Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

АвтоВаз жумушчулардан арылууга аргасыз


АвтоВаздын жумушчуларынын Тольятидеги демонстрациясынан бир көрүнүш. 6-август, 2009-ж.

АвтоВаздын жумушчуларынын Тольятидеги демонстрациясынан бир көрүнүш. 6-август, 2009-ж.

Орусиядагы “АвтоВаз” 27 миңден ашуун жумушчусун кыскартарын жарыялады. Өлкөнүн автоунаа чыгаруучу эң ири ишканасы продукциясына суроо-талап кескин азайгандыгынын кесепетин тартууда.

АвтоВаздын айтылуу “Жигулиси” азыр Кыргызстанда да айыл жеринде гана калды. “Ладанын” жаңы үлгүлөрүнө кызыккандар деле жокко эсе. Балким ишкананын жетекчилиги өзү үмүт артып жаткан жаңы маркасынын баасы келишсе, кыргызстандык автосүйүүчүлөр да келечекте аны алуусу мүмкүн. Анткени учурда АвтоВазга жарым-жартылай ээлик кылгандар арасында Франциянын Renault компаниясы да бар. Ага акциялардын 25 % таандык.

АвтоВаздын жетекчилиги бошотулары 24-сентябрда жарыяланган 27600 жумушчунун 6 миңи ошол Renault компаниясы менен биргеликте куруп жаткан заводу 2012-жылы ишке киргенде кайра кайтаарына ишендирүүдө.

Автоунааларынын сатыгы кескин азайганынан улам кризиске кептелген ишкананын жетекчилиги башында 36 миң жумушчу орунду кыскартарын билдирген. Бирок профсоюздар менен сүйлөшүүнүн натыйжасында эки тарап 27600 деген цифрага токтолду. Бул -жалпы жумушчу күчүнүн чейрек бөлүгү.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, ишинен айрылып жаткандардын 13 миңи - пенсия курагындагылар, 5,5 миңи - пенсияга жакындап калгандар, 9 миңи - каруу –күчкө толуп тургандар.

Глобалдык экономика жана эл аралык мамилелер боюнча Москвадагы институттун экономисти Евгений Гонтмахердин айтымында, АвтоВазга жардам көргөзүү боюнча буга чейин көрүлгөн чаралар, анын ичинде өкмөттүн ири өлчөмдөгү акчалай жардамы, чет өлкөлүк автоунаалар үчүн баажы пошлинасынын жогорулатылышы оң натыйжа берген жок:

-АвтоВаздагы кырдаал бир топтон бери эле оор жана андан, бир жылча мурда тандалган парадигмадан чыгуунун жолдору азырынча көрүнбөйт. Ал парадигма жөнөкөй эле. Мамлекет кандай кунга турарына карабай, технологиясы абдан эле эски, менеджментинин сапаты өтө начар ушул ишкананы колдоо. Иш жүзүндө сөз узактан бери эле белгилүү нерсе - ички жана тышкы рынокто атаандашсыз шартты сактай берүү жөнүндө жүрүп жатат.

Өткөн айда айлык акылары 50 пайызга кыскарганда, АвтоВаздын жумушчулары нааразылык билдирип, демонстрацияга чыгышкан эле. Ал эми профсоюздар ишкананы улутташтыруу чакырыгын күчөтүштү. Ишканага көргөзүлгөн жардам азырынча натыйжа бербей жатканын ушул айдын башында өкмөт башчы Владимир Путин да моюнга алган. Анткен менен орусиялык экономист Гонтмахердин пикиринде, өкмөт ишкананын таптакыр кыйроосуна жол бере албайт:

-Эртеби же кечпи, кандай мамлекеттик колдоо көргөзүлгөнүнө карабай, жыйынтыгы экономикалык жана социалдык кыйроого алып баруусу мүмкүн. Анткени АвтоВазда 100 миңден ашуун киши иштейт. Ал - Тольятти шаарынын жашоосу байланган ишкана. Буга кошумча өлкө боюнча балким жүздөгөн, балким миңдеген жабдып туруучулар да АвтоВазга көз каранды. Демек АвтоВазды бул системалык кризистен алып чыгуу үчүн радикалдык чараларга барбай коюу мүмкүн эмес.

Экономист Гонтмахердин кошумчалагандай, учурдагы кырдаалдан чыгуунун жалгыз ыкмасы АвтоВазга жаңы менчик ээсинин келиши жана тополоңду алдын алуу үчүн ишсиз калган жумушчуларга өкмөттүн жигердүү жардам көргөзүүсү.

Бирок экономист жана либералдык маанайдагы саясатчы Григорий Явлинский Орусияда массалык бошотуулардан улам көчө жүрүштөрү эмес, башка жараяндар күтүлөт деп эсептейт:

-Чыңдалган авторитардык режимдин шарттарында, менимче, башка жараяндар күтүлсө керек. Жарандык эркиндик, ой-пикир билдирүү эркиндиги, демонстрация өткөрүү же жыйналуу эркиндиги, өз эрки менен добуш берүү укугу жок кезде эмне болот? Орусияда мындай жагдайда тополоң, козголоң чыкпайт, тескерисинче коомдун криминалдашуусу тереңдейт. Жарандар буга жеке көйгөйлөрүн өз алдынча, мамлекетти жээрүү, андан баш тартуу, көзгө илбей чечүү аркылуу жооп берип калышат. Бул жараянды кайра артка кайтаруу абдан татаал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG