Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Тегерандагы жума намаздан «жашылдардын» үмүтү чоң


Рафсанжани жума намазда эмне айтат?
Рафсанжани жума намазда эмне айтат?

17-июлда Тегеран университетинде өтчү жума намазды мурдакы президент Рафсанжани жетектейт, ага мурдакы премьер-министр Мусави жана башка реформачыл талапкерлер катышат деп күтүлүүдө. Диний жетекчиликте таасири күчтүү Рафсанжани кутпа сөзүндө 12-июндагы президенттик шайлоо орой бурмаланды деген оппозиция уюштурган нааразылык акцияларын акташы ыктымал экени айтылууда.

Тегеранда колмо-кол таркатылып жаткан баракчаларда 17-июль “көптөн көп күтүлгөн күн” жана “Жашылдар толкуну кайра көтөрүлөт” деп айтылат. Реформачыл талапкер Мир Хусейн Мусавини колдогон “Жашылдар” кыймылынын айтышынча, Тегеран

Бул жума намазга Рафсанжани, президенттикке талапкерлер Мир-Хусейн Мусави, Мехди Каруби, мурдакы реформачыл президент Мохаммад Хатами жана парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү 1979-жылкы Ислам ынкылабынан бери калыптанган салтты бузуп барышкан эмес.

университетинин мечитинде болчу жума намаз “эпикалык мааниге ээ.” Алар мурдакы президент Рафсанжани кутпа сөзүндө “Жашылдардын” бийликке пассивдүү каршылык көрсөтүүсүнө өз баасын берет деп күтүшүүдө. Президенттик шайлоонун жыйынтыгына ынанбаган оппозиция акыркы жолу 9-июлда, 1999-жылкы студенттик толкундоолордун 10-жылдыгына байланыштуу Тегеранда дагы бир нече шаарда көчөгө жүрүшүнө чыгышкан.

Акбар Хашеми Рафсанжани Ирандын руханий көсөмүн шайлоочу жана кызматан алчу Эксперттер кеңешинин башчысы. Ал президенттик шайлоодо экс-премьер-министр Мусавини колдогон.

Демейде Тегерандагы жума намазда Ирандын консервативдүү жетекчилиги урунттуу окуяларга саясый баа беришет жана өлкөнүн “душманы” саналган АКШ, Израил же Батышка акаарат сөздөр айтылат . Атайын алып келинген “Басижи” милициясы, жоокерлер жана студенттер тийиштүү учурда “Америкага өлүм!”, “Израилге өлүм!” же “Ядролук энергия-биздин талашкыс укугубуз” деп кыйкырып отурушат.

Коопсуздук күчтөрүнүн, анын ичинде Ыңкылапчыл гвардия, жарым өкмөттүк “Басижи” милициясынын Мусавинин тарапкерлеринин нааразылык акцияларын күч менен басуусу - руханий көсөм, аятолла Хаменейинин 19- июндагы жума намаздагы сөзүнөн кийин башталган. Улуу аятолла кутпа сөзүндө Ахмединежаддын жеңишин тастыктап, добуштар орой бурмаланды деген элдин демонстрацияга чыгуусун сындаган:

Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи 19-июнда Тегеран университетиндеги жума намазда.

- Шайлоодон кийин көчө күрөшүн уюштуруу натуура иш. Бул демократиянын жана шайлоонун принциптерине ылайык келбейт. Мен ар бириңерди көчө күрөшүнө чыгууну токтотууга чакырам. Бул жаңылыш жол. Эгер алар мунун токтотпосо, башаламандыктын кесепети үчүн жооптуу болушат.

Аятолла Хаменейини, кээ бир байкоочулар айткандай, Ахмединежад “атасын сөзүн тыңшаган жаш баладай кунт коюп” угуп отурган. Бул жума намазга Рафсанжани, президенттикке талапкерлер Мир-Хусейн Мусави, Мехди Каруби, мурдакы реформачыл президент Мохаммад Хатами жана парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү 1979-жылкы Ислам ынкылабынан бери калыптанган салтты бузуп барышкан эмес.

Хаменейинин береги сөзүнөн кийин Тегеранда бир жума чукул тынч өтүп жаткан демонстрация аеосуз басылып, коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышта 20 адамдын каны төгүлгөн.

Бүгүн намазга шайлоо өнөктүгү маалында Рафсанжанини коорупционер деп атаган Ахмединежад катышпайт. Ал Мешхедге жумуш сапары менен чыгып кетери маалымдалды. Рафсанжани имамдык кылчу намазга - Ахмединежаддын жеңишин тастыктаган 19-июндагы жума намазга барышпаган - Мусави, Каруби, Хатами барышарары айтылууда. Бул Иранды башкаруучу диний жетекчиликте биримдик жоголгонунан белги берчү олуттуу жышаан.

Рафсанжани шайлоодон кийинки толкундоолор маалында үн чыгарбай, бир эле жолу кээ бир элементтер диний жетекчилик менен элди бөлүп-жарып жатканын айткан.

Реформачылар жаңы ачкан “Mowjcamp” сайтынын маалымдашынча, өкмөт "жашылдарды" жума намазга катыштырбоонун амалын жасоодо жана шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG