Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

АКШнын айкөлдүгү Пакистанды шектендирди


Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Вашингтонго шашылыш кайтып барды. 12-октябрь, 2009-ж.
Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Вашингтонго шашылыш кайтып барды. 12-октябрь, 2009-ж.

АКШ Конгресси Пакистанга көрсөтүлчү ири жардам тууралуу мыйзамга атайын түшүндүрмө тиркеп берүүнү убада кылды. Анткени Пакистанда - АКШ бул жардамы аркылуу өлкөнүн ички ишине кийлигишет деген шектенүү күч алды.

Кошмо Штаттардын Конгрессинин өкүлдөрү Исламабадга бөлүнчү 7,5 миллиард долларлык жардам тууралуу мыйзам долбоорго атайын түшүндүрмө тиркелээрин шейшембиде Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен сүйлөшүүдөн кийин жар салышты. Сенатор Жон Керри баш болгон бул мыйзам долбоордун демилгечилери бирок, көрсөтүлчү жардамдын аткарылчу мөөнөтү өзгөртүлбөйт деп белгилешти.

Эки сенатор, демократ Жон Керри жана республикачы Ричард Лугар биргелешип даярдаган долбоор боюнча, АКШ Пакистанга алдыдагы 5 жылда ар жыл сайын 1 жарым миллиард доллардан бөлөт. Аны уккан Пакистандын аскер башчылары бул жардам аркылуу Барак Обаманын администрациясы Пакистанды көшөгө артынан башкарып, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деген терең тынчсыздануусун билдиришти. Шейшембиде Исламабаддык башкы дипломат менен жолугушуунун соңунда сенатор Керри антип кабатырланууга эч кандай негиз жок деп ишендирүүгө аракет кылды.

- Мыйзам долбоорду өзгөртүүгө эч кандай себеп жок. Кандайдыр түшүнбөстүктөр болсо, аларды кайра мыйзам түрүндө дааналап тактайбыз. Пакистандын тышкы иштер министри экөөбүз эртең Конгресс жана өкмөттүн макулдугу менен баарын чечмелеп беребиз. Бардык суроолорго так, даана жооп берилип, ортодо каймана пикир калбаарына бөркүмдөй ишенем.

Өткөн аптада АКШда иш сапары менен болгон Пакистандын тышкы иштер министри Куреши дем алыш күндөрү Исламабадда аскерий жана башка жетекчилер менен жолугушуп талкуулашкан соң, кайра Вашингтонго шашылыш кайтып барганы ортодо талаштуу маселелер бар экенин туюндурат. Шах Мехмуд Куреши Пакистан парламентинде, деги жалпы саясий чөйрөдө АКШ бул көлөмдүү жардамы аркылуу өлкөнүн эгемендигине көлөкө түшүрөт деген сөздөр айтылып жатканын Вашингтондогуларга билдирдим деп белгиледи. “Пакистандагы андай тынчсызданууларга Конгресстин жетекчилеринин көңүлүн буруп, дагы бир сыйра ойлонуп, түшүнүп, баарын эске алгыла деген тилегибизди айттым”, - дейт министр.

АКШ буга чейин Пакистанга негизинен аскердик жардам көрсөтүп келсе, бул жолу алгачкы ирет каражат коомдук өнүгүүгө, демократияны өнүктүрүүгө жумшалат. Мыйзамдолбоордо АКШнын жардамы Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн терроризмге каршы аракеттерине, ошондой эле өзөктүк куралды жайылтпоо иштерин колдоого багытталаары айтылат. Андан сырткары каражат Пакистан өкмөтүнүн аскердик күчтөрдү көзөмөлдөө кудуретин арттырууга сарпталмакчы. Эксперттер дал ушундай жоболор Исламабаддык аскер башчылардын үстөмөндүгүнө коркунуч туудуруп жатканын айтышат.

Аңгыча АКШлык гезиттер Конгресс бул мыйзамга тиркеле турган атайын билдирүүнү шаршембиде жарыялап, мыйзамга Барак Обама жакынкы күндөрү кол коерун кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG