Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Тажик оппозициясы Баткенден колдоо күтөбү?


YouTube видео хостингиндеги телефон сүйлөшүүсүнө чапталган “Группа 24” оппозициялык уюмунун жетекчилеринин бири Шарофиддин Гадоевдин сүрөтү.
YouTube видео хостингиндеги телефон сүйлөшүүсүнө чапталган “Группа 24” оппозициялык уюмунун жетекчилеринин бири Шарофиддин Гадоевдин сүрөтү.

YouTube видео хостингинде Тажикстандын түндүгүндө пландалып жаткан куралдуу каршылык тууралуу телефон сүйлөшүүсү жарыяланды.

Анда чет жерде саясий башпаанекте жүргөн “Группа 24түн” жетекчилери менен Тажикстандагы белгисиз адам менен сүйлөшүүсү деген маекте Исфара райондук милиция башкармалыгына куралдуу чабуул жасалаары, көмөккө Кыргызстандын Баткен районунан балдар келип кошулаары айтылат.

Ишемби күнү YouTube видео хостингине Manzur Astan аттуу колдонуучу жүктөгөн телефон сүйлөшүүнүн аудиожазуулары “Группа 24түн чыныгы максаты” деген аталышта чыкты. Тасмада учурда чет жакта саясий баш калкада жүргөн “Группа 24” оппозициялык уюмунун жетекчилери Шарофиддин Гадоев жана Умарали Кувватовдун Тажикстандагы белгисиз адам менен сүйлөшүүсү экени көрсөтүлгөн.

Шарофиддин Гадоев делген адам тажикстандык үнү өзгөртүлгөн белгисиз жигит менен сүйлөшүүсүндө өлкөнүн түндүгүндө орун алган Исфара райондук милиция бөлүмүн басып алуу тууралуу кеп болот:

- Канибадамда мага караштуу 15тей бала бар...

- Жакшы.

- 26 адам Исфара шаарына келет. Исфарада алар раймилиция бөлүмүн басып алат.

- Охоо. Түшүнүктүү.

- Исфарада дагы 12 жигит бар.

- Аларда курал барбы?

- Ооба, куралы бар. Анан Баткенде да жигиттер бар. Алар Исфарага өтүп келишет...

- Сизди түшүндүм...

Экинчи сүйлөшүүдө ошол эле белгисиз адам эми Кувватов делген адам менен жасалган иштер тууралуу орус тилинде сүйлөшөт:

- Бизде “куралга” акча табылды.

- Кайдан таптыңар?

- Мухаммад дегенден.

- Канча берет экен?

- Ал 30 миң берет.

- 30 миң болсо болгону 15 куралга эле жетет турбайбы? Бизге жок дегенде миллион керек.

- Шарофиддин айтат, балдар курал алышы менен дароо Исфарадагы ИИМди алыш керек дейт.

- 15 адам алгачкы чабуулга кире алат дечи, бирок алар жарым сатта 15 баланы 200 адамга көбөйтүүсү керек. Ал жактан силер 100 курал алып чыгышыңар керек.

Шарофиддин Гадоев жана Умарали Кувватов азыр бул телефон сүйлөшүүлөр боюнча кандайдыр бир комментарий бере элек.

Мурда алар Тажикстанда «ТоджИрон», «Фароз» деген мунай заттарын ташуучу компанияларга ээлик кылып турган. 2012-жылы өлкөдөн качып чыгышкан соң Москвада “Группа 24” оппозициялык уюмун түзүшкөн. Гадоев менен Кувватовдун айтымында, алардын бизнесин президент Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибов тартып алган.

Тажик бийлиги эки ишкерге тең экономикалык көз боемочулук жаатында кылмыш ишин козгоп, эл аралык издөөгө берген.

Учурда Гадоев Испанияда башпаанекте. Тажик бийлигинин аны өткөрүп берүү өтүнүчүн быйыл жайында Мадрид соту четке каккан.

Тажик тараптын Кувватовду экстрадициялоосу да натыйжасыз болгон. Ал 2012-жылы эле Интерпол линиясы боюнча Дубайда кармалган болчу, бирок 2013-жылы сот Дүйшөмбүнүн өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Акыркы айларда аталган оппозиционерлер тажик бийлигине каршы активдүү иш жүргүзүп келет. Алар түзгөн «Группа 24» уюмун 9-октябрда Тажикстандын Жогорку Соту экстремисттик уюм деп тааныды.

“Азаттыктын” тажик кызматына 17-октябрда берген интервьюсунда Умарали Кувватов бийликке каршы иш-чараны эми күчөтөрүн ачык айткан.

- Биздин ишибиз эми башталды. Жакында биз элди митингге чыккыла деген чакырыгыбыз аркылуу бийликтин кандай даярдыкта турганын байкадык. Биз Тажикстандагы демократиянын жоктугун бүт дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Азыр активисттердин үйүн тинтүүгө алып, жакындарын коркутууга алып жатышат. Биздин чакырык өлкөдөгү бардык оппозициялык топтордун биригүүсүнө түрткү берди.

Ютубда пайда болгон кооптуу, бирок шек жарата турган телефон сүйлөшүүсү боюнча тажик бийлиги же Коопсуздук кызматы ооз ача элек.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG