Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Обаманын визити, АКШ-Россия алакасынын мааниси


АКШ-Россия мамилесинин өнүгүшү канчалык деңгээлде Грузияга байланыштуу? Россиянын эларалык проблемаларды жөндөөдөгү орду кандай? Президент Барак Обаманын Иран саясатынын өзөгү эмнеде? Бул суроолорго конгрессмен-демократ Роберт Векслер өткөн аптада “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкеңсесинде болгондо жооп берди.

Көпчүлүк байкоочулар АКШ-Россия мамилесинин чордонунда Грузия турат, ошон үчүн президент Барак Обама келерки аптада Москвада президент Дмитрий Медведев менен жолугушканда сөзүсүз Грузия темасы талкууланат деп ишенишет. Анткени АКШ башындагы Батыш өлкөлөрү экс-советтик мейкиндикти Россиянын кызыкчылыгындагы аймак деп тааныгандан баш тартышкан.
Флоридалык конгрессмен-демократ Роберт Векслер “Азаттыкка” берген интервьюда Обама Россияга эки өлкө арасындагы кызматташуу үчүн маанилүү проблемалар боюнча сүйлөшкөнү баратканын айтты:

- Албетте Грузиянын мааниси чоң. Биз, Россия Грузиянын күнкорсуздугуна каршы кадам жасоосун ачыктан ачык каалбайбыз жана андай иштерди болочокто да ынанбайбыз. Бирок Америка-Россия алакасы эсеп жеткис иштерди камтыйт. Россия Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдө өтө чоң мааниге ээ... Россия балким болочокку Израил-Палестин, Израил-Араб сүйлөшүүлөрүндө маанилүү оюнчу болот. Энергетика коопсуздугу үчүн да Америка-Россия мамилеси абдан маанилүү.

Векслердин баамында, президент Буш тушунда АКШнын Чехия жана Польшада ракетадан коргонуу системасыны жайгаштыруу планы Вашингтон менен Москваны тирештирип турса, азыр абал башка. Учурда Россиянын анти-ракеталык программага катышуу мүмкүндүгү талкуулана баштаган. Эки өлкөнүн ядролук куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүсү ийгиликтүү болсо, башка да олуттуу эларалык проблемаларды жөндөө тездетилмек, дейт конгрессмен Векслер:

-...биз эгер ядролук куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүдө ийгиликке жете алсак, анти-ракеталык коргонуубу, Ирандын ядролук программасын токтотуубу, отун-энергия коопсуздугубу, Грузиябы, болочокку НАТОнун кеңейүүсү же НАТОнун айрым аймактардагы ролубу, айтор ушул сыяктуу талуу маселерди чечкенге мурдакы жылдарга караганда жакшы өбөлгө түзүлмөк.

Роберт Векслер “Азаттыка” берген интервьюда, өткөн жумада Барак Обама Ирандагы толкундоолор - шайлоону бурмалоолордун натыйжасы экенин бир нече ирет ачык айтканына токтолуп, анын Ирандагы кырдаалга туура баа берип жатканына көңүл бурду:

- Обаманын саясаты ырасында эле эми түптөлүп келатат. Президент чынчылдыкты, калыстыкты, ачыктыкты, сергек анализди жана токтоолукту туура баланстап пайдаланууда деп ойлойм. Мурдакы тажрыйбага кайрылсак, Советтер Союзу жарака бергенинин алгачкы белгилери пайда болгондо, ал кездеги президент Буш алдастап барды. Ал акыл калчап, кырдаалды туура аңдады жана Американын түпкүлүктүү кызыкчылыктары, ошондой эле адам укугу сыяктуу сыяктуу баалуулуктарды алдыга коюп сүйлөдү. Тарых, менимче, Буш ошондо өзүн өтө жоопкерчиликтүү алып жүрдү деп баалайт. Мен өткөн эки жумага көз чаптырып, тарых президент Обама туура аракеттенди деп бааларына ишенем.

Бирок демократ-конгрессмен Векслер өткөн окуяларга колдонулган талдоо болочок окуяларды иликтөө үчүн дайыма эле жарабай турганын эскерте кетти.

XS
SM
MD
LG