Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:18

Владимир Путин кайрадан президенттик кызмат үчүн ат салышабы?


Орусиянын премьер-министри Владимир Путин 2012-жылы өтө турган президенттика шайлоого талапкерлигин коюу нийетин болгонун кыйытты. “The Guardian” гезитинин кабарлашынча, Путин «биз жасаган иштердин натыйжасына жараша мен да, президент Медведев да келечекте эмне кылышыбыз керектигин чечебиз» деп жапон журналисттеринин алдында айткан. Владимир Путин үч күндүк иш сапары менен Жапонияда жүрөт.

Владимир Путиндин келерки шайлоого катышуусу туурасында сөз козгошунда кеп бар дешет серепчилер. “The Guardian” гезитинин кабарчысы Люк Гардинг “2012-жылы жогорку орунду Медведевби, же Путин талашабы - муну Орусиядагы экономикалык кризистин жыйынтыгы чечет”деп белгилейт.

Эки жолу удаа президенттик орунда ээлеген Путин 2008-жылы Медведевдин өтүнүчү менен өкмөт башчы болгон. Орусиянын Баш мыйзамына ылайык, бир адам мамлекет башчы болуп эки гана жолу шайлана алат. Баш мыйзам үч ирээт удаа шайланууга уруксат бербейт. Бирок эми арадан Медведев президент болуп шайлангандан улам өкмөт башчы кайра шайлануу укугуна ээ.

Өлкө экономикалык кризиске кабылганына карабастан Путин 2012-жылга чейин премьер-министр бойдон кала берерине ишеними бар экенин айткан. Владимир Путин шайлоо туурасында буларды белгиледи:

- Мен ар кимди өз моюнундагы милдетин тың аткарууга тийиш деп эсептеймин. 2012-жылы боло туган шайлоо үчүн азыртадан күйүп-бышуунун кереги жок. Көрө жатабыз - ага дейре жашайлычы!

Жапон журналисттери Украин, Грузия, Кыргызстан жана башка мурда советтик өлкөлөргө америкалык таасирдин жайылышын кандай баалай тургандыгын да сурашкан. Владимир Путин:

- Биз андай алакага дайыма урмат менен мамиле кылабыз. Бирок. ал өлкөлөрдүн бардыгында Орусия менен байланышта болгон көп сандагы элдер бар. Алардын бизге тийешеси жок деп билмемишке салган да туура болбойт эле, ал тургай ката кетиргендик болор эле.

Байкоочулар Медведев-Путин тандеми жайын кеп кылышат. Глеб Павловскийдин айтымында, Медведев либералдык жолго, Путин авторитардык жолго түштү. Ошондуктан алардын узак убакытка тандем бюнча кала бериши күмөн санатат.

Орусиянын премьер-министри Жапонияга үч күндүк ырасмий иш сапар менен келди. Бул жолу да Путин Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда советтик армия тарптан каратып алынган Курил аралдарынын башын ачуу маселесинде эч кандай жылыш болбошун эскерткен.

XS
SM
MD
LG