Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Тажикстандын эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларациянын автору дүйнө салды


Тохир Абдужаббор "Азаттыктын" Душанбедеги бюросунда, 2008-жыл
Тохир Абдужаббор "Азаттыктын" Душанбедеги бюросунда, 2008-жыл

Шейшембиде Тажикстандын эгемендүүлүк жөнүндөгү алгачкы декларациясынын автору Тохир Абдужаббор 63 жашында рактан көз жумду. Абдужаббор 1980-жылдардын аягында “Растохез” (Кайра жаралуу) кыймылын негиздеген. Тажик парламентиндеги биринчи коммунист эмес депутаттын партиясына кийин жүздөгөн адам кошулган. Абдужаббор жарандык согуш учурунда Иранда жана Кыргызстанда жашап келген.

Экономика илимдеринин кандидаты Тохир Абдужаббор 1989-жылы эле КПССке алтернативалуу алгачкы кыймыл түптөп, ал “Растохез” же Кайра жаралуу деп аталган. 1990-жылдын февралында Тажикстанда антиөкмөттүк толкундоолор тутанып, бийлик элге каршы курал колдонгон. Ал кандуу окуяларда 25 киши набыт кеткен.

Ошондо кыймыл өкмөт менен митингге чыккандар ортосунда арачылык вазийпасын өзүнө алган.

Элдик комитет түзүлүп, жумурияттын 3 жогорку жетекчиси кызматтарынан кетүүгө аргасыз болгон. Бирок Москвадагы борбордук жетекчилик аларды кызматтарына кайра отургузуп, кыймылды каралоо кампаниясы башталган. Буга карабай, 2 жумадан кийин эле Абдужаббор ошол кездеги Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо райкомдун биринчи катчысын жеңип, алгачкы коммунист эмес депутат болуп калган.

Ал 1990-жылдын 24-августунда Тажикстандын эгемендүүлүгү тууралуу декларацияны жазган. Бирок парламент аны четке каккан. 1991-жылкы ГКЧПден кийин депуттар ошол эле декларацияны кайра колго салып, документти бир добуштан колдошкон.

1992-жылы өлкөдө жарандык согуш башталганда Абдужаббор Тажикстандан кетип, Иран, кийин Кыргызстанда туруп калды. Ал Бишкекте 2005-жылга чейин жашап, Мамлекеттик кызмат академиясында экономика боюнча сабак берген.

Саясий кыймылдын лидери болгону менен Абдужаббор тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуудан баш тарткан. Себеби, ал өзү айткандай, бейпилдик жараянын кызмат бөлүштүрүү менен байланыштырууга каршы болчу.

Абдужаббор бир кездери “Азаттыктын” тажик кызматы үчүн да экономика маселелери боюнча макала жазып жүрдү.

Былтыр жыл аягында анын оорусу жөнүндө белгилүү болуп, достору Тегеранга дарылануу үчүн жиберишкен. Бирок ал операциядан баш тартып, мекенине кайра кайтып келген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазганына караганда, Абдужаббор түзгөн декларациянын үзүрүн көрүп аткан аткаминерлер анын ден соолугуна бир да кызыгып коюшкан эмес. Тагдырдын тамашасы, Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги Абдужабборго жардам берүү үчүн аны ал көз жумган күнү издей баштаган.

Кыргызстандан кайтып келгенден кийин Абдужаббор Душанбедеги Славян университетинде сабак берип жүрдү. Бул аралыкта ал “Эмне үчүн биз артта калдык” деген экономикалык макалалардын жыйнагын басып чыгарды.

Акыркы интервьюсунда маркумдун: “Биздин максатыбыз мансап эмес, эгемендүүлүк болгон. Программабызды ким ишке ашырып жатканы маанилүү эмес. Эң негизгиси, ал жүзөгө ашып жатат", - деп айтканы бар.

Тажикстандын мурдагы муфтийи, жарандык согуш маалында биргелешкен оппозициянын жетекчилеринин бири болгон Акбар Туражонзода Абдужаббор менен депутаттык кезинде жакындан таанышкан:

- Анын өлүмү мен үчүн суук кабар болду. Жогорку Кеңеште чогуу иштеп жүргөндө анын канчалык өз элин ойлогон адам экенин көрдүм. Бизге таңууланган жарандык согуштан кийин Тегеранда эмиграцияда чогу болдук. Ал биргелешкен оппозициянын расмий мүчөсү болбогону менен, биздин жыйындарга катышып, тынчтык жана улуттук биримдик маселесинде жакшы кеңеш берип турчу.

Айдаршо Акбаров да Тажикстандын акыркы советтик парламентинин мүчөсү болгон жана маркум менен Бишкекте бир нече жыл өткөргөн:

- Ал интеллигент жана окумуштуу болчу. Анын өлүмү Тажикстандын эгемендүүлүгүнө ишенген адамдар үчүн оор жоготуу болду. Бар күч-аракетин тажик элине жумшачу. Ал агартуунун жана көз карандысздыкка умтуулуунун отун жандырган адам болчу.

www.azattyk.org/soundslide/220.html

Сүрөттөр сүйлөйт: Маркум Тахир Абдужаббор.

XS
SM
MD
LG