Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Тажик-кыргыз "чалгын жаңжалы"


Мухаммади Салимзоданын кызы Наргиз эки өлкө башчыларына жардам сурап кайрылды.
Мухаммади Салимзоданын кызы Наргиз эки өлкө башчыларына жардам сурап кайрылды.

Тажикстан "кыргызстандык тыңчы" деп айыптап жаткан Мухаммади Салимзоданы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети “биздин кызматкер эмес” деп чыкты. Азыр анын кыргыз жарандыгын алган-албаганы териштирилүүдө.

Кечээ Балтика маалымат агенттиги (БИА) Тажикстан кыргызстандык офицерди чалгынчы деп айыптап жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. Анда Кыргызстандын коопсуздук кызматынын офицери Мухаммади Салимзода 2008-жылдын август айында Тажикстанга кызынын үйлөнүү тоюна кеткен боюнча жок болгону, быйыл эми январда анын кармалуу фактысы таанылганы жазылган. Ошондой эле Тажикстандын Башкы прокуратурасы М.Салимзодага Кылмыш кодексинин 308 жана 306-беренелери боюнча айып тагып жатканы, ал үчүн офицер 20 жылга эркинен ажыратылаары да айтылган.

Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Мухаммади Салимзоданы “биздин кызматкер эмес” деп чыкты:

- Ал биздин кишибиз эмес. Бизде башка маалымат жок. Биз дагы бул маалыматты интернеттен көрүп, окуп жатабыз, - дейт Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү.

Мухаммади Салимзоданын жубайы Дилбар Мунаваринин айтымында, алар 15 жылдан бери Кыргызстанда жашашат. Ал “Азаттыкка” күйөөсүнүн Улуттук коопсуздук комитетинде иштебегенин тастыктап, анын "тыңчы" деп айыпталып жатканына ишенбей турганын айтты.

- Биз бул жакка мигрант катары келген жокпуз. Менин күйөөм Мухаммади Салимзоданын Тажикстанда "тыңчы" деп айыпталып жатышына ишенбейм. Тажикстан биздин туулуп-өскөн мекенибиз. Тууган-урук, ага-эжелерибиздин бардыгы Тажикстанда жашайт. Андан сырткары менин күйөөм Кыргызстанда Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген эмес. Ал коргоо министрлигинде иштеген. Кийин ал илим жагына өтүп, илимий монография жазган. Жакында диссертациясын жакташ керек эле.

Атайын булактардын “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, Мухаммади Салимзода 2000-жылга чейин Кыргызстандын коргоо министрлигинде иштеген жана анын запастагы поковник чини болгон.

Ошол эле тапта Кыргызстандын расмий бийлиги айыпталуучу кыргыз жараныбы, жокпу азырынча тактап, иликтеп жатканын билдиришти:

- Азыр биз ушул маселенин үстүндө иштеп, маселени изилдеп жатабыз. Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы болгондо, дароо электрондук дарек аркылуу маалыматты таркатабыз, кошумча маалымдайбыз - деп билдиришти, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, өз кезегинде Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп келген Мирослав Ниязов, эгер окуя тастыкталса, өлкөдөгү коопсуздук жана атайын кызматтардын профессионалдык деңгээлинин түшкөнүн далилдейт деп эсептейт:

- Бул боюнча мен азыр эч нерсе деп айта албайм. Анткени кандайча кармалган, эмне себеп менен деген өңдүү так маалымат түшүш керек эле. Бул - профессиналдуулуктун жоктугу. Бизде КМШдагы жана Орто Азиядагы мамлекеттер бири-бирибизге каршы чалгын иштерин жүргүзбөйбүз деген келишим бар. Бирок тилекке каршы, ага карабай айрым мамлекеттер ушуну оюнчуктай көрүп атат. Бул негизи чоң саясат. Кийинки учурларда атайын кызматтарда профессионалдык деңгээл өтө төмөндөп кеткени белгилүү эле нерсе. Анткени атайын кызматтардын башына милициядан, бажыдан алып келип олтуруп, деңгээлин таптакыр түшүрүп салышкан. Мындай деңгээл менен биз коопсуздукту эмес, өзүбүздү да сактай албайбыз го деп турам.

Ал эми Мухаммади Салимзоданын кызы Наргиз Салимзода Тажикстандын да, Кыргызстандын да мамлекет башчыларынан жардам сурайт:

- Беш айдан бери атамдын кайсыл жерде жүргөнүн билбейбиз. Биз аны өлдү деп ойлоп жүргөнбүз. Эми атамдын тирүү экенин угуп, абдан кубандык. Менин атам чалгынчы дегени жалган. Буга Тажикстандын президенти да ишениши керек жана Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевден да жардам сурайбыз.

Кыргыз тарап учурда бул окуянын үстүндө иликетөө иштерин жүргүзүүдө. Азырынча окуяга байланыштуу расмий маалыматтар айтыла элек.

XS
SM
MD
LG