Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Москванын коопсуздук демилгеси


Евроатлантика коопсуздук архитектурасын президент Дмитрий Медведев былтыр жайда Берлиндеги саммитте козгогон эле.
Евроатлантика коопсуздук архитектурасын президент Дмитрий Медведев былтыр жайда Берлиндеги саммитте козгогон эле.

Москва Европага жаңы коопсуздук келишимин сунуш кылды. Документтин долбоору Кремл сайтында жарыяланды. Азырынча ага Батыш өлкөлөрү ырасмий мамилесин билдире элек.

Келишим долбоору "кансыз согуштан" калган НАТО, OSCE (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму) сыяктуу институттардын жоюлушун, алардын ордуна "башка өлкөлөргө же уюмдарга зыян келтирүү аркылуу бир да мамлекет же эл аралык бирикме өз коопсуздугун камсыз кылганга укугу жок" деген принципке өтүүнү сунуш кылат. "Дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилиги" Улуттар Уюмуна, анын Коопсуздук Кеңешине жүктөлөт.

Евроатлантика аймагынын жаңы коопсуздук архитектурасын түзүү маселесин президент Дмитрий Медведев биринчи мерте былтыр июнда Берлиндеги жыйында козгогон эле.

"Европанын орток окшоштугу табылмайынча, бардык составдуу бөлүктөрүнөн, алардын ичинде Россиядан куралган табигый бүтүндүгү түзүлмөйүнчө анын проблемасы чечилбейт", - деп айткан орус президенти.

Ошол эле жыйында Медведев "кансыз согуштан" кийин НАТОнун кылар кызматы калбаганын көрсөтүп: "Азыр алянстын миссиясын глобалдаштыруу, Улуттар Уюмунун милдеттерин өзүнө алуу, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу аркылуу ага жаңы озуйпа таап бергенге аракет кылып жатышат, бирок бул баары бир коюлган милдеттерди чече албайт", - деп ырастаган. Арадан бир жарым жыл өткөн соң орус президенти ошол ойлорун жаңы келишимдин долбооруна айлантып, ырасмий деңгээлде сунуш кылды.

Долбоордун кошумча түшүндүрмөсүндө орус президенти АКШны, Евросоюзду жана Россияны "европа цивилизациясынын үч бутагы" деп атайт. Бирок аналитиктердин көбү Кремлдин сунуштары баштагыдай эле Батыштын кулак сыртында каларын айтышууда. Долбоор негизинен Москванын эл аралык иштердеги ролун жогорулатууну гана көздөйт.

Москвалык саясий эксперт Андрей Пионтковский Кремлдин сунуштарын тек гана "куру сөздөрдүн жыйындысы" таризде баалады. "Бул өзүнчө эле эски советтик тынчтык демилгелерди эстеткен саясий кампаниядай көрүнөт. Менимче, Москва өзү деле документ кол коюларына анчейин ишенбейт болуу керек",-деп айтты ал "Азаттыктын" кабарчысына.

XS
SM
MD
LG