Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Түркиянын кийинки учурларда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынын негизинде жүргүзүп келаткан “көз карандысыз” тышкы саясаты расмий Анкаранын өнөктөшү болуп келген айрым Батыш өлкөлөрдө тынчсызданууну жаратты. “Евробиримдиктен көңүлү сууган Түркия багытын Чыгышка бура баштадыбы” деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан кез.

1963-жылы ошо кезде Европа Экономикалык коому деп аталган шериктештик келишимине кол коюу менен Түркиянын “Европа сапары” башталып, арадан жарым кылым өткөнүнө карабай ушул күнгө чейин соңуна чыга элек.

1996-жылдан тарта Евробиримдик менен Бажы биримдиги тууралуу келишим түзгөн Түркия 2005-жылдан тарта биримдикке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөрду баштаган. Бирок акыркы жылдары өзгөчө Франция жана Германия Түркиянын мүчөлүгүнө каршы маанайда саясат жүргүзө баштаганынан улам сүйлөшүүлөр создуктурулуп отуруп, Түркияда коомчулуктун Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсү азая баштагандай.

Ошого карабастан расмий Анкара өзүнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты Евробиримдикке мүчө болуу бойдон сакталып кала бергенин ишендирип келет. Акыркы жылдарда экономикасы кыйла өсүп, дүйнөлүк каржы кризистен жеңил чыккан Түркия аймактагы жана глобалдык өзгөрүштөрдүн да таасири менен мурдагысынан алда канча көз карандысыз тышкы саясат жүргүзө баштап, көп багыттуу тышкы саясаттын алкагында мурдатан чырдашып келген кошуналары менен достук мамилелерди түзө алды.

Түркия өзөктүк программага байланыштуу кошуна Иранды колдоп, Газа тилкесиндеги чабуул боюнча Израил менен тирешүүгө чейин барды. Бул болсо кансыз согуштун жылдарында өнөктөшү болуп келген Батыш өлкөлөрүндө “Түркия Батышка далын салып, багытын Чыгышка бура баштады” деген жоромолдорду пайда кылып, АКШ президенти Барак Обама жана коргоо министри Роберт Гейтс бул үчүн Түркиянын мүчөлүгүнө бут тоскон Евробиримдикти сынга алышты.

Ушул аптада Түркияга иш сапары менен барган Британиянын премьер-министри Дэвид Камэрон өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуусу үчүн британ өкмөтү колдон келгендин бардыгын жасай турганын билдирди. Ал ошондой эле Евробиримдиктин ичиндеги Түркиянын мүчөлүгүнө бут тосуп келген өлкөлөрдү сынга алды.

28-июлда Стамбулда Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен жолугушкан Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле “Түркиянын багыты – Батыш” деп билдирди. Бирок ал андан мурда айткан сөздөрүнүн биринде “Түркия Евробиримдикке мүчө болууга даяр эмес” деп айткан болчу.

Бул ирет Вестервелле эки тарап убадасына турушу керектигин, стратегиялык мааниси улам артып бараткан Түркиянын биримдикке киришине чоң маани берилип жатканын айтты.

Түркия акыркы 5 жылдан бери Евробиримдик талап кылган көптөгөн экономикалык, коомдук жана юридикалык реформаларды ишке ашырды. Алдыда али ишке ашырылууга тийиш болгон көптөгөн реформалар бар экени да жашыруун эмес. Өзгөчө өлкөдө жашаган күрт улутундагылардын укуктарын кеңейтүү маселеси ар дайым Батыштын күн тартибинде. Анкара бул жаатта да бир топ кадамдарды таштады, бирок жикчил Күрт жумушчулар партиясы менен күрөштө Батыш өнөктөштөрүнүн Түркияга жардам бербей келгенине нааразы. Бул тууралуу Давутоглу менен Вестервелленин жолугушуусунда да айтылды.

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу “орток тагдырды тең бөлүшкөн Германиядан Күрт жумушчулар партиясына каршы күрөштө алда канча натыйжалуу кызматташтыкты күтөбүз” деп айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG