Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 09:00

1937: Максим Аммосов “Жоголсун коммунизм!” деп ураан чакырган беле?


Саха Республикасынын Эл Түмөнүнүн төрагасы А.Н.Жирков М.К.Аммосовдун айкелине гүл койду. Бишкек, 13.11.2014.

Якутскиде жана Бишкекте саха элинин көрүнүктүү ишмери Максим Аммосовдун айкели турат. Ал Саха совет мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири. Ал Кыргызстан союздук макам алган соң анын Компартиясынын алгачкы Биринчи катчысы болгон. Анын өмүрү сталиндик жазалоолор доорунда мезгилсиз үзүлгөн.

М.К.Аммосовдун өмүр жолунун башаттык учуру

Максим Кирович Аммосов 1897-жылы 10-декабрда (григорийлик жылнаама боюнча - 22-декабрда) падышалык Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы отордук аймагы болгон Якутия облусунун Нам улусуна таандык Хатырык конушунда туулган. Теги – саха (орусча “якут”, өз эне тилинде – “саха”; бул терминди мындан ары сахалардын өз эне тилиндеги аталыш менен беребиз).

Атасы - Кирик Васильевич Аммосов, энеси - Анастасия Леонидовна Винокурова. Атасы жакыр болгондуктан, Максим оокаты тыңыраак аталаш агасынын тарбиясында өскөн жана 1906-09-жылдары улус борбору Намцы кыштагында башталгыч мектепти аяктаган.

1909‑13-жылдары ал Якутск шаарындагы 4 класстык окуу жайга (училище) окууга өтөт. 1013‑14-жылдары ал саха соодагери жана коомдук ишмери Гаврил Васильевич Никифоровдун - Манньыаттаах уолдун (1871-1959) соода фирмасына жөнөкөй чабармандык ж.б. жумуштарды аткарган.

1914-жылдын сентябрынан 1918-жылдын февралына чейин ал Якутск мугалимдер семинарийинде таалим алып, ошол эле учурда, 1916-жылдан тартып жашыруун ыңкылапчыл ийимдерге катыша баштайт. 1917-жылы мартта болшевиктер партиясына мүчө болуп кирет.

1918-жылдан тартып аймактагы революциячыл ишке жигердүү аралашкан. Саха (Якутия) аймагында жана жалпы Чыгыш Сибирде Кеңеш өкмөтүн орнотууга чоң салым кошкон.

1920-жылдын майынан 1921-жылдын августуна чейин Саха райондук – губерниялык революциячыл комитетинин төрагасы болгон. Ал кезде болгону 23-24 жашта эле (Кыргызстанда да ал курдуулар, 20-30дардагы жигиттер, мамлекеттик башкаруу иштерине киришкени маалым).

1921-жылдын октябрынан 1922-жылдын июнуна чейин М.Аммосов РКП(б) губерниялык бюросунун Саха бөлүмүнүн жооптуу катчысы болгон жана Саха автономиясы маселеси боюнча Москвага иш сапарга да жиберилген.

1922-жылы июн-декабр айларында РКП(б)нын Саха облустук уюштуруу бюросунун жооптуу катчысы болгон.

1923-жылдын январ-март айларында ‑ РКП(б)нын Саха облустук комитетинин жооптуу катчысы.

1923-жылдын март-август айларында – Саха АССРинин Соода жана өнөр жай эл комиссары.

1923-жылдын августунан 1925-жылдын июлуна чейин Москва шаарында Бүткүл орусиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумундагы Саха АССРинин туруктуу өкүлү кызматын аркалаган. Анын 1924-жылдын май айында Москвада Иосиф Сталин, Михаил Калинин сыяктуу жетекчилер менен чогуу түшкөн сүрөтү да бар.

1925-жылдын июнунан 1928-жылдын августуна чейин – Саха АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы.

1927-жылдын март айынан 1928-жылдын августуна чейин (бир эле учурда) Саха АССРинин БАКынын төрагасы болгон.

Бул супсак маалымат Максим Аммосов өз доорунда Платон (Былатыан) Ойуунский жана Исидор Барахов сыяктуу чыгаан саха ишмерлери менен ийиндеш болуп, советтик саха мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө көөнөргүс салым кошконун тастыктайт.

Ал эми 1928-жылдын августунан 1930-жылдын сентябрына чейин ал Бүткүл союздук Коммунисттик партиянын - ВКП(б)нын аппаратында жооптуу инструктор болгон.

1930-жылдын сентябрынан 1932-жылдын февралына чейин Кызыл профессура институтунун Агрардык институтунда теориялык бөлүмдүн угуучусу болуп, анын эки курсун тамамдаган.

Максим Аммосов Казакстанда

1932-жылдын жаз мезгилинен тартып М.К.Аммосов советтик Борбордук Азияда иштей баштаган.

1932-жылдын март-май айларында ВКП(б)нын Казакстан чөлкөмдүк (крайлык) комитетинин Уюштуруу бюросунун Батыш Казакстан облусу боюнча биринчи катчысы болгон.

1932-жылдын июнунан 1934-жылдын май айына чейин ВКП(б)нын Батыш Казакстан облустук комитетинин биринчи катчысы болгон. Казак тилин мыкты өздөштүргөн дешет (кантсе да, саха тили да түрк тилдеринин бири эмеспи).

1934-жылдын февралынан 1937-жылдын март айына чейин ВКП(б)нын Караганда жана Түндүк Казакстан облустук комитеттеринин биринчи катчысы болгон.

Казак жергесиндеги ачарчылык маалы. 1930-жылдар.

Казак жергесиндеги ачарчылык маалы. 1930-жылдар.

Айрым пост-советтик маалыматтарга караганда, ал Казакстанда жапатырмак ачарчылыкка алып келген колхоздоштуруунун ырайымсыз ыкмаларына каршы чыккан.

Албетте, аны болшевиктик жалпы саясатка каршы чыккан Дон Кихот же “аппак киши” сыяктуу да көрсөтүүгө болбос. Анткени ал иштеп жаткан маалда Казакстанда сталиндик массалык жазалоолор үзгүлтүксүз жүрүп жаткан. Бул жазалоолорду коммунисттердин (болшевиктердин) жергиликтүү уюмдары актап-жактап турганы деле анык.

Максим Аммосов Кыргызстанда

1937-жылдын жаз мезгилинен тартып ал Кыргызстанга жогорку кызматка которулат. Дал ушул маалда Кыргызстандын бир катар чыгаан ишмерлери чет-четинен сталиндик жазалоолорго кабылып жаткан эле. Бийликