Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Түркия-Армения: ортодо карапайым калк кыйналууда


Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө мыйзамсыз жашаган Армениянын 100 миңге чукул атуулун чыгарып жиберүү мүмкүн экенин айтып, башка өлкөлөрдүн сынына кабылды.

Премьер-министр Эрдогандын Англияга сапарынын жүрүшүндө Түркияда 170 миң армян жашаганын, алардын ичинен 70 миңи Түркиянын жараны, калган 100 миңи өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткан армяндар болгонун билдирди. Би-Би-Си сыналгысынын Түрк тилиндеги бөлүмү менен маегинде АКШ Конгрессинин комитетинде жана өткөн аптада Швециянын парламентинде 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп тааныган токтомдордун бекитилиши тууралуу өз пикирин айтты:

- Түркияда 170 миң армян бар. Алардын 70 миңи биздин жараныбыз. Бирок калган 100 миңине биз көз жумуп келдик. Эмне кылышым керек? Эгер кырдаал ошондой түзүлсө, мен эртең эле аларга “өлкөңөргө кеткиле” деп айтам. Так ушуну жасайм. Эмне үчүн? Анткени алар биздин жарандар эмес.

Режеп Тайып Эрдогандын бул сөздөрү эл аралык жана түркиялык серепчилер тарабынан кескин сынга алынды.

17-мартта Армениянын тышкы иштер министри Тигран Саркисян парламентте буларга токтолду:

- Мындай саясий билдирүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу аракеттерине жардам бербейт. Түркиянын өкмөт башсысы мындай билдирүүлөрдү жасаганда 1915-жылдагы окуялар биздин эсибизде кайра жанданууда.

Түркия АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитетинде жана Швеция парламентинде геноцид деп тааныган резолюциянын кабыл алынышына абдан катуу реакция жасады.

Расмий Анкара эки өлкөдөгү башкы элчилерин кеңешүү үчүн чакырып алды. Түркия 1915-жылдагы окуяларды согуштун шарттарында орун алган жана анда жүз миңдеген түрк жарандарынын да өмүрү кыйылганын ырастап келет.

Түркиянын өкмөт башчысы Эрдогандын Лондондогу сөздөрү Түркиянын өзүндө да өтө жылуу кабыл алынган жок. Мисалы, “Hürriyet” гезитинин баяндамачысы Йылмаз Өздил мындай дейт:

- Мыйзамсыз жашап жүргөн армяндар жөнүндө кеп козголгондо жүрөк ооруп, кабыргабыз кайышат. Алар таза адамдар. Бул жерди өзүнүн экинчи мекени кылып, күнүмдүк оокатын өткөрүү үчүн иштеп жатышат. Алар “түрктөрдөн эч кандай жамандык көргөн жокбуз” деген кишилер. Бизде саясат жок. Көчмө базар соодагериндей иш кылып жатабыз. Армяндарды куубаганыбызды далилдеш үчүн армяндарды кууп жатабыз. Өлкөгө мыйзамсыз кирген армяндар биздин жумуш орундарыбызды ээлеп жатышат дегенге дегеле барбайлы, болбосо нацисттердин Германиясына окшоп калабыз.

Оппозициядагы ЖХП партиясынын лидери Деңиз Байкал өкмөт башчынын сөзү кабыл алууга болбой турганын белгилеп, “Түркияга иштеш үчүн келген адамдарды чатакты чечүүдө көзүр катары колдонуу адам укуктарына каршы тескери жорук болор эле” деди.

Бирок Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу мыйзамсыз жүргөн армяндарды чыгаруу тууралуу сунушту премьер-министр Лондонго бараардан бир күн илгери ЖХПнын эки депутаты өздөрү сунуш кылганын, бирок ал четке какканын айтты.

Мындай сунушту киргизген ЖХПнын депутаты Жанан Арытман “Кыргызстан, Өзбекстан өңдүү Түркии жумуруяттардан келген мыйзамсыз жумушчуларды кармаганда эле дароо депортациялап жатабыз го” деп билдиргенде, Давутоглу “биз ал өлкөлөрдөгү демографиялык тең салмактын бузулбашы үчүн ушундай чара колдонуудабыз” деп далилдеди.

XS
SM
MD
LG