Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Пакистан: Сваттагы улуу үркүн


Пакистан -- Сваттан качкан адамдардын агымын эл аралык гуманитардык уюмдар "улуу үркүн" деп аташууда.
Пакистан -- Сваттан качкан адамдардын агымын эл аралык гуманитардык уюмдар "улуу үркүн" деп аташууда.

Пакистандын түндүк-батыш аймактагы Сват өрөөнүндө талиптерге каршы аскерий операциялар ургаалдашты. Бул учурда уруш жүрүп жаткан аймактардан үй-жайын таштап качкандар саны жарым миллионго жакындап калды. Эл аралык уюмдар региондо гуманитардык кризис тутанганы турганы эскертишүүдө.

Армиянын жетекчилери соңку үч күн ичинде Сватта жана ага коңшулаш аймактарда талиптердин каршылыгын басканы оор артиллерия,авиация колдонулуп жатканын ырасташты. Уруштар Сваттан тышкары Малаканда,Дир,Бунер жана башка райондордо жүрүп жатат.

Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик операция маалында 700дөй козголоңчу жок кылынганын маалымдады. Бирок муну көз карандысыз булактар аркылуу тактап, тастыктоо мүмкүн эмес. Өкмөт аталган райондор бир нече апта ичинде талиптерден тазаланат деп ишендирген эле. Азыркы жагдайга караганда аскери өнөктүк дагы бир топко созулат шекилди.

Уруш узарган сайын Сваттан,ага чектеш аймактардан үй-жайын таштап,кара башын калкалап качкандар күн сайын көбөйүп баратат. Улуттар Уюмунун атайын өкүлдөрү ушул тушта эле качкындар лагерине 360 миңден ашуун адам жайгаштырылганын,жалпы эсепте алардын саны жарым миллионго жакындап калганын айтышууда. Өкмөт болсо уруштар уланып жаткан жерлерден бир миллионго чукул адам качып чыгарын болжолдоп жатат.

Сваттан үрккөндөр арасында элүү жаштагы Акила аттуу аял он бир баласы,небере-чөбүрөсү менен качкындар лагерине келип, алачыкта күн өткөрүүдө. "Өчөшкөнсүп,өрөөндө көнөктөп жамгыр төгүп турду. Бардык жерде бомба жарылып жатты, жарык да, суу да түгөндү. Качкандан башка аргабыз калбады, карманган мал-жандыктын баары эски журтта калды",-деп айтты ал ыйламсырап көргөн азап-тозогун баяндап.

Эл аралык уюмдар качкындардын агымы ушунчалык көп болгондуктан,аны "улуу үркүн" деп атап жатышат. "Бизде азыр үркүп келген адамдар быкылдап,лагерге батпай кетти,-деп билдирди Улуттар Уюмунун качкындар мекемесинин өкүлү Ариана Роммери .- Уруш эртең токтогон күндө деле мынча адамды үй-жайына кайтаруу оңой болбойт. Кайтып барган күндө да оокат-ашын, короо-жайын тикелөө үчүн өкмөттөн өтө чоң жардамга муктаж болот".

Сватта жана ага чектеш аймактарда Пакистан армиясы талиптерге каршы өткөн аптанын жума күнү активдүү операцияларды баштаган эле. Өкмөттүн премьери Юсуф Реза Гилани талиптерди толук талкалаганга буйрук берди.

Исламабад менен "Талибан" кыймылы быйыл февралда келишим түзүп,козголоңчулар Сватка шариат эрежелерине негизденген башкаруу системасы киргизилсе куралдарын таштаганга милдеттешкен. Бирок алар келишимди бузуп,өздөрүнүн амирине караган аймактарды кеңейткенге киришти. Ошондон соң өкмөт аскери операцияларды баштады.

XS
SM
MD
LG