Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Исламабадда талибдерди ийге келтирүү жолу изделүүдө


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү

Исламабадда бүгүн Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү башталды.

Пакистан, Ооганстан, АКШ жана Кытайдын дипломаттары катышкан төрт тараптуу сүйлөшүүдө ооган өкмөтү менен ”Талибан” ортосундагы сүйлөшүүнүн планын түзүүгө аракет жасалууда.

"Талибан" сүйлөшүүгө тартылабы?

Пакистан баш калаасында башталган бул сүйлөшүүгө ооган тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Карзай, Пакистан тышкы иштер министри Айзаз Чоудри жана АКШ менен Кытайдын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда. Жолгушууга талибдер чакырылган эмес.

Жыйынды ачкан Пакистан премьер-министринин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз негизги максат - талибдерди сүйлөшүүгө отурууга ынандыруу экенин айтты.

Ооган өкмөт башчысынын маалымат катчысы Жавед Файзал бир күн мурда бул жыйында Ооганстан менен "Талибан" ортосундагы түз тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн механизмдери талкууланарын билдирген. Ал Пакистан Кабул менен 14 жылдан бери токтобой келаткан согушка чекит коюуну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгүсү келген “Талибан” өкүлдөрүнүн тизмесин сунуштарын да кошумчалаган. Файзалдын айтымында, Исламабад талибдерди каржылоого жана Пакистандагы талиб согушкерлери Ооганстанга өтүп кетишине мүмкүндүк бербөөгө макул болгон.

Кабул буга чейин Исламабадды Ооганстандагы талибдерди жашыруун түрдө колдойт деп айыптап келген эле.

Ооган президенти Ашраф Гани былтыр жыл соңундагы маалымат жыйынында азыркы сүйлөшүү тууралуу буларды айткан:

- Бул сүйлөшүүнүн максаты - бекем тынчтыкка жетүү үчүн жол картасын табуу. Бул жерде негизги маселе талибдердин тандоосунда: же тынчтык, же терроризм. Мындан башка жол жок. Терроризмге биз албетте сабырдуулук менен тим карап тура албайбыз.

Үмүт арттырган жолугушуу

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби 8-январда Вашингтондогу маалымат жыйынында бүгүнкү сүйлөшүү Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча кийинки өнөктөштүккө өбөлгө болорун белгилеген:

- Бул биздин Ооганстан, Пакистан жана Кытай менен биз дайыма айтып жүргөн жана көргүбүз келген Ооганстанга тынчтык орнотуу боюнча мындан аркы кызматташтыгыбызга мүмкүндүк берет. Биз бул татаал жараянда алдыга жылуу үчүн кандайдыр бир аракет болушун чыдамсыздык менен күтөбүз.

Бул сүйлөшүү талибдер Ооганстанда террордук чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди. Талибдер азыр өлкөдгү маанилүү делген түштүк провинциясын басып алуу коркунучун да туудурууда.

Айрым серепчилер муну ооган өкмөтү менен "Талибандын" сүйлөшүүсүн кайра жандантууга эл аралык коомчулуктун көңүлү бурулуп турган чакта талибдердин бул сүйлөшүүдөгү өз колун бекемдөө аракети катары баалашууда.

Ооган өкмөтү менен "Талибандын" ортосундагы сүйлөшүү өткөн жайда талибдердин лидери Молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү ачыкка чыккан соң үзгүлтүккө учураган эле. АКШ менен Кытайдын калкалоосундагы бул сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы 7-июлда Пакистанда, Исламабаддын чет жакасында өтүп, ал алдыга жасалган маанилүү кадам катары бааланган. Сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы 31-июлга белгиленип, бирок ага эки күн калганда талибдер лидери молдо Омар өлгөнүн эки жыл бою жашырып келгени ачыкка чыгып кеткен.

"Талибандын" ичинде болсо ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө бир кылка пикир жок. Анын бир тарабы алдыда кандай гана сүйлөшүү болсо да катышууга даярдыгын айтса, айрым бир майда топтор Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүгө караманча каршы.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG