Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Обама Түштүк Азия боюнча жаңы стратегия сунуш кылды


Барак Обама жума күнү (27-мартта) Пакистан менен Ооганстанда баш көтөрүп бараткан экстремисттерге каршы күрөштүн жаңы стратегиясын жарыя кылды.

Регионду жабыт кылган талиптер менен “ал-Каидачыларды” жок кылууга багытталган стратегияда Пакистан жана Ооганстанга финансылык жардам берүү, кошумча аскер жөнөтүү, социалдык обьектилерди өнүктүрүү сунуш кылынат.

Президент Барак Обама Ооганстан жана Пакистан боюнча Вашингтондун жаңы стратегиясын жарыялаган жума күнү Пакистандын Ооганстан жак чек арасына жакын жерде жанкечтинин бомба чабуулунан 50гө жакын динзар набыт болду. Бул окуя Түштүк Азиядагы кырдаал, Обама айткандай эле, опурталдуу экенин дагы бир ирет эске салды:

- Кырдаал опурталдуу болуп барат. Талиптер бийликтен кулатылганына жети жыл ашык убакыт болсо да согуш басыла элек. Ооганстан менен Пакистандын айрым бөлүктөрү козголоңчулардын ээлигинде. Биздин аскерлерге, НАТОлук союздаштарга жана Ооган өкмөтүнө кол салуулар күч алууда. Эң өкүнүчтүүсү, 2008-жыл америкалык аскерлер үчүн өтө катаал жыл болду.

Жаңы стратегия боюнча, 2011-жылга Ооган армиясынын саны 134 миңге, полициясынын саны 82 миңге жеткирилмекчи. Бул, Обманын сөзүнчө, Ооганстандагы коопсуздукту оогандар өздөрү камсыздоосуна өбөлгө түзөт. Жагдай өзгөртүлбөсө, регионду талиптер менен “ал-Каидачылар” башкарып калат, деди АКШ президенти:

- Чалгындоо маалыматтары “ал-Каида” Кошмо Штаттарга кол салууну Пакистандагы жабыттарынан пландап жатканын көрсөтүүдө. Талиптер Ооган өкмөтүн кулатса же “ал-Каидачыларга” жеңилип калса, өлкө кайрадан биздин элди колунан келишинче көп кырууну каалаган террорчулардын базасына айланат.

Террорчулукка каршы согушта Пакистан генералдарына жана президент Первез Мушаррафка таянган мурдакы президент Буштан айырмаланып, Обама эки өлкөдөгү демократиялык институттарды өнүктрүүгө көңүл бурат.

“Экстремисттерге каршы өнөктүктө жалгыз ок же бомба ийгиликке жеткирбейт. “Ал-Каида” Пакистандын калкына мүшкүлдөн башка эч нерсе алып келбейт” деген Обама Конгресске келерки беш жылда Пакистанда мектептерди, ооруканаларды жана жолдорду куруу үчүн ар жылы 1, 5 миллиард доллар жардам берүүнү сунуш кылды. Бул, Обаманын сөзүнчө, “Пакистандагы демократияны бекем түптөйт”.

Обаманын жаңы стратегиясы Пакистанды тербетип турган аскер башчыларга жагабы? Пакистандык жазуучу жана серепчи Ахмед Рашиддин пикиринче, анти-америкалык маанайдагы аскерий төбөлдөргө жакпаса да, жарандар пайдасын көрчү жарадам талиптерге жан тарткан армиянын канаты менен элдин кызыкчылыгын таразалап койот. “Мунун баары армиянын төбөлдөрүн балансташ керек. Албетте жардам мындай чечүүчү ролду ойнойт”, дейт Рашид.

XS
SM
MD
LG