Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Обама өзүнө артылган үмүттөрдү актай алаар бекен...


АКШнын бүгүн расмий ишке киришип жаткан президенти Барак Обама өз мекенинде да, дүйнөдө да атагы таш жарып турган чак. Албетте анын популярдуулугу бир күндүк эмес, бирок бул көпкө созулаары да күмөн. Себеби АКШнын ички жана тышкы саясаттагы ролу жана таасири канча кең болсо, өлкөнүн алдында турган кыйынчылыктар да ошончолук оор болуп турган чак.

Чынында да Обаманын популярдуулугу бүгүн бүт дүйнөдө өтө жогору, бирок Жакынкы Чыгыш, Ирак, Иран, Ооганстан, Түндүк Корея өндөнгөн өтүшүп кеткен сансыз проблемаларды ал мамкатчылык ишке киришип жаткан Хиллари Клинтон экөөлөп жолго сала албаса, көпчүлүк көңүл калды болоору шексиз.

Алдыдагы кыйынчылыктарды Барак Обама ар дайым баса белгилеп келет. Жекшембиде Вашингтондо башталган инаугурация салтанатында да ал ушуга кайрылды:

- Биздин тарыхта, саналуу гана муун азыр биз туш келип жатканчалык оор кыйынчылыктарга туш келген. Биздин улут азыр согуш абалында жашап жатат. Биздин экономика кризисте.

Ушул жаатта байкоочулардын жана аналитиктердин пикирлерине кайрылсак.

"Обаманын администрациясына болгон үмүт бүт дүйнөдө өтө жогору. Бирок администрация алмашса элек, ал көйгөйлөрдү чечүү иши жеңилдеп калбайт" дейт Вашингтондогу Стратегиялык жана Эл аралык изилдөөлөр борборунун изилдөөчүсү Региналд Дейл.

Ошол эле убакта зор үмүттөр өзү менен кошо зор мүмкүнчүлүктөрдү да ээрчите келет эмеспи.

Обама - Ирактагы согуштан улам бүт дүйнөгө жек көрүндү болгон Жорж Буш эмес. Анын дүйнөдө кеңири таанымал Хиллари Клинтонду тышкы иштерди тейлөөгө дайындашы кара күчкө эмес, дипломатияга артыкчылык бериле баштаарынын белгиси.

"Мындай нерселер жаңы администрацияга белгилүү мерчемде эркиндик да ыйгарат. Алардын шарданы менен, Обамага башкалар менен иштешүүгө көбүрөөк убакыт бөлө алат" деп белгилейт америкалык Брукинс институтунун улук изилдөөчүсү Шибли Телхами.

Ал эми Ройтерс менен маегинде, атын атагысы келбеген европалык улук дипломат жаңы администрация ишке киришээри менен дароо чоң өзгөрүүлөр болуп кетээрине көзү жетпей тургандыгын билдирген.

"Обама келгенден кийин деле буга чейинки тенденциялар улана берет" деп эсептейт ал. Дипломат Буштун администрациясы кийинки жылдары башка мамлекеттердин пикирине көбүрөөк көңүл бура баштаганын эске салды.

Ал эми "Экономист" журналынын жазышынча, Американын дүйнөлүк иштерден обочодо калганы да туура болбойт. "АКШ ички көйгөйлөрдөн улам, өзү менен өзү болуп калса, калган дүйнө мындан утпайт. Мисалы, Америкасыз Жакынкы Чыгышта тынчтыктын орношун элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын жайылышында, Орусия, Кытай же Европа биримдиги тикесинен тик туруп, буга каршылык көрсөтүүгө ашкере далалаттанганы байкала элек" деп белгилейт гезит.

Анын аралыгында, Обамага ички проблемаларга артыкчылык берүүгө кысым күч алууда. Өткөн аптада Фокс Ньюс агенттиги жарыялаган сурамжылоо көрсөткөндөй, америкалыктардын үчтөн экиси Обама экономикага артыкчылык бериш керек деп эсептейт. Бир кезде америкалыктарды баарынан көп түйшөлткөн Ирак согушу бул ирет төртүнчү орунга түшкөн. Суралгандардын 3 пайызы гана аны башкы приоритет деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG