Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Түркия: Козголгон аймак, тирешкен партиялар


Түркиянын айрым шаарларында Абдулла Өжаланды колдогон акциялар өттү.
Түркиянын айрым шаарларында Абдулла Өжаланды колдогон акциялар өттү.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган башында турган өкмөттүн өлкөнүн эң башкы маселелеринин бири саналган “күрт проблемасын” аскердик эмес жолдор менен чечүүнү көздөгөн программасы эл ичинде чоң үмүттөрдү пайда кылды. Бирок күрттөрдүн эң ири саясий партиясына тыюу салууга байланыштуу башталган сот иши - өкмөттүн мындай аракеттери максатына жетпей калышы мүмкүн деген божомолдорду пайда кылды.

Үстүбүздөгү жылы жайында Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай өкмөт күрт маселесин чечүү үчүн демократияга негизделген пландын үстүндө иштеп жатканын билдирген эле.

Октябрда бийликтеги “АК” партиясы “демократиялашуу демилгеси” деп аталган планды мажилистин жалпы отурумунда ачыктап берди. Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган мажилисте буларды айткан:

- Биз бүгүн жаңы жолду баштап жатабыз. Биз Түркиянын өнүгүүсүнө жана күчтөнүүсүнө тоскоолдук кылып келген көйгөйлөрдү чечүү үчүн жигердүү кадам таштадык.

Бирок акыркы күндөрү Түркиянын өзгөчө күрт улутундагылар жыш жайгашкан түштүк-чыгыш аймактарында кайрадан күч алган башаламандыктар өкмөттүн бул демилгесин тобокелге салып жатканы байкалат.

Аймактын бир катар шаарларында 9-декабрда ири нааразычылык иш-чаралары өтүп, коопсуздук кызматчылары демонстранттар тарабынан ташбаранга алынып, көп шаарларда полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуулар орун алды.

Памир кыргыздар жашаган Ван шаарында күрттөрдүн “Демократиялуу коом” партиясы уюштурган митингге 3000ге жакын киши катышып, айрымдар полицияга күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышты.

Демонстранттардын бул аракети күрттөрдүн жикчил ПКК партиясынын ушул тапта абакта отурган лидери Абдулла Өжаландын түрмөдөгү шарттары начарлатылганы тууралуу кабарлардан кийин башталганы кабарланууда.

Ал аралыкта Түркиянын Конституциялык соту парламентте өкүлдөрү болгон күрттөрдүн бирден-бир партиясы ДТПга каршы тыюу салынган ПКК партиясынын атынан иш алып барды деген айыптоо менен иш баштады.

Айыптоо корутундусунда партияга тыюу салуу гана эмес, анын 200гө жакын мүчөсүнүн саясатка аралашуусуна да бөгөт коюу талабы айтылды. Бул сот иши бийликтеги “АК” партиясы менен күрттөрдүн ДТП партиясынын ортосундагы ызы-чууга себеп болду.

10-декабрда мажилистин отурумунда сүйлөгөн ДТП партиясынын депутаттарынын бири буларды айтты:

- Биздин партиябызды жаап салуу тууралуу токтомду “АК” партия чыгарып жатат. Конституциялык сот чечет делинген нерсе жөн эле жомок.

Эки партия ортосундагы талаш-тартышка карабастан, өкмөт күртторгө байланыштуу реформаны уланта турганын билдирди. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарындагы башаламандыктар өкмөттүн айрым реформаларды парламенттен өткөрүүсүн кыйла татаалдаштырат сыяктанат.

XS
SM
MD
LG