Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Орусияда ФККнын (ФСБ) укугу кеңейди


Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын укугун кеңейткен мыйзам долбоорун Мамдума 16-июл күнү кабыл алды. Орусия өкүмөтү сунуштаган ал документтин негизинде мындан ары ФКК (ФСБ) кылмыштын алдын алуу иштерин жүргүзмөкчү. Эми ФКК кызматкери бул же тигил кадамды жасаба деп жарандарга ырасмий түрдө алдын ала эскертүү жасай алат. Көптөгөн орусиялык жарандык уюмдар менен оппозиция өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыгышты.


Мыйзам долбоору окулуп атканда укук коргоочулар «Орусия Баш мыйзамын коргоо үчүн: атайын тазартуу жүргүзчү мыйзамды четке кагуу керек!” кайрылуусу менен чыгышкан. Анын этегине Маскөөдөгү Хелсинки тобу, “Адам укугу үчүн” кыймылы, “Мемориал” борбору, “Жарандар аракети” жана башка укук коргоо уюмдар жетекчилери менен атка минерлери, илимпоздор, маданият ишкерлери, журналисттер колдорун коюшкан.

Бирок ага деле болбой, төмөнү палата 16-июль күнү кылмышка барат го деп шек санаткан кишиге эскертүү жасоого ФСБ укуктуу деген мыйзам кабыл алды. Укук коргоочулар айтымында жаңы мыйзам чындыгында оппозициялык маанайда жарандарды коркутуп-үртүтүүгө багытталган. Андай тапшырма президенттен өзүнөн түшкөнү туурасында 14-июлда Екатеринбургда өткөн орус-немис саммити үстүндө канцлер Анжела Меркелдин көзүнчө Дмитрий Медведев айты:

- Ар бир өлкө өз мыйзамын, анын катарында атайын кызматы боюнча мыйзамын жакшыртууга ынтызар. Азыр кабыл алынып аткан долбоор түздөн түз менин тапшырмам боюнча сунушталган, - деди Д. Медведев.

Жаңы мыйзам негизинде Федералдык Коопсуздук Кызматынын өкүлү андай талапка баш ийбеген же каршылык көрсөткөн кишиге 500-1000 рубль айып пул төлөтүп же чейрек ай камакта кармай алат.

Мамдуманын коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Владимир Васильев:

- Эскертүүнү киши капарына албай кое алат. Бирок ошондон кийин кылмыш ишине барса, анда жоопкерчилик бүтүндөй ал кишинин мойнуна жүктөлөт – дейт.

Атайын кызматы укугун кеңейтүү саясий оюн экенин журналист Александр Подрабинек айтты:

- Кызматын мыкты аткаруу үчүн тээк боло албайт, муну менен алар башка кызматтар алдында гана кадырлуу көрүнүшү ыктымал.

Карапайым калк арасында ФКК кызматкерлери жаңы мыйзамга жамынып оюна келгенди кылат деген айың таркоодо. Ага жоопту Мамдума депутаты Любовь Слиска айтат :

- Жок, кантсе да антпейт дейм, эмне дегенде алар өздөрү да ушул мыйзам алдында жооп беришет. Алар да Орусия Федерация атуулдары.

Укук коргоочу Лев Пономарев жаңы мыйзам туурасында Би-Би-Сиге айткан жообунда “Бул Орусия ички саясатынын тумалак башка жолго түшүшүн билдирет" деп айткан. Ушундан кийин азыркы ФККны мурдагы КГБ жана НКВДнын ишин улантуучу деп атаса болот деген.

Ошого карабай укук коргоочулар ФКК туурасында кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койбоого чакырып, Д.Медведевге кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG