Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Пхенянда ядролук курал жасоонун жаңы ыкмасы болот


Түндүк Кореянын ракета учурган жайынан көрүнүш. Август, 2009-жыл

Түндүк Кореянын ракета учурган жайынан көрүнүш. Август, 2009-жыл

Түндүк Корея уранды байытуунун соңку баскычында экендигин жарыялады.

Түндүк Корея өзөктүк курал жасаш үчүн уран байытып жатканынан мурдатан эле шектенип келишкен. Азыр эми өлкө муну өзү дипломаттар аркылуу Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине жолдогон катында бышыктап отурат.

Өлкөнүн сыналгысы атомдук курал жасоо үчүн сарпталган ядролук отундан плутоний алып жаткандыгын да бышыктады:

- Сарпталган отун калдыктарын кайра иштетүү азыр акыркы баскычында, алынган плутониум куралда колдонууга даярдалып жатат. Уранды байытуу тажрыйбасы ийгиликтүү өттү, азыр бул иш жыйынтыкталып жатат.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары бул иш-аракет эл аралык санкциялардын күч алгандыгына берген жообу экендигин жазып чыгышты.

Түндүк Корея акыркы жолу май айында плутониумга негизделген ядролук жабдыгын сынактан өткөргөн эле. Ал эми апрел айындагы ракета сынагы ийгиликсиз аяктаган. Анда Пхенян Жердин орбитасына сателит учурмак болчубуз» деп ырастаган. АКШнын президенти Барак Обама мындай сателик узакка учуучу ракета катары колдонулушу мүмкүн экендигин белгилеген.

Ал мындай сынакты «провокация» деп мүнөздөп, ядролук куралдын жайылышын алдын-алуу багытындагы эл аралык аракеттерди сүйлөшүп жүргүзүүгө чакырган. Ал эми Бириккен Улуттар уюму Түндүк Кореяга каршы санкцияларды дагы күч алдырган.

Ядролук эксперттердин айтымында, Түндүк Кореянын плутонийден уранга өтүшү - кооптуу көрүнүш, себеби уранды салыштырмалуу чакан лабораторияда байытыш мүмкүн, америкалык тыңчы сателиттерге аларды космостон байкаш кыйын болот.

Адистер ошондой эле Түндүк Корея уран байытууга өтсө, анын Иран же башка өз алдынча ядролук программа баштагысы келген өлкөлөр менен кызматташтыгына жагымдуу шарт түзүлөөрүн белгилешүүдө.

Түндүк Кореянын жарыясы Түштүк Кореяны айрыкча тынчсыздантты. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мон Тае-Йуң буларга токтолду:

–Ядролук куралдан баш тартуу жана Түндүк-Чыгыш Азиядагы аймактык тынчтыкты жана турктуулукту сактоо жөнүндөгү эл аралык коомчулуктун чакырыктарын Түндүк Корея кулагынын сыртынан кетирди.

Бирок катчы анын өлкөсү Корея жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерин колдоону уланта берээрин билдирди.

Ал эми Түштүк Кореянын коргонуу министрлиги Түндүк Кореянын уранды байытып жатабыз деген ырастоосу канчалык чын экендигин бышыктоо кыйын экендигин, бирок бул жарыя тышкы күчтөр менен сүйлөшүүнүн тактикасы болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Түндүк Корея апрелдин кап ортосунда эл аралык сүйлөшүүлөрдөн биротоло баш тартканын жарыялап, ядролук байытуу программасын улантаарын эскерткен. Түндүк Корея ошондой эле өз аймагындагы бардык эл аралык ядролук көзөмөлдөөчүлөрдү чыгарып жиберген.

Соңку жарыяга байланыштуу АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын элчиси Стивн Босуос Пхенян өкмөтү менен сүйлөшүү буга чейинки алты-тараптуу жараяндын чегинде жүрүшү керек деп эсептейт. Ал жараянга АКШ, Кытай, Орусия, Жапония жана Түндүк, Түштүк эки Корея кирет.

- Өтө байытылган уран тууралуу биринчи жолу угуп жаткан жокпуз, мындан ары да андай кабарлар болушу мүмкүн. Бирок Корей жарым аралын өзөктүү куралдан арылтабыз десек, бул маселени такташыбыз керек, - деди америкалык элчи.

Сүйлөшүүгө тартылган өлкөлөр Түндүк Кореяны көп жылдардан бери ядролук программасынан баш тартып, анын ордуна эл аралык жардам алууга көндүрө албай келет. Бирок Түндүк Корея Түштүк Кореяда 30 миңге чукул аскер кармаган АКШнын коркунучунан сактанышыбыз керек дегенинен кайтпайт.

Түндүк Корея менен Түштүк Корея 20-жылымдын орто чениндеги согуштан кийин расмий элдеше элек. Түндүк Корея 1953-жылы кол коюлган убактылуу элдешүү келишиминен быйыл май айында бир тараптуу чыгып алган.
XS
SM
MD
LG