Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

"Талибандын" чабуулу министрди иштен алды


Кызматтан алынган коргоо министри Абдулла Хабиби менен Армиянын штаб башчысы Кадам Шах Шахим
Кызматтан алынган коргоо министри Абдулла Хабиби менен Армиянын штаб башчысы Кадам Шах Шахим

Өткөн жума күнү жүздөн ашуун аскердин өмүрүн алган чабуулдан кийин Ооганстанда аскер жетекчилери кызматтан алынды. Буга удаа эле АКШ коргоо министри Кабулга барды. Бул окуялар Кошмо Штаттары Оогандагы экстремисттик топтор менен күрөшүү үчүн стратегиясын караштырып жаткан учурга туш келди.

21-апрелде ооган жоокерлери базанын ичиндеги мечиттен жума намаздан кайтып келатышкан, айрымдары түштөнүп жаткан. Ошол учурда аларга ооган армиясынын кийимин кийип алышкан "Талибандын" жоочулары чабуул коюшкан.

Өкмөттүн маалыматтарында андан мерт кеткен же жарадар болгон аскерлердин саны 100дөн ашканы тууралуу айтылып, так саны ачыкталган жок. Атын атагысы келбеген бийлик адамы Reuters агенттигине кеминде 140 киши набыт болгонун айткан. Талиптер чабуулда 500 аскер өлтүрүлүп, жараат алганын ырастайт. Кантсе да бул ооган аскерлерине кол салуунун эң ириси экени белгиленүүдө. Атышуу учурунда кол салган он жоочу тең өлтүрүлгөн.

чабуул курмандыктарына куран окулууда
чабуул курмандыктарына куран окулууда

Кандуу окуядан соң жекшембиде өлкөдө аза күтүлүп, дүйшөмбүдө коргоо министри менен армиянын штаб башчысы кызматтан кетти. Дагы төрт армиялык корпустун командирлери алмаштырылганы кабарланды.

Ооган президентинин өкүлү Шах Хуссейн Муртазави кадрдык чечимдер чабуулга байланыштуу экенин ырастады:

- "Талибан" же башка террордук топтор өкмөттөн такай колдоо алып турбаса мындай чабуул жасоого мүмкүнчүлүгү болмок эмес. Биз Ооганстанда иш жүзүндө эл аралык согушту баштан кечирүүдөбүз. Бул жөн эле оогандардын ички, бири-бири менен согушу эмес.

Муртазави ал кайсы өкмөт экенин ачыктаган жок. Тек гана ар тараптуу иликтөө жүргүзүлө баштаганын кошумчалады.

Ооган өкмөтү "Талибанды" аймагында жашырып, жардам көрсөтөт деп коңшусу Пакистанды айыптап келет. АКШ расмийлери болсо "Талибан" менен Орусиянын байланышы бардыгын да билдирип чыгышкан.

Жеймс Мэттис
Жеймс Мэттис

Окуяларга удаа дүйшөмбүдө АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис талип жана башка жоочулар менен күрөшүүдөгү муктаждыктарды билүү максатында Ооганстанга келди. Анын сапары алдын ала жарыяланган эмес эле. Мэттис президент Ашраф Гани баштаган ооган расмийлери менен жолугары күтүлүүдө.

Меттистен мурда Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер да ооган жеринде болуп кеткен. АКШ президенти Дональд Трамп ушул убактарда Ооганстан боюнча жаңы стратегия кабыл алары күтүлүүдө. Ал азырынча жарыялана элек.

АКШ НАТОнун алкагында "Талибан" жана башка күчтөргө каршы согушта ооган өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет. Мурдагы президент Барак Обаманын тушундагы стратегияга ылайык, мындагы коалициялык аскерлер чыгарылып отуруп, 100 миңден 10 миңдин тегерегине түшкөн. Алар да урушка түз аралашпай, ооган аскерлерин машыктырып, кеңеш беришет.

Бирок ошол эле учурда февраль айында АКШнын Ооганстандагы башкы аскерий кол башчысы, генерал Жон Николсон аймактагы абал оор экенин белгилеген. Ал "Талибан" менен күрөштөгү туңгуюктан чыгуу үчүн аскерлерди дагы бир нече миңге көбөйтүү зарылдыгын айткан. Мындай муктаждык бар экенин Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани да айтып, кубаттаган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG