Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Чечен оппозиция лидерлеринин бири Польшада кармалды


Ахмед Закаев
Ахмед Закаев

16-сентябрда Польшада чечен оппозициясынын лидерлеринин бири Ахмед Закаев кармалды. Закаев 15-сентябрда Чечендердин дүйнөлүк конгрессине катышуу үчүн Лондондон келген. Ахмед Закаев коп жылдан бери бозгунда жүргөн. Аны орус бийлиги 2002-жылдан бери кармай албай жүргөн.

Варшава полициясынын маалымат катчысы Мариуш Соколовскийдин билдиргенине караганда, Ахмед Закаевге эл аралык издөө жарыяланган. “Аны кармап, прокуратурага өткөрүү – полициясынын милдети” деди Мариуш Соколовский.

Чечен оппозициясынын таанымал жетекчилеринин бири Ахмед Закаев террорчулук жана башка кылмыштарга тиешеси бар деген айыптар коюлууда. 2003-жылы ага Британия саясий баш паанек берген. Закаев Варшава шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Пултуска шаарчасына чечендердин конгрессине катышканы келген.

Бул жылы А.Закаев үч жолу Польшага келип кеткен, бирок аны эч ким кармаган эмес. Бул жолу да Варшавага келүү үчүн виза берилген. Чечен оппозициясын лидери бул жолу Польшанын өкмөт башчысы Дональд Тусктун буйругу менен кармалганы айтылууда. Кийинки жылдары 1940-жылы Катынь токоюнда поляк офицерлери массалык өлтүрүлгөнү дайын болгондон соң Москва менен Варшаванын алакалары сууп кеткен. Үстүдөгү жылдын апрель айында Смоленск шаарынын алдында Польшанын президенти Лех Качинский түшкөн учак кырсыкка учураганда орус бийлиги Польша өкмөтүнө моралдык колдоо көрсөтүп, бара бара эки өлкө ортосундагы мамиле жакшыра баштаган. Ошол алаканы бузуп албаш үчүн Польшанын өкмөт башчысы оппозиция лидери Закаевди кармоо тууралуу буйрук бергени айтылууда.

Орусиялык саясий төбөлдөрдүн бири Константин Косачев Закаевди өткөрүп берүү үчүн Польшада бардык жүйө бар деп эсептейт:

- Мен Польшанын эл аралык укук боюнча алган милдеттенмесинин негизинде бир айла табат деп чын дилимен ишенем.

Ошол эле учурда Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск “бул иш аны өткөрүп берүү менен аяктабайт. Талабы аткарыларына Орусия үмүттөнбөшү керек” деп белгиледи.

Ал эми польшалык эксперт Бартош Чихоцкий “Закаев Британиядан саясий баш паанек алган, ошол укук ага ыйгарылар алдында ал өлкө соту анын ишин карап, террорчулукка катыштыгы бар жогун тактаган. Ошондуктан Орусияга өткөрүп берерине ишене бербейм” деп айтты.

Кармалардын алдында Ахмед Закаев “Азаттыкка” маек куруп, өткөн жылы Лондондо, андан соң Осло шаарында өткөн чечендер конгрессинде Чечен жумурияты Ичкериянын бозгундагы өкмөтү орусиялык бийликке үч талап менен чыкканын айткан:

- Орусиялык түрмөлөрдө отурган 25 миң чеченге азаттык берүү, Аслан Масхадов жана өлтүрүлгөн башка командирлердин сөөктөрүн чыгарып берүү жана согушкерлердин үй-бүлөлөрүнүн сары изине чөп салып куугунтуктабоо.

2002-жылы март айында Орусия расмий түрдө Закаевди террорчу деп жарыяланган. Ага баш-аягы болуп 11 кылмыш иши козголгон.

Ахмад Закаев Польшада кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

XS
SM
MD
LG