Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

Пакистанда кайрадан терракт


Пешевардын алдында жанкечти жардырууну Пакистан армиясынын баш кеңсеси жайгашкан Равалпинди шаарында жасаган.
Пешевардын алдында жанкечти жардырууну Пакистан армиясынын баш кеңсеси жайгашкан Равалпинди шаарында жасаган.

Жекшемби күнү Пакистанда дагы бир терракт катталды. Бул ирээт жардыруу кайрадан өлкөнүн түндүк - батышындагы Пешевар шаарында болду.

Пешевар шаарынын Абдази деген районунда эл котологон мал базарда орун алган жардырууну жанкечти жасаган. “Ассошейтед пресс” агенттиги маалымдагандай, бомба чабуулу ошол райондун акими Абдул Маликке каршы багытталгандай. Ал жардыруудан катуу жаракат алып, кабарларга караганда, ооруканада каза тапты. Пешевардын шаар бийлигиндеги жогорку даражалуу өкүлдөрдүн бири, Сахибзада Анис кабарчыларга буларды айтты:

-Бул жанкечтинин жардыруусу болду. Бутага мэр Абдул Малик алынган. Билесиздер биздин мэр мыйзамсыздыкка каршы күрөшкө такай жигердүү катышып жана полиция, укук коргоо органдары менен активдүү кызматташып келген.

Пешевардан түшкөн маалыматтарда айтылгандай, жанкечти бутага алган аким Абдул Малик антиталибанчыл көз -караштагы жетекчи болчу. Атүгүл талибдерге каршы күрөшүү үчүн өзүнчө да топ түзгөн. Базардагы жардыруудан он чакты киши каза тапкандан тышкары, жыйырмадан ашуун адам жарат да алган. Пешевардын базарларынын биринде буга чейин октябрь айында болгон катуу жардыруудан 118 кишинин өмүрү кыйылган болчу.

Ошентип, бул кол салуу - Пакистандын булуң-бурчунан утур –утур кайталанып жаткан кыянатчылыктардын азырынча акыркысы. Соңку апталарда Пакистанда согушкерлердин түрдүү жардыруулары менен кол салууларынан 300дөн ашуун киши каза тапты. Бул согушкерлердин өкмөттүк күчтөр Ооганстанга чектеш Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө Талибан менен “ал-Каидага” каршы октябрдын орто ченинде баштаган операциясы үчүн өч алуу аракети өңдөнөт. Андан бери, Пакистан армиясынын ырастоосунда, жүздөгөн согушкерлер жок кылынды. Бирок Талибан тарап төгүндөгөн бул маалыматты, аймак курчоодо тургандыктан, башка булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Түштүк Вазирстан - Пакистандын уруулар жашаган, тоолуу жана мыйзамсыздык өкүм сүргөн, жарым –жартылай автономдуу аймагы. Ооганстан менен чектеш бул чөлкөмдө, армиянын эсебинде, Талибандын саны15 миңге чейин жеткен согушкерлери башпаанектеп жүрөт.

Хакимулла Мехсуд жана анын шериктеринин башы үчүн Пакистан бийлиги 5 млн доллар сыйлык жарыялады
Пакистандагы талибдердин учурдагы колбашчысы катары Хакимулла Мехсуд эсептелинет. Андан мурдагы колбашчы Байтулла Мехсуд быйыл жайда АКШнын учкучсуз башкарылган учагынын соккусунан мерт болгон. Жакында Пакистан бийликтери Хакимулла Мехсуд баштаган 18 согушкердин камалышына же жок кылынуусуна алып барган маалымат үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыялады.

Пакистандын аскерий жана саясий лидерлеринин Түштүк Вазирстанда чабуул башталган 17-октябрдын алдындагы жыйынынан кийин таратылган билдирүүсүндө согушкерлер “өлкөнүн суверенитетине жана бүтүндүгүнө олуттуу коркунуч” туудуруп жаткандыгы айтылган. Билдирүүдө ошондой эле пакистандыктар арасында экстремизм менен согушкерчиликти түп тамырынан бери жоготуу боюнча мунаса бар экендиги белгиленет.

Ушул жылдын башында пакистандык талибдер борбор Исламабадды көздөй жыла баштаган эле. Бирок армия анда башкалаадан түндүк-батыш тарапта жайгашкан Сват өрөөнүн согушкерлерден тазалоо менен жооп берген. Ал аскерий операция АКШны жана башка өнөктөштөрдү Пакистан терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттемесинен четтебегенине кайрадан ынандыруу үчүн да жардам берген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG