Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Москваны кара түтүн каптады


Орусиянын борбордук бөлүгүндө күн кату ысыганына байланыштуу токойлор өрттөнүп, Москвада абанын сапаты кескин начарлап кетти. Шаарда аба акыркы сегиз жылдын ичинде мынчалык булгана элек болчу. Буга изилдөө жүргүзгөн улуттук кызмат түндө абадагы булганыч газдын (карбон моноксид) деңгээли адаттагыдан алты эсеге өсүп кеткенин эскертти. Акыркы маалыматка караганда, токойлордогу өрттөн 48 адам набыт болду.

Абанын булганышы боюнча адис Елена Лежина “эртең менен абадагы булганыч төрттөн он эсеге чейин көтөрүлүп кетет” дейт. Анын айтымында, мындай абал буга чейин байкала элек болчу.

Москванын тургуну Надежда азыр шаарда дем алуу өтө кыйын болуп калганын айтат:

- Бул абдан чоң проблема, өзгөчө эртең менен терезелерди ачуу мүмкүн болбой калды. Эч нерсе жардам бербейт. Кондиционер же нымдалган шейшеп дем алганга жардам берет дешет. Бирок түтүн каалгаданбы же сырттанбы, айтор, үйгө баары бир кирип келет.

Июндан бери Орусияда абанын температурасы рекорддук даражага жетти. Өлкөнүн европалык бөлүгү толугу менен ысып, борбордогу 17 региондо, анын ичинде Москвада, Төмөнкү Новгороддо, Казанда чоң токойлор өрттөнүп кетти. Өрт бир канча аптадан бери күчөп, андан 48 адам мерт болду, 3000 турак жай жер менен жексен болду.

Орусиянын жарандары болсо бийликтен жардам сурап жатышат. Төмөнкү Новгороддун түштүгүндөгү Виксунск районунда эки аптадан берки өрттө 19 адам набыт болуп, 650 үй күйүп кетти. Буга убагында чара көрбөгөн жергиликтүү өкмөттүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголду.

Орусиянын дээрлик бардык жерлеринде 10 миңге жакын өрт өчүргүчтөр иштеп, жети регионунда чукул кырдаал киргизилген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгунун айтымында, айрым жерлерде өрт көзөмөлдөн чыгып кеткен.

3-августта өрт Төмөнкү Новгороддун Саров шаарына жакын келип, өтө опурталдуу кырдаалды жаратты. Саров шаарында Орусиянын атомдук иликтөө борбору жайгашкан. Кырдаал аябай кооптуу болгонуна байланыштуу, “Росатом” мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сергей Кириенко ал жердеги абалды көзөмөлгө алуу үчүн өзү барган.

Учурда 130 миңден ашуун гектар аянт күйүп кетти.


3-августка караган түнү катуу түтүнгө байланыштуу алты учакты Москванын Домодедово аба майданына кондура албай, башка жактарга кондурушкан. Расмий өкүлдөр Москванын бардык аба майдандары азыр туруктуу иштеп жатканын белгилешти.

Адистер москвалыктарга мүмкүн болушунча сыртта азырак болуп, сыртка чыкканда беткап тагынып жүрүүнү эскертет.

Синоптиктердин айтымында, түтүн 5-августта эртең менен гана тарашы мүмкүн. Ал эми абанын температурасы 38-40 даражага жетип, эң кеминде кийинки аптага чейин сакталат.

Орусия: Токойдо өрт. Абал кооптуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

XS
SM
MD
LG