Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Грузия: "талип" тасмасы чууга себепчи болду


Ооганстанга жөнөп бараткан грузин аскерлери
Ооганстанга жөнөп бараткан грузин аскерлери

Өткөн айда Ооганстанда грузиялык 10 аскердин каны төгүлдү. Грузияга каршы талиптер "жихад жарыялайбыз" деп коркуткан видеонун пайда болушунан улам, саясий кайым айтыш башталып, өлгөндөрдүн трагедиясы көлөкөдө калды.

Эгер талиптер бир өлкөнүн жетекчилерин коркутуп, «силерди талкалайбыз» десе, мындай коркутуу ал өлкөнүн элин бириктирмек деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок Грузияда мындай видео тескерисинче өлкө лидерлеринин ит менен мышыктай ырылдашуусуна түрткү болду.

13-майдагы жана 6-июндагы жанкечтилердин чабуулунда Ооганстанда 10 грузин аскери окко учкан эле. 6-июндагы Хелманд дубанындагы кол салуунун алдында «"Талибандын" Ооганстандагы грузин аскерлерине каршы жихады» деп аталган видео интернеттин Youtube сайтында пайда болду.

Ооганстанда набыт болгон жоокерлерди Мекенине алып келүү учурунда
Ооганстанда набыт болгон жоокерлерди Мекенине алып келүү учурунда
Анда ооган талиптерибиз дегендер Грузиянын өзүндө жана Ооганстандагы грузин аскерлерине кол салышаарын эскертишет. Видеодо президент Михаил Саакашвилинин ысымы бир нече жолу аталып, мындай коркутуу менен аяктайт:

Биз каапыр грузиндердин ар бирин тозокко айдайбыз. Анан Грузияга барабыз. Өч алабыз. Саакашвили, биз келатабыз. Дарегиңди билебиз. Туугандарыңды билебиз. Аман калам деп ойлобо.

Бирок бул тасма башынан эле күмөн жаратты. Анда адатта талиптер колдонгон видео тамгасы коюлган эмес эле. Мындан тышкары, "ал-Каидадан" айырмаланып, талиптер эч качан Ооганстандан сырткары жактарга кол салабыз дебейт, чет элдик президентти же алардын туугандарын коркутпайт. Ошондой эле бул тасмада музыка колдонулган, ал эми талиптер адатта алардын видеосун кайра жаздырганда "музыка пайдаланылбасын" деп эскертишет.

Саакашвили Ооганстанда болгон учуру
Саакашвили Ооганстанда болгон учуру
Кызыгы, "Азаттыктын" кабарчысы видеодо колдонулган айрым кадрлар ал 2010-жылы Ооганстанга барганда тартып, бирок колдонбой калтырган тасмадан экендигин айтып чыкты.

Ошону менен өкмөт бул видеонун кайдан пайда болгонун аныктоо үчүн иликтөө баштап, көп өтпөй аны интернетке Грузиянын өзүндөгү компьютерден жайгаштырышканы маалым болду. Муну ички иштер министри Иракли Гарибашвили 12-июнда бышыктады. Гарибашвилинин айтымында, иликтөөгө азыр АКШнын Борбордук чалгын кызматы жардам берип жатат.

Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылынан шайланган депутаттар дароо эле өкмөт башчысы Иванишвилинин "Грузиянын кыялы" партиясын күнөөлөп чыкты. «Саакашвилинин кыймылынын жаштар канатынын өкүлү «Фейсбукта талиптердин видеосу Иванишвилинин уулу Берага тиешелүү болгон студияда жасалган» деп жазган эле. 12-июнда тергөөчүлөр бул активистти суракка алышты. Иванишвили өз кезегинде айыптоолорду четке кагып, "мындай былык тасмаларды жасаганга дал Саакашвилинин кыймылы маш" деп ырастады.

Грузин жоокерлерин Ооганстанга узатуу
Грузин жоокерлерин Ооганстанга узатуу
Ал эми мурдагы коргоо министри Дмитрий Шашкин видеонун артында Саакашвилини кыртышы сүйбөгөн Орусия турган болушу мүмкүн деген оюн билдирди.

Иванишвилинин өкмөтү буга чейин Саакашвили Ооганстанга барганда, башка мамлекет башчыларындай, астейдил жүрбөстөн, өз визитин интернеттеги социалдык сайттардан жарыялап жиберип, өзүн гана эмес, Ооганстандагы грузин аскерлерин да тобокелге салып жаткандыгын сындаган.

Ал эле эмес, Саакавшилиге ыктаган "Рустави-2" сыналгы каналы президенттин Ооганстанда грузин аскери менен "кана, канча талипти өлтүрдүң?" деп, футболдо киргизилген топту санагандай, барбалаңдаганын көрсөткөн эле.

Иванишвили менен Саакашвили "Грузиянын кыялы" өткөн күздөгү парламенттик шайлоодо жеңип алгандан бери саясий кармашта болуп келатышат. Өткөн аптада мурдагы өкмөт башчысы, Саакашвилинин көзүр шериги Вано Мерабишили «кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана каражатты ысырап кылган» деген кине менен камакка алынды.

Прокуратурадан «бетинин бырышын кетириш үчүн "Ботокс" сайдырганда мамлекеттин казнасына кол салып, 11 миң долларды алып койгон» деген сыяктуу кинелер менен Саакшавилинин өзүнө каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн экендигин эскертишкен.

Грузиянын Ооганстанда бир жарым миңден ашык аскери бар. НАТОго кирбеген башка бир да өлкө мынча санда аскер кошкон эмес. Ооганстанда бардыгы болуп 29 грузин аскери набыт кетти. 6-июндагы чабуулдан кийин Грузия Ооганстандагы согуштук турактарынын экөөсүн жаап жаткандыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG