Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Футбол: улуттук кураманы орус жараны машыктырат


Кыргызстандын улуттук курамасынын (кызыл кийимчен) футболчулары Тажикстандын улуттук курамасы менен беттешүүдө.
Кыргызстандын улуттук курамасынын (кызыл кийимчен) футболчулары Тажикстандын улуттук курамасы менен беттешүүдө.

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп орусиялык Александр Крестинин дайындалды. Орусиялык адис менен Футбол федерациясынын келишими үч жылга түзүлдү.

Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучулук кызматында Александр Крестинин алгач эле топ лигада ойногон клубдардын мелдештерин көрүп, улуттук курамага кире турган оюнчуларды тандоо менен алгачкы ишин баштагандыгын айтты:

- Топ лигада ойногон клубдардын оюнун көрүп, оюнчулар менен жакындан таанышып баштадым. Мага кандай жоопкерчилик жүктөлгөнүн жакшы түшүнүү менен кабыл алдым. Болгон билимимди, иш-тажрыйбамды улуттук курама үчүн сарптаганга аракеттенем.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. 21-октябрь, 2014-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. 21-октябрь, 2014-ж.

Александр Крестининге кыргыз футболу мурдатан тааныш. Ал 2010-2011-жылдары Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубунда ойноп, кийин машыктыруучу болуп эмгектенген. Анын жетекчилигинде бул клуб 2010-жылы Кыргызстандын чемпиону, 2011-жылы “Кыргызстан кубогун” уткан. Ушул эле жылы өлкө чемпиондугунун күмүш байгесин тагынган.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев жаңы машыктыруучуну тандоодогу негизги талаптар тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Кыргыз футболу менен мурда тааныш болгон кыргызстандык же Кыргызстанда иштеген машыктыруучуларды карадык. Топ лигада ойногон клубдардын машыктыруучусу болбошу керек эле. Крестининдин талапкерлиги биз койгон талаптарга туура келди. Максат, пикирлерин угуп, бул кызматка тандадык. Алдыда дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештери, жолдоштук беттештер бар. Улуттук кураманы жаш, мыкты оюнчулар менен толуктап, ойноо сапатын жакшыртуу зарыл. Андан сырткары 2019-жылы боло турган Азия кубогу үчүн мелдештерге чыгаруу негизги талап катары коюлду.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын 1992-1996- жылдардагы башкы машыктыруучусу Меклис Кошалиев талапкерди тандоодо футбол адистеринин пикири эске алынбаганына нааразы. Анын айтымында, башкы машыктыруучулук кызматка Футбол федерациясынын аткаруу комитети дайындаган. Жаңы насаатчы мурдагы машыктыруучулардын кемчиликтерин кайталабаса экен деп чочулайт.

- Жаңы машыктыруучуну Кыргызстандын футбол федерациясынын аткаруу комитети дайындады. Футбол адистеринин пикири эске алынган жок. Ал жөнүндө сурасам, "Нефтчини" чемпион кылган, футболду мыкты түшүнгөн адис деп айтышты. Тандоодон жаңылышпаса деп тилек кылам. Александр Крестинин тактикалык жактан алсыз машыктыруучу болгон Сергей Дворянковдун кемчиликтерин кайталабаса экен.

36 жаштагы Крестинин кураманы быйыл 1-декабрдан тарта машыктыра баштамакчы. Анын жетекчилигинде кыргыз оюнчулары декабрь айынын ортосунда Кытайдын улуттук курамасы менен алгачкы жолдоштук беттешин өткөрөт.

Александр Крестинин буга чейин Орусиянын Краснодар крайындагы Футбол академиясында методикалык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Орусиянын жана Казакстандын биринчи жана экинчи дивизиондорунда ойноп келген.

Кубань мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн. 2012-жылы Азия футбол конфедерациясы тарабынан “В” квалификациясындагы машыктыруучу” сертификатын алган.

Буга чейин улуттук кураманы “Абдыш-Ата” клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов убактылуу жетектеген. Мирлан Эшенов орусиялык Сергей Дворянковду алмаштырган эле.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG