Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Апаатта аман калган Султан


Султан китеп окуганды жакшы көрөт.
Султан китеп окуганды жакшы көрөт.

"Азаттык" 16-январдагы учак кырсыгынан кийинки тагдырларга кайрылат. Үй-бүлөсүн жоготуп, жалгыз калган жети жаштагы Султандын тагдырын баяндайбыз.

Эми гана мектепке бара баштаган Султан зээндүү, билимге жакын бала экен. Каргашалуу окуяда аны билим сактап калгандай сезилет.

Үй-бүлөсүн жоготкон кичинекей Султан учурда “Манас” аэропортунан алты чакырымдай алыстагы Манас айылында жашаган чоң апасынын колунда экен. Бир күндө төрт адамды жерге берген үйгө көңүл сурап келген адамдардын кирди-чыктысы али басыла элек.

- Бул башка түшкөн оор кайгы болду. Артында бир баласы калды. Азамат жакшы бала болчу. Келинчеги Наргиза да өзгөчө кичи пейил келин болчу, - деп келгендер кырсыкта жарыкчылык менен коштошкон Азамат менен Наргизанын сөөгүн агартып, жакшы сөздөрүн айтып жатышат.

Менин көзүм Султанда. Эч нерседен бейкапар бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө кирип, ойноп жүргөн жети жаштагы бала менен ыңгайын таап сүйлөшө кеттим. Тартынбаган, адамдын көзүнө тик караган Султан менен эки ооз сүйлөшкөнүмдө эле анын билимге болгон дилгирлигин, умтулуусун байкадым.

"Бир, бир, бир, Асан, класска кир. Үч, төрт, ордуңа өт", – деп бирде "Алиппесин", бирде "Букварь" китебин барактап, бизге көрсөтүп жаткан Султан балким кайгылуу окуяга байланыштуу бир жумадан бери сабакка барбай окуусун сагынып калгандыктанбы, айтор китептерин колунан түшүргүсү келбейт. "Б-рал, брал. Бу-к-ва, буква. Ку-би-ки, кубики..."

Жетиге чыккан Султан орус тилиндеги мектепте билим алат.
Жетиге чыккан Султан орус тилиндеги мектепте билим алат.

Бир үй-бүлөдөн жалгыз калган Султанды каргашалуу күнү билим сактап калгандай. "Ал кырсык басардын алдында мектепке шашып кеткен экен" деп сөзүн баштады чоң апасы Бурулкан Жумалиева:

- Султанды апасы эртең менен чоң жолго чыгарып, мектепке кетчү балдарга кошуп коюп, кайра үйгө кирип кетиптир. Баласын эмизет да. Ошо эмизген бойдон кетип жатпайбы.

Бурулкан Жумалиева каргашалуу таңды мындайча эскерет:

- Демейде эрте эле турчумун. Ошо күнү уктап калыпмын. Турсам эле кызым телефон чалды. “Дачада эжемдин үйүнө самолеттун дөңгөлөгү түштү” деди. Менин улуу кызым да ошол жакта турчу. Мен болсо Азамат уулумду эстей калып дароо ага чалсам телефону өчкөн. Машина таап кетип баратканбыз. Күйөөмө чалсам “жумуштамын, үйдө эле отура берчи” дейт. Көрсө мени барбасын деген экен. Күйөөм жетиде жумушка баратканда эле угуп, кырсык болгон жерге жеткен экен. Келинимдин денесин таап жөнөтүп жатышыптыр. Мен да жетип барып "Тез жардам" ары-бери өтүп жатканынан жамандыкты сездим. "Тез жардамдын" машинесинен күйөөм түшкөнүн бир билем, калганын билбейм...

Султанды көргөн сайын көзүнө жаш алган Бурулкан эженин небересинин тагдырын атасы Азаматтын тагдырына салыштырды.

- Азамат балдарымдын улуусу. Азамат да алты жашында атасынан ажырап калган. Үч баламдын атасы 30 жашында эле жүрөгү кармап каза болгон. СМУда иштечү. Муну угуп отуруп кичинекей Султан да ата тагдырын башынан өткөрөрүн эстеп, аттиң дейт экенсиң...

Бир үй-бүлөдөн жалгыз калган Султандын чоң апасы Бурулкан Жумалиева.
Бир үй-бүлөдөн жалгыз калган Султандын чоң апасы Бурулкан Жумалиева.

Уул-келинин, эки небересин ажалга алдырган Бурулкан Жумалиева кудайга шүгүр деп, жакасын карманат. Себеби апаатта Дача айылында жашаган улуу кызынын үйү да талкаланган. Бирок кыз-күйөөсү, неберелери аман калган. Анткен менен кош бойлуу кызы катуу стресске кабылып, учурда дарыланып жаткан экен.

