Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Кытай Түркиядагы жарандарын сак болууга чакырды


Июлда Кытайдын уйгур автономиялык районундагы башаламандыктардан кийин расмий Бээжин интернет аркылуу Түркиядагы жарандарын сак болууга чакырды.

Июлда Кытайдын Шинжаң автономиялык аймагында чыккан тополоң учурунда бийликтин уйгурларга жасаган мамилеси Түркияда чоң нааразычылыкты жаратып, расмий Бээжин менен Анкаранын мамилелерине залакасын тийгизди.

Уйгурларга колдоо ирээтинде Түркиянын бир катар шаарларында кайра-кайра митингдер болуп жаткандыктан, Бээжин бул өлкөдө жашаган жарандарын сак болууга чакырды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги интернет баракчасында жарыялаган билдирүүдө айрым кытайлыктар жана топтор опузаланып жатканын белгилеп, Түркияда жашаган атуулдарын жана уюмдарды киши көп чогулган жайлардан мүмкүн болушунча алыс турууга чакырды.

Үрүмчүдө жергиликтүү түрк тектеш уйгурлар менен көпчүлүктөгү ханзу кытайлардын ортосунда кагылышууда, расмий маалыматтар боюнча, 197 киши набыт болуп, жүздөгөн киши жабыркаган. Бийликтин уйгурларга каршы колдонгон чараларынан улам Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган расмий Бээжинди сынга алган:

- Ушул тапта Кытайда болуп жаткан окуялар массалык кыргынга тете. Муну башкача түшүндүрүүгө аракет жасоонун кереги жок.

Түркиянын соода министри Нихат Эргүн түрк элин Кытайдан келген товарларды сатып албоого үндөгөн. Бирок Соода министрлиги бул министрдин жеке көз карашы деп билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Түркиядагы кытайлыктарга кандай коркунуч жаралганын ачыктаган жок. Бирок акыркы күндөрү бир катар радикалдуу уйгур уюмдары Үрүмчүдөгү окуялар үчүн өч алуу максатында чет өлкөдө жашаган кытайлыктарга кол салынат деп коркутушкан эле. 2-августта өзүн Түркистан Ислам партиясы деп атаган топ мусулмандарды Үрүмчүдөгү уйгур мусулмандарга каршы жасалган мыкаачылык үчүн өч алууга үндөдү.

Июлда “ал-Кайида” уюму Үрүмчүдөгү окуяларда өлгөн мусулман уйгурлардын өчүн ала турганын жар салгандан кийин Кытай бийлиги Алжирде жашаган жарандарын да сак болууга үндөгөн болчу.

Түркиядагы көчөлөрдө нааразылык акциялары өтүп жатканы менен ушул күнгө чейин Кытай улутундагыларга, же кытайлык ишканаларга кол салган окуялар каттала элек.

XS
SM
MD
LG