Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Ооган согушчандары келинден өч алды


22 жаштагы ооган аялды эркектер менен никесиз жыныстык катнашка барды деп, сотсуз эле атып салуу эл аралык коомчулукту катуу кыжалатка салууда.

Окуянын бир нече ай мурда эле талиптерден эркин деп жарыяланган Парван провинциясында болгону - Кабылдын ныптасындагы бул аймакты талиптер бийлеп жаткан жокпу деген суроо жаратты. Жаш келинди шашылыш казылган чуңкурдун четинде эл көзүнчө атууну ооган президенти Хамид Карзай “наадандык жана кечиримсиз кылмыш” деп атады.

Келинди сотсуз-мыйзамсыз соттоо Кабылдан жүз чакырым алыстагы Шинвари районундагы Кимчок кыштагында болду. Ооган бийликтери 8-июлда жарыялаган тасмада бети-башы чулганып, чуңкурдун жээгинде отурган ак бурка кийген аялды дамбал-селдечен эркек артынан келип, эки-үч метр аралыктан желкеге атып, өлтүрдү. Сотсуз өзүм билемдик жамбоордо отурган айылдыктардын көз алдында жасалды.

Талиптер келинди чогулган эл алдында атышты.
Талиптер келинди чогулган эл алдында атышты.
Ооган улуттук армиясынын жоокерлери жана чет элдик аскерлер азыр никеси жок туруп, бөтөн эркектер менен жыныстык мамиле курду деп күнөөлөнүп атылган аялды өлтүрүүгө катышы бар деген согушчандарды түп көтөрө издешүүдө.

Бул окуя үч апта мурда болгону жөнүндө да маалыматтар бар. Парван провинциясынын губернатору Абдул Басир Салангинин айтышынча, 22 жаштагы аялды атууну уюштурган талип командирлери Молдо Азатулла жана Кадыр мурда ал аял менен же зордуктап, же көңүлгө азгырылып, “төшөк бөлүшкөн” экен. Алар бейыйман иштери ашкере болуп калганда, абийирин жашыруу үчүн аялдын көзүн тазалашкан.

Талиптер жосунсуз окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдиришти. Бирок губернатор жанагы эки командир исламчыл топтун мүчөсү экенин, алар шарият канонун бузганы үчүн баш командир Мурза Хандын буйругу менен тындым кылынган дейт. Себеби шариятка ылайык, аялды ислам соту башка талиптердин көз алдында соттоого тийиш эле, деп түшүндүрөт Саланги:

- Алар шариятка сыйбаган кылмыш жасады. Алар бир саат ичинде чечим чыгарып, тигини атып салышты. Себеби өздөрүнүн изин жашыруу керек эле. Алар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келгенин да каалашпады. Алар, демейде, машине кыйраса да жоопкерчиликти өзүнө алышчу.

Талиптер бийликте турганда “ак жип аттады”, “сойкулук жасады” деп шектелген аялдарды эл көзүнчө атуу кеңири жайылган.

2008-жылы июль айында Газни провинциясында эки аял ушундай күнөө менен айыпталып, журналисттердин көзүнчө атылган.

Губернатор Абуд Башир Саланги “Ооганстандагы коопсуздуктун түркүчү” деп жарыялаган провинциядагы окуя аймактагы кырдаал опурталдуу экенин шардана кылды.

Маалыматтарга караганда, талиптер провинциянын түндүк райондорунда расмий бийлик менен жарыша өз өкүмүн жүргүзөт. Бирок провинция жетекчилиги талиптер маал-маал пайда болуп, кайра житип кеткенин, майдын аягы-июндун башында согушчандарга каршы аскерий операция өткөрүлгөнүн айтышат.

XS
SM
MD
LG