- Учак кызымдын үйүнө кулаган дешет. Учактын дөңгөлөгү алардын үйүнүн биринчи бөлмөсүн талкалап, экинчисинин дубалына келип такалган. Кызым эстен да танып калыптыр. Мен уулумдун өлүмү менен болуп, кызымды унутуп да коюпмун. Ал кош бойлуу, дарыгерлерге көрүнүптүр. Азыр күйөө балам, кызым, балдары мейманканада. Анча-мынча оокаты бар эле, баары талкаланып жок болуптур. Алар да көчөдө калышты.

Бурулкан Жумалиева балдары менен Манас айылына 2001-жылы көчүп келиптир. Ал жесир калгандан кийин турмушу начарлап, шаардын ичиндеги батирин сатып, арзанына карап ушул жаңы конушка келген экен. Бул жерде жашоо-турмушту кайра курган. Бишкекте жашап жаткан уулу Азаматты да Дача айылына беш жыл мурда Бурулкан апа өзү чакырып алган экен.

- Уу ичсем уу ичип, суу ичсем суу ичип, жаныма жакыныраак келсин деп чакырып алгам. Бул жакта туугандар да көп болчу. Чогуу бололу дегем. Азаматтар жашап жаткан Дачадагы үй деле бирөөнүкү болчу. Булар бир аз акча берип жашап жатышкан. Азамат келинчеги Наргиза менен аябай ынак болчу. Андай жубайлар жок болсо керек. Аябай ынак болушчу...

Ширетүүчү болуп иштеген Азамат менен “Кут билим” гезитинде иштеген жубайы Наргизанын үй сатып алабыз деген чоң максаты бар эле. Ушул күндөрү Азамат Орусияга иштегени кеткенге камынып жүргөн эле.

- 20-январда Орусияга иштеп келгени жөнөп жаткан. “Апа, участокко акча салып турам, кетип жатканда чакырам, Наргизаны силердикине көчүрүп келип, анан кетем. Жер тилкесине акча сала берсем, сиз чогултуп ала бересиз" деген. Кийинки күндөрү Азамат менен Наргиза “Султанды сиз эле алып окутуңузчу” деп калышкан. Себебин сурасам “сиз эле окута бериңизчи, мектеп деле жакын” деп балам эки жума мурун ушинтип эле кайра-кайра телефон чалган. Жүрөктөрү сезгендей эле...

Кечээ тирүү, бүгүн жок уул-келини алдын ала сезип сурангандай эми кичинекей Султан чоң энесинин колунда калды.

- Өзүм эле камкордукка алам. Султанды окутабыз. Түрктөрдүн мектебине берсекпи деген оюм бар болчу. Ал жактын келечеги бар да.

Данисте: Султандын тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:12 0:00
Түз линк

Султанды аяп, көңүл сурап, баланын маңдайын сылаганы келгендер түрдүү оюнчуктарды көтөрө келишет. Алардын кээ биринин Султан кутусун да ачпаптыр. Анын ордуна китебин кучактап, келгендерге шар окуганына мактанып, тартынбай саймедиреп жүрөт. ​

Султан оюнчуктан мурда китеп окуганды каалайт.
Султан оюнчуктан мурда китеп окуганды каалайт.

Султан: Бир, бир, бир, Асан, класска кир.

Эки, үч, төрт ордуңа өт.

Беш, алты, жети, сегиз, кечикпей жүр дейбиз.

Тогуз, он, сергек бала бол!

Ошентсе да Султандын жаш жүрөгү бир нерсени сезгендей. Чоң апасы Султан кээде буркулдап ыйлап да аларын айтат:

- Буга ата-апасы бир жакка кетип, эми келчүдөй сезилип жатат. Бирок бала болсо деле сезип турат болуш керек. Мурдагы күнү өзү отуруп алып ыйлап алды. Бала болсо деле анын баарын билип жатса керек.

Султан башынан өткөн бул каргашаны эс тартып чоңойгондо кандай кабыл алаарын азыр эч ким айта албайт. Эми жети жашар бала ата-апасын, ини-карындашын сүрөттөрдөн жана той-топурда тартылган видеолордон гана көрүп кала берет.

Султан ата-апасын, ини-карындашын сүрөттөрдөн гана көрүп кала берет...
Султан ата-апасын, ини-карындашын сүрөттөрдөн гана көрүп кала берет...

"Азаттык": Бул да Султанбы? Бул жерде да Султан жүрөт. Баары эле сени менен сүрөткө түшө беришет экен да [күлүп].

Султан: Кайсыл? Бул Актан, иним да! Мен эмес.

18-январдагы учак кыйраган каргашада үй-бүлөсүнөн ажырап калган жети жаштагы Султан менен сегиз жаштагы Жакшылык “Балдардын укугун коргоо лигасынын” кырсыктан кийин балдарга ылайыкталган атайын комплекстүү программасына киргизилген. Ушул күндөрү эки бала тең психологиялык реабилитациядан өтүп жатат.

Кырсык Султанды үй-бүлөсүнөн ажыратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:43 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG