеттуулугу башкы орунда турууга тийиш. Адам укуктарын сактоодо Улуттар Уюму, анын мекемелери өзгөчө рол ойношу керек. Обама ушул оролдо жаранчыл коомдун укуктарын камсыздап, аларды бир өлкөнүн чегинде эле эмес, жалпы бардык жерде өнүктүрүүнү кепилдей турган нормаларды кабыл алуу, алардын аткарылышына натыйжалуу байкоо жүргүзүү механизмдерин түзүү зарылдыгына токтолду.

Соңку он жылдыкта Түштүк Африкадан тартып Түштүк Азияга, Чыгыш Европадан тартып Түштүк Америкага чейинки аймакта тоталитардык режимдерден чыккан өлкөлөрдүн жарандарына кайрылып, Обама "Америка өзү умтулган дүйнөнү жалгыздап кура албай турганын" эске салды. "Бизге силердин үнүңөр керек",- деп айтты Обама жана аларды "диссиденттерди түрмөгө салып, нааразылык демонстрацияларына чыккандарды сабап жатканда кайдыгер карап турбаганга" чакырды. Анткени "ар бир адам өз эркиндигин башкалардын эркиндигин коргоо аркылуу камсыз кыла алат".

Президенттин жардамчылары Обаманын бейшемби күнкү сөзүн прагматикалык маанайда баалап, ал баарыдан мурда өнүгүп жаткан демократия өлкөлөрүндөгү эркиндикти жана адам укуктарын бекемдөөгө багытталганын белгилешти. Сынчылар болсо Обаманын сөзүндө белгиленген саясатты анын администрациясы практикада жүзөгө ашыра аларына күмөнсүнүү билдиришти.

Айрымдар мунун биринчи жышаандарын Обаманын Азербайжандын жана Кыргызстандын президенттери Илхам Алиев жана Роза Отунбаева менен жолугушууларынан улам байкаса болот дешти. Бакудагы режимди саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер чөйрөсүндө эл аралык укук коргоочу уюмдар өтө төмөн баалап жүрүшөт. Кыргызстанга болсо алар быйыл жайдагы улут аралык кагылыштардын себептерин так териштирип, адилет сот иштерин камсыз кыла алат деп ишене беришпейт.

XS
SM
MD
LG