Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

АКШнын президенти Барак Обама кийинки айда Түркияга иш сапары менен барат. Сапары маалында Обама Түркиянын жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшөөрү күтүлүүдө.

Өткөн аптада Түркияда иш сапары менен болгон АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон президент Барак Обаманын эмки айда Түркияга келе турганы жөнүндөгү маалыматтарды тастыктап, анын мусулман өлкөлөргө алгачкы сапарын Түркиядан баштаары өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.

Обаманын Түркияга сапары расмий Анкара үчүн учурда өтө маанилүү болуп турган чак. Белгилүү болгондой, армяндар, өзгөчө АКШда жашаган армян диаспорасы 1915-жылы Осмон империясынын доорунда 1 жарым миллион армяндын кырылышын “геноцид” деп атоону АКШ бийлигинен талап кылып келет.

Диаспора бул талабына дүйнө жүзүндө ондогон мамлекеттерди көндүрүп, алардын парламенттеринен 1915-жылдагы окуяларды геноцид катары тааныган токтомдорду чыгарууга үлгүрдү. Бирок диаспоранын бардык күчү менен жүрүгүзгөн иш-чараларына карабастан ушу тапка чейин эч бир америкалык президент жыл сайын 24-апрелде чыкчу баяндамасында “геноцид” деген сөздү колдонгон эмес.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө АКШдагы армян диаспорасына бул тууралуу убада бергенин эске алганда, Барак Обаманын Анкарага сапары азыртадан эле бир катар саясатчылардын жана байкоочулардын бүйүрүн кызыта баштады. АКШнын НАТОдогу шериктеши Түркия кийинки бир жылдай мезгилдин аралыгында кошунасы Армения менен мамилелерин оңдоп чыгуу максатында бир катар кадамдарды жасады. Өткөн жылы президент Абдулла Гүлдүн улуттук футбол мелдешин көрүү максатында Ереванга жасаган тарыхый сапарынан бери эки ортодо мамилелердин жанданышы тууралуу ой-толгоолор байма-бай айтылды.

Түрк коомчулугунда да 1915-жылдагы окуяларга башкача өңүттөн карап баа берген кишилердин саны көбөйүп, өткөн жылдын соңунда бир топ түрк интеллигенция өкүлү “армяндардан кечирим суроо” өнөктүгүн баштады. Жакында Түркиянын таанымал тарыхчысы Мурат Бардакчы 1915-жылда Осмон өкмөтүндө ички иштер министри жана өкмөт башчысы болгон Талат Пашанын “Эстеликтер” деген бир китебин чыгарып, 1915-жыл менен 1917-жыл аралыгында армяндардын саны 900 миңдей кемигени тууралуу тарыхый документтердин бетин ачты.

Анын бул китеби, айрым армяндар тарабынан “геноциддин” далили катары бааланса дагы, автордун өзү 972 миң делинген сандын катарында, согуш шарттарында өлгөн армяндар менен бирге өлкөдөн АКШ, Түштүк Америка жана Европа өлкөлөрүнө көчүп кеткен армяндар да бар экенин, ошондуктан ошо кезде ушунча армян өлдү деп так кесе айтуу мүмкүн болбогонун билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG