Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

АКШнын вице-президенти Брюсселге барды


АКШнын вице-президенти Жо Байден бейшембиде Брюсселде Европарламентте чыгып сүйлөп, Америка менен Европаны ортодогу жалпы баалуулуктар менен кызыкчылыктар ажырагыс кылып бириктирип турат деп белгиледи.

Байдендин Брюсселдеги сапары жакында АКШ президенти Барак Обама токтотуп койгон Америка-Евробиримдик саммитинин ордун баскандай болду.

“АКШ Европага муктаж жана мен түшүнгөндөн Европа үчүн да АКШ өтө зарыл өнөктөш. Дал ушу тапта биз бири-бирибизге болуп көрбөгөндөй күнүбүз түшүп турган кез”, - деп басым жасады Американын вице-президенти Жо Байден Европарламентке кайрылган сөзүндө.

Март айында АКШ президенти Барак Обама Еврошаркет менен биргелешкен саммитке катышуудан баш тарткандан бери ортодогу алакалар бир аз тартыла түшкөнү менен, бейшембиде Жо Байденди Европарламент Биримдиктин гимнин жаңыртып салтанаттуу маанайда тосуп алды.

Байден сөзүнүн башында Брюссель эркин дүйнөнүн башкалаасы наамын Вашингтондон талашса жарашаарын, Америка менен Евробиримдик кошулса, 800 миллиондон ашуун адамдын атынан сүйлөй турганын кошумчалады.

Реалдуу иштерге келгенде, Жо Байден европалыктар артыкчылык берген глобалдык климаттагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, өз кезегинде Евробиримдик да Вашингтон алдыга койгон көйгөйлүү маселелерге салым кошушу керек деп белгиледи.

- Ооганстан менен Пакистандын азаптуу аймагында биз сиздер менен бирге Ал-Каида менен Талибан согушкерлерин ооздуктап, кыйратып, багындырууга аракет көрүп жаткан чагыбыз.

АКШнын вице-президенти андан аркы сөзүндө Ирандын өзөктүк программасына токтолуп, Вашингтондун дүйнөдөнү коопсуздукту бекемдөө далалаты Брюсселде колдоо табат деген ишеничин кошумчалады.

Ал ошондой эле Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдү АКШ менен өз ара шектүү террорчулар жана алардын акча-каражаты жөнүндөгү маалыматты тыкыс алмашуугу үндөдү. Былтыр жайда кабыл алынган Еврошаркеттин Лиссабон келишими боюнча бирок, Америка европалык маалымат банкынан каалагандай пайдалана албайт, ага чектөө коюлган.

Жо Байден кечээ “Интернешнл Хералд Трибюн” гезитинде чыккан макаласында Европада АКШ өз таасирин азайтат деген пикирлерди четке кагып, бардык европалык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү сакталат, ал жакта жаңы күчтөрдүн үстөмдүгү орношуна Вашингтон жол бербейт деп басым жасайт. Москва менен мамилелерди оңдоо жагына кайрылган АКШнын вице-президенти ал үчүн аскердик тармакта айкындуулукту күчөтүү жана Европадан сырткары келген коркунучтарга каршы чогуу күрөшүүнүн жолдорун табуу багытын бөлүп көрсөткөн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG