Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Ооганстандагы миссиянын мандаты узартылат


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Ооганстандагы мурдагы атайын өкүлү Кай Эйде "Талибан" кыймылы менен былтыр жаздан бери жең ичинен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын бышыктады жана бул процессти үзгүлтүккө учуратты деп Пакистан бийликтерин айыптады.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Ооганстандагы мурдагы атайын өкүлү Кай Эйде "Талибан" кыймылы менен былтыр жаздан бери жең ичинен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын бышыктады жана бул процессти үзгүлтүккө учуратты деп Пакистан бийликтерин айыптады.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ооганстанга жардамдашуу миссиясынын мандатын дагы бир жылга узартканга макул болду. Маселе дүйшөмбү күнү колго салынат. Миссия быйыл сентябрда Ооганстанда боло турган парламенттик шайлоого көмөктөшөт.

Коопсуздук Кеңешинде ушу тапта миссиянын мандатына түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып, такталып жатат. Жаңы толуктоолордо январда Лондондо болуп өткөн эл аралык конференциянын айрым тыянактары эске алынат. Жалпысынан кеңештин мүчөлөрү миссиянын ишин жана анын мандатын узаратууну "бир добуштан" колдой турганын баш катчынын бейпилдик операциялары боюнча орунбасары Ален Ле Рой бейшемби күнкү жыйындан соң ырастады.

Миссиянын азыркы мандаты быйыл 23-мартта бүтөт. Буга байланыштуу ооган президенти Хамид Карзай Улуттар Уюмуна кайрылып, сентябрдагы шайлоону өткөрүүдө миссияга кошумча колдоо көрсөтүүнү суранган эле.

Рой ырастагандай, Карзайдын өтүнүчүндө негизинен техникалык жана материалдык-техникалык колдоо, ошондой эле Донорлор корун ишке тартууда миссияга жардамдашуу маселеси айтылган.

Ошол эле учурда Коопсуздук Кеңеши өлкөнүн ички иштериндеги жоопкерчиликтин көп бөлүгүн ооган бийликтери өздөрүнө алууга тийиш, ал эми эл аралык миссия көмөкчү милдеттерди аткарышы керек деп эсептейт.

АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Сюзан Райс бул багыттагы кадамдарды Вашингтон кубаттай турганын кошумчалады. Ошол эле учурда АКШ эл аралык гуманитардык жардамдарга, донор өлкөлөрдүн иш-аракеттерине байланышкан маселелерге да миссия активдүү баш-көз болушун каалайт эле.

Баш катчы Пан Ги Мундун Ооганстанга арналган кезектеги докладында эл аралык коомчулуктун бул өлкөдөгү саясий процесстерге колдоо көрсөтүшү зарыл экени белгиленет. Мындан тышкары документте "Талибан" кыймылы менен бейырасмий мүнөздө жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө Улуттар Уюму кыйла жигердүү катышканга даяр экени да капыя мүнөздө каңкуу кылынган.

Жең ичинен ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын уюмдун Ооганстандагы мурдагы атайын өкүлү Кай Эйде Би-Би-Сидеги маегинде тастыктады. Ага Карзайдын тегерегиндеги жогорку даражалуу чиновниктер тартылган. Бул ишти Эйде "келечектеги сүйлөшүүлөр тууралуу гана сүйлөшүүлөр" катары мүнөздөп, жакында Пакистан талиптердин жогорку даражадагы жоон топ өкүлдөрүн камап, жаңы башталган процессти үзүлтүккө учуратты деп билдирди.

Тымызын жасалып келген мындай кадамдар мурда төгүндөлүп, АКШ администрациясы атүгүл муну сынга алып келген эле. Бирок ушул айдын башталышында Ак үйдө өткөн кеңешмеде талиптер менен сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгы моюндалды. Эйденин сөзүнө жана башка катчынын докладындагы ишараларга караганда буга Улуттар Уюмунун миссиясы да тартылат шекилденет.

Миссиянын Кабулдагы кеңсесине былтыр октябрда талиптер кол салып, кагылышта беш киши мерт болгон. Ошондон соң Пан Ги Мун миссияда иштеген кызматкерлердин көбүн ооган жеринен тышкары чыгарып кеткенге көрсөтмө берген. Кийин алардын бир топ бөлүгү Кабулга кайтып келишти. Миссияда бош калган кызмат орундары алиге чейин толуктала элек. Ушул себептен жана коопсуздук жүйөөсүнөн улам дипломаттар миссиянын алдыдагы бир жылдык иши үзүрлүү болорунан күмөн санашат.

XS
SM
MD
LG