Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Президент Обаманын сөзү дүйнөлүк экономикага эм болобу?


Президент Обама 24-мартта Ак Үйдөгү пресс-конференцияда сүйлөп жатат, 24-март
Президент Обама 24-мартта Ак Үйдөгү пресс-конференцияда сүйлөп жатат, 24-март

Шейшемби күнү кечинде президент Барак Обама Ак Үйдө маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ экономикасын жандандыруу планы ийгиликтүү болот деди. Бул план өкмөттүк чыгымдарды эбегейсиз көбөйтөт деп, Обаманы оппозициядагы республикачыл конгрессмендерге катар партиялаш демократтар, ошондой эле айрым европалык лидерлер да сындашууда.

Президент Обама маалымат жыйынын мекендештерин чыдамкайлуулукка чакыруу менен баштап, финансылык калпыстык жана өкмөттүн бейкамдыгы алып келген экономикалык алааматтан чыгууга бир нече жыл кетет деди. Обама өз стратегиясындагы өзгөчө көңүл бурулчу тармактарды да атай кетти:

- Биз толукталып турчу энергия булактарын инвестициялай баштайбыз. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берип, ишкерчиликти өстүрөт, тышкы мунайдан көзкарандысыз кылат. Балдарыбыз ким менен болсо атаандашканга жарамдуу болсун үчүн мектептерге инвестиция салып, мугалимдерибизди колдой баштайбыз. Биз медицианалык тейлөөнү арзандатчу реформаны каржылоого даярбыз. Биз татаал, бирок зарыл кадамга бардык. Бул чара өтө пессимистүү прогноздор боюнча да, президенттик биринчи мөөнөтүмдүн аягына бюджеттин тартыштыгын эки эсеге кыскартууга мүмкүндүк берет.

Обама Конгресске жолдонгон 3,6 триллион долларлык бюджетте саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу, мурда бекитилген 787 миллиард долларлык экономиканы стимулдаштыруу планында да жаңы жумуш орундарын түзүүгө акча каралганын кошумчалады. Ал өкмөт банктарга жардамдашуу үчүн берилген акчаны өз кызматкерлерине бонус төлөөгө пайдаланган AIG компаниясынын башчыларын катуу сындап өттү.

Обама сунуш кылган келерки жылдын бюджетинде чыгаша кирешеден 1, 4 триллион долларга көп. Өкмөттүн рецессиядан чыгууга ашыкча көп каражат сарптоосун АКШ Конгрессиндеги республикачылар, Обама катарындагы демокрттык партия, атүгүл бир катар европалык лидерлер сындашууда. Германиянын канцлери Ангела Меркель ченемсиз өкмөттүк чыгым инфляцияга түртөт деп чоочуйт.

Евробиримдиктин учурадагы төарагасы, Чехиянын премьер-министри Мирек Топаленек Обаманын экономиканы жана банктарды жөлөп тайоого олчойгон акча сарптоосу глобалдык финансы рыногуна доо келтирет деп сындады.

Эмки жумада Лондондо болчу АКШ-Евробиримдиктин саммитинде берегидей карама-карышылык жөндөлөбү? Бул суроого Обама мындай деди:

- Жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы кайра алга түртүү үчүн зарурарт иштерди жасайлы. Протекционизмдик кадамдарды жасабайлы, глобалдык соодага өбөлгө түзөлү.

Доллардын куну качууда деген кепке, президент Обама дүйнө элдери АКШнын экономикасы кайра кубатына толот деп ишенгендиктен, доллар наркын жоготпойт деп жооп кайрыды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG