Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Орустар армиясын жаңылаганы жатышат


Москвадагы Кызыл аянттагы парадка даярдык учурунда, 5-май.2008-ж.
Москвадагы Кызыл аянттагы парадка даярдык учурунда, 5-май.2008-ж.

Москва аскери чөйрөдө ири реформаларды пландап жатат. Бул процессти маршал Николай Огарков “армиядагы революцияга” салыштырды. Бирок жергиликтүү жана чет элдик эксперттер мындай ой-пикирлерге анчейин кошула беришпейт.

Россияда соңку он жыл ичинде бар болгону үч аскер кемеси гана курулганын айтсак, армияны чыңдоо жагынан олуттуу эч кандай иштер жасалбаганы өзүнөн өзү анык болот. Армия иш жүзүндө совет доорундагыдай эле абалда турат, технологиялык жактан артта калды. Муну быйыл августтагы окуялар ырастады.

Москва ошондон улам XXI кылымдын талаптарына төп келген, алдыңкы технология менен куралданган заманбап армия түзүүнү көздөп, 2020-жылга чейинки масштабдуу реформалардын программасын бекитти.

Баарыдан мурда офицерлер корпусу азыркы 350 миңден 150 миңге кыскартылат, жалпы армиянын саны бир миллион болот, ошондо ар бир он беш солдатка бирден офицер туура келет. Өзгөчө генералдардын саны кескин азаят, эгер азыр Башкы штабда жана коргоо министрлигинде 22 миңге чукул аскерилер иштесе, алардан болгону 8,5 миң гана адам калат. Жогорку окуу жайлары, аскери академиялар менен университеттер үчтөн бирге кыскартылат.

Аскери структура да өзгөрөт. Командачылыктын азыркы төрт баскычы бара-бара үч баскычка айланат: аскери округдар, оперативдүү командачылык жана бригадалар түзүлөт. Реформаторлор 2010-жылга барып Россия толугу менен кесипкер армияга ээ болот деп ишенет. Аскерге жалаң контракт негизинде кызмат кылууну каалагандар алынат.

Орус жетекчилиги пландап жаткан бул реформалар коомдо, биринчи кезекте аскерилер чөйрөсүндө кызуу колдоого деле алынган жок. Армияга көп жылдык өмүрүн сарп кылышкан офицерлер, алардын үй-бүлөлөрү, аскери медиктер жана башка персоналдар көчөдө калабызбы деп камтама болуп жатышат. Аларга бийликтер эч ким ишсиз калбай турганын, армиядан бошотулгандарды жумушка жайгаштыруу, социалдык жактан камсыздоо үчүн чаралар көрүлөрүн айтып, жоошутууда.

Мындан тышкары армияны заманбап курал-жарак, алдыңкы үлгүдөгү техника жана технология менен жабдуу керек болот. Булардын баарына азыркы кризис маалында, айрыкча мунайдын наркы төмөндөп бараткан кезде өкмөт каражатты кайдан алат? Планда каралгандардын баары кайра эле кагаз бетинде калбайбы?

АКШдагы Канзас университетинин профессору Дэйл Херспринг Советтер Союзу кулагандан бери бир нече ирет армияны реформалоо аракеттери болгонун,алардын көбү оңунан чыкпай калганын эске салып, азыркы күмөн-күдүктөрдө да негиз бар экенин белгиледи. “ Менимче,- дейт ал,- Медведевдин администрациясы жетерлик капитал таба алса, аскери технологияда ири ийгиликтер жасалса гана бул пландар аткарылат. Азырынча болсо жаңы администрация мурдагы бардык бийликтерге караганда орус армиясын Батыштагы деңгээлге чыгарганга чындап ниеттенип жатканын гана ишенимдүү айтса болот”.

XS
SM
MD
LG