Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Ооганстан: Абдулло Карзайга таарындыбы?


Абдулло шайлоого тоскоолдук кылат дегендерди жараянга аралаштырбоону талап кылууда
Абдулло шайлоого тоскоолдук кылат дегендерди жараянга аралаштырбоону талап кылууда

Батышта маалымат каражаттары Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасына талапкер Абдулло Абдулло катышпай турганын айтып чыгышты.

Ооганстанда президенттик шайлоо быйыл 20-августта өткөн. Талапкерлердин бири – мурдагы Тышкы иштер министри Абдулло Абдулло – добуштар орой бурмаланганын айтып чыккандан кийин, иликтөө жүрүп, акыр аягында анын жыйынтыгы боюнча шайлоонун экинчи айлампасы 7-ноябрга белгиленген эле. Эми Абдулло бул жолу шайлоого катышпай турган болуп жатат окшойт.

7-ноябрда Абдулло азыркы президент Хамид Карзай менен беттешмек.

Шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча бул эки саясатчы сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышкан. Абдулло шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн өзүнүн талаптарын айтып, мисалы, Борборбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын, өкмөттөгү айрым министрлерди жана облус губернаторлорунун айрымдарын кызматтан алууну талап кылган.

Батыштагы маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Карзай менен Абдулло бу маселе боюнча мунасага келе алышпагандай.

Анткен менен Абдуллонун расмий өкүлү Фазел Санчараки президенттикке атаандаштар ортосунда сүйлөшүүлөр дале уланып жатканын, “Карзай Абдуллонун талаптарына көнөт го деген үмүт бар экенин” айтты.

Абдулло болсо Карзайга талаптарын ишембиге чейин аткарууга мөөнөт берген. Азырга чейин Карзай андан баш тартып келди. Санчараки “шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу маселеси азырынча карала электигин” да кошумчалады.

"Журналисттерге эмне айтканына карабай, Карзай мырза биз менен байланышта болуп, бизге күтө турушубузду айтты, - деди ал. - Бүгүн биздин талап аткарылышы үчүн акыркы күн. Эгер ал эртеңкиге чейин расмий чечимдерди кабыл албаса, эртеңден тарта биз башкача нукта сүйлөшөбүз".

Анын айтымында, доктор Абдулло жекшембиде бул боюнча кеңири маалымат-жыйынын өткөрөт. Ошондо шайлоого катышар-катышпасын так айтат деп күтүлүүдө.

Андан сырткары, Санчараки эки атаандаштын сүйлөшүүлөрүндө бийликти бөлүштүрүп алуу тууралуу сөз болбогонун ырастады. “Азырынча алар шайлоону кантип өткөрүү боюнча гана сүйлөшүп жатышат”, - деди ал.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан Абдулла чындап эле баш тарта турган болгон күндө да шайлоо өтпөй койбойт деп ишендирди.

Тасмада: Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты

Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады. Карзай өкмөтү болсо шайлоо жараяны баары бир белгиленген нукта улантылаарын айтууда.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG