Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

"Тамил жолборстору" куралдуу күрөшүн токтотту


Шри Ланка -- "Тамил жолборстору" басып алган аймактан бошотулгандар.
Шри Ланка -- "Тамил жолборстору" басып алган аймактан бошотулгандар.

"Тамил жолборстору" куралдуу каршылыгын токтотууну чечкени алардын интернет сайтында жайгаштырылган кабарда ырасталат. "Кармаш соңуна чыкты",-деп айтылат билдирүүдө.

Уюмдун тышкы саясий канаты таркаткан билдирүүдө "ок атышууну токтотуу тамил элин жана анын ар-намысын сактап калуу үчүн эл аралык коомчулукка керектүү иш болсо, анда ТОТИ куралын таштаганга даяр экени" ырасталат. "Биз үчүн акыркы жол – тамил элинин кыргыны үчүн душмандан кечирим суроо жолу гана калды", - делинет билдирүүдө.

Шри Ланка армиясынын өкүлү, бригадалык генерал Удая Нанаяккара "уруш району иш жүзүндө тазаланганын, армия калкты бошотконун” кабарлады. Болгону 800 чарчы метрдей тилке калды. Ал жерде "тамил жолборсторунун" бекемделген чептери бар,аларды жанкечтилер жардырып жатышат. Ошондуктан тазалоо операция уланууда.

Генерал соңку үч күн ичинде курчоодо калган аймактан 50 миң адам коопсуз жерлерге чыгарылганын, деңиз аркылуу качканга аракет кылган 70тей козголоңчу жок кылынганын ырастады. Ал эми козголоңчулардын жетекчилери эмне болгону белгисиз.

Уюмдун негиздөөчүсү өлгөнү тууралуу кептер тараган эле. Аларды өлкөнүн маалымат министри "каңшаар" деп атады.

Сепаратисттердин лидери Велупиллаи Прабхакараннын сөөгү курчоодо калып, текши атынып өлүшкөн 300дөй козголоңчунун арасынан табылышы ыктымал.

Бул учурда Улуттар Уюмунун өкүлү Гордон Вейсс өкмөттүк аскерлер "куткарган калкты" качкындар лагеринде дале күтүп жатышканын билдирди. "Биз түшүнгөнү – бейшембиден бери уруш зонасынан 20 миңдей киши чыгарылган, бирок биздин эсептерге караганда согуштун очогунда 30 миңден 80 миңге чейин киши калды",-деп айтты ал Коломбодо.

Вейсс уруштар азыр укумдай жерде жүрүп жатканын, калк эки тараптын ортосунда камалып калганын, ошондуктан курмандыктар арбын болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Ишемби күнү өлкөнүн президенти Махинда Ражапакса козголоңчулар тыйпыл кылынганын өнүгүп жактан өлкөлөрдүн Иорданиядагы саммитинде жүрүп жарыялаган эле.

"Менин өкмөтүм аскери жактан "тамил жолборсторуна" баш көтөргүс кылып сокку урганын ушул жыйында маалымдаганга өтө сыймыктанам. Эми бу жерден мен жапайы козголоңчулардан толук азат кылынган өлкөмө кайтып барам",-деп айткан шриланкалык президент.

"Тамил илам" боштондук жолборстору" өлкөнүн түндүгүндө жана түндүк-чыгышында тамилдердин көз карандысыз мамлекетин түзүү максатында 1976-жылы уюшулган. Арадан бир нече жыл өткөн соң өкмөткө каршы куралдуу адабат жарыялаган. Ошондон берки кагылыштарда 70 миңден ашуун бейжазык адамдын өмүрү кыйылды.

"Тамил жолборсторун" АКШ,Евросоюз,Индия жана башка өлкөлөр террорчул уюмдардын тизмесине киргизишкен. Дели бийликтери Раджив Гандини 1991-жылы майда ушу тамил сепаратисттери тындым кылышкан деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG