Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

"Талибан" “жазгы чабуулун” жарыялады


Талибандын элдешүү жараянга кошулуп, өкмөткө куралын өткөрүп берип жаткан мурдагы согушкерлери. Жалалабад шаары, 24-февраль, 2016-жыл.
Талибандын элдешүү жараянга кошулуп, өкмөткө куралын өткөрүп берип жаткан мурдагы согушкерлери. Жалалабад шаары, 24-февраль, 2016-жыл.

Ооганстанда "Талибан" кыймылы “жазгы чабуулга” өткөнүн жарыялады. Мунун алдында Кабул менен Вашингтондун 9-апрелдеги сүйлөшүүлөрүнүн соңунда "Талибанга" тынчтык жараянга катышуу чакырыгы кайрадан жасалган эле.

"Талибандын" жарыясында көргөзүлгөндөй, алардын 12-апрелдин таңынан башталган “жазгы чабуулу” кыймылдын лидери молдо Омордун урматына “Омор операциясы” деп аталды.

Талибдер Ооганстандын Батыш колдогон азыркы өкмөтүн согуштун 15-жылында бийликтен кулатуу үчүн “жанкечтилердин жана партизандык ыкмадагы чабуулдарды” күчөтүүнү убада кылууда.

“Капырлардын армиясына каршы жихад - биздин мойнубуздагы ыйык парз, ислам түзүлүшүн жана көз карандысыздыгыбызды кайра тикелөөнүн жалгыз аргасы ушул" деп айтылат "Талибандын" билдирүүсүндө.

Адатта Ооганстанда кыш айларында кыянатчылыктар менен уруштар басаңдап, тоолордо кардын эриши менен жаз жана жай айларында күчөйт.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Давлат Вазири “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде "Талибандын" “жазгы чабуул” жарыясында жаңылык жоктугун белгилеп, буларга токтолду:

- Биз жумушубузду кадимкидей эле улантып жатабыз, дүрбөлөңгө түшкөн жокпуз. Өлкөгө бүлгүн салып, адамдарды өлтүрүп, жол боюна бомба коюп жаткандар - Ооганстандын душмандарды. Эгер алар тынчтыкка көнбөсө, ооган коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып, сот жообуна тартылышат, болбосо жеңилип, акыр-аягында жок кылынат.

Ооганстанда былтыр кыянатчылыктардан 11 миңдей жөн-жай тургундун өмүрү кыйылган. Талибдер жарыялаган “жазгы чабуул” согушту канчалык күчөтөрү белгисиз. Бирок НАТОнун да, Ооганстандын да расмий өкүлдөрү быйыл да оор уруштар күтүлөрүн жокко чыгарышпайт.

"Талибандын" жарыясына тушташ АКШнын Кабулдагы элчилиги америкалык жарандарга чукул эскертүү берип, аларда согушкерлердин борбордогу чоң мейманканалардын бирине кол салуу планы боюнча маалымат бардыгын билдирди. Өткөн ишемби күнү мамлекеттик катчы Жон Керри Кабулга кыска сапар менен келип кеткен эле.

Ооган президенти Ашраф Гани менен маалымат жыйында Керри "Талибан" менен сүйлөшүү маселеси мурдагыдай эле күн тартипте турганын бышыктаган:

Жон Керри жана Ашраф Гани. Кабул, 9-апрель, 2016-жыл.
Жон Керри жана Ашраф Гани. Кабул, 9-апрель, 2016-жыл.

- Биз "Талибанды" тынчтык жараянга кошулууга бүгүн да кайрадан чакырабыз. Бул мыйзамдуу жана реалдуу жараян оогандардын баары үчүн бирдей укуктарды камсыздап, кыянатчылыктардын, бул өлкөнүн эли көптөгөн жылдардан берип тартып келаткан азап-тозоктун токтошуна алып баруусу керек.

Мамлекеттик катчы Жон Керри президент Барак Обама АКШнын учурда Ооганстанда турган 9800 аскеринин саны кыскарар-кыскарбасын жериндеги кырдаалга жараша жана аскер башчылардын пикирин эске алуу менен чечерин кошумчалады.

Вашингтондун буга чейин айтылган планы боюнча аскерлердин саны келерки жылдын башына барып 5500гө түшүрүлүшү керек. 2015-жылдан бери коопсуздук үчүн жоопкерчилик жана "Талибан" менен тикелей согушуу вазийпасы ооган күчтөрүнүн өзүнө өткөн.

АКШ жана НАТО аскерлеринин башкы милдети - ооган күчтөрүн машыктыруу.

НАТО колбашчыларынын эсебинде, азыр "Талибан" Ооганстандын алты пайыз аймагын көзөмөлдөйт. Ал эми 70% чейинки аймак өкмөттүк күчтөрдүн карамагында. Бирок өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүнө чейинки аймакка талибдерден коркунуч бар.

Ооган аскерлеринин Гилменддеги туруму. 7-апрель, 2016-жыл.
Ооган аскерлеринин Гилменддеги туруму. 7-апрель, 2016-жыл.

Акыркы айларда уруштар бир нече чөлкөмдө, анын ичинде түндүктөгү Кундуз, Пакистанга чектеш Гилменд провинцияларында жүрүп келди.

Эки күн мурда эле Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Масум Станикзай Гилменд провинциясынын борбору Лашкаргах шаарын талибдер басып алабы деген тынчсызданууларды четке какты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG