Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Түркия “Набукко” долбооруна үмүт артат


Түркиянын президенти Абдулла Гүл Прагада
Түркиянын президенти Абдулла Гүл Прагада

Өткөн аптада Европа Биримдиги менен Тγркия Прага калаасында Европанын көгγлтγр отун менен камсыз болушун көп тармакташтыруу максатын көздөгөн “Набукко” газ долбоорун уланта берγγ тууралуу келишимге кол коюшту. Бирок долбоордун жγзөгө ашуусунун алдында көптөгөн ашуулар турганы бышык.

Европа Биримдигинин көгγлтγр отун боюнча Орусияга болгон көз карандылыгын азайтуу максатын кγткөн, ошондой эле Каспий, Жакынкы Чыгыш, мγмкγн келечекте Ирандын табигый газын Тγркия аркылуу Европага өткөрүүнү көздөгөн “Набукко” долбоору боюнча өткөн аптада Прагада атайын саммит өттү.

Ага “Тγштγк коридор өлкөлөрγ” аттуу Азербайжан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тγркмөнстан, Тγркия, Египет жана Ирактын жетекчилери да катышты. Орусияны айланып өтүп, анын көгγлтγр отунуна болгон көз карандылыкты азайтууну көздөгөн бул көп миллиард долларга бааланган долбоорду уланта берγγ жөнγндө кол коюлган келишим аркылуу Тγркия, Каспийден чыккан отундун Австриянын Вена шаарында курулган чоң бекетке алып чыгууда транзит өлкө болмокчу.

Болжолу бир декадага жакын убактан бери европалыктар тарабынан тартышылып келаткан “Набукко” долбоору, өзγ көгγлтγр отун чыгарбаган Тγркия γчγн өтө чоң стратегиялык мааниге ээ. Орун алган геосаясий турумуна кошумча, энергетика коридору болушу менен Тγркия, Евробиримдикке мγчө болуу мγдөөсγндө дагы бир упай топтогусу келет.

Өткөн аптада журналисттер алдында сүйлөгөн Тγркиянын президенти Абдулла Гγл бул мүдөөнү кайрадан баса белгиледи:

- Биз укуктук жана техникалык инфраструктура тууралуу соодалашуулар уланып жаткан “Набукко” долбоорун кошуп алганда, тγштγк газ коридорун тγзгөн энергетика долбоорлорунун жγзөгө ашырылышына өзгөчө чоң маани берип жатабыз.

Бирок бул долбоордун ишке ашуусунун алдында бир катар проблемалар турганын да танууга болбойт. Биринчиден, бул долбоордун ишке ашуусу γчγн 12, 2 миллиард доллар тегерегинде каражат талап кылынат. Европалыктар ушунчалык чоң каражатты бөлγγгө макул болгондун өзγндө да, “Набукко” долбоору туруктуу жана жетишерлик көлөмдө көгγлтγр отун менен тейлеп тура турган ишенимдγγ булактарды табыш оңой-олтоң иштерден эмес экени да тγшγнγктγγ.

Армения менен Тγркиянын ортосунда жγрγп жаткан ымалашуу жараянына абдан нааразы болгон расмий Баку маселен, Тоолуу Карабак жаңжалы бирдей чечилбеген абалда көгγлтγр отун маселесинде Тγркиядан көрө Орусия тарапты ыктай турганын жашырган жок.

XS
SM
MD
LG