Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Ооганстандагы шайлоодон кийинки абал талкууланууда


Ооганстандагы шайлоо боюнча даттануу комиссиясынын 3 мүчөсү пресс-конференцияда, Кабул 2-сентябрь, 2009-жыл
Ооганстандагы шайлоо боюнча даттануу комиссиясынын 3 мүчөсү пресс-конференцияда, Кабул 2-сентябрь, 2009-жыл

Францияда Ооганстандагы кырдаал боюнча эларалык жыйын өтүп жатат. Ага АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук да катышууда.

Ооганстан боюнча эксперт жана жазуучу Ахмед Рашидинин айтымында, Париж жыйыны президенттик шайлоого байланыштуу чукул өткөрүлүп жаткан талкуу эмес, ал бир нече ай мурун эле пландалган.

Бирок шайлоодон кийинки окуялар анын маанисин арттырууда. Улуттар уюму тарабынан түзүлгөн даттануу комиссиясы шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу 2 миңден ашуун арызды териштирип жатат. Добуштардын дээрлик жарымы саналып бүткөн учурга карай, президент Хамид Карзай алдыда баратат. Бирок ал биринчиле айлампада негизги атаандашы Абдулла Абдулланы жеңүү үчүн керектүү 50 процент ала элек.

Ооганстандагы татаал жана улам ыкчамдап бараткан саясий кризис эларалык коомчулуктун тынчсыздануусун пайда кылды. Зордук-зомбулуктун соңку мезгилдеги күчөшү кооптонпой койбойт. 2-сентябрда Ооганстандын чыгышында жан кечти мечиттин жанында жардырган бомбадан, бери дегенде 23 киши, анын ичинде өлкөнүн чалгындоо кызматынын жетекчи орун басары ажал тапты.

Ахмед Рашиди оогандар шайлоо өткөндөн кийин "АКШ эми кырдаалды жөнгө салуу үчүн кандай чара көрөөр экен" деген суроону сөзсүз беришет дейт. Бирок мындай татаал абалда Париждеги жыйында жооп оңой-олтоң табыла койбойт:

- Биринчиден, жыйынтыктардын толук чыгарылышын күтүп, президенттикке кимдин шайланганын билүү зарыл. Эгерде Карзай керектүү 50 процент ала албаса экинчи айлампа өткөрүлөт. Ал эми экинчи айлампа болбой калса, оппозиция андай жыйынтыкты кабыл алабы? Менимче, азыр улуттук биримдик өкмөтүн түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн бардык негизги талапкерлер менен сүйлөшүү аракети көрүлүп жатат. Бирок, менимче, оппозициянын негизги лидерлери Абдулла Абдулла, Ашраф Гани жана Рамазан Башардост Карзайдын жетекчилиги алдында иштөөгө даяр эместиктерин айтып чыгышты. Демек, биз олуттуу саясий, конституциялык кризиске күбө болуп жатабыз.

Карзай жеңген күнү да Батыш ага кысым көргөзүп, өкмөткө күчтүү технократтарды киргиздирүүгө аракеттенет. Карзай болсо андай сунушту чекте кагышы ыктымал, - деп улантат өз оюн Рашиди.

Атаандаш саясий фракциялар бийликти бөлүшүү жөнүндө макулдашкан Кения же Зимбабведегидей модель Ооганстанда иштеп кетпейт, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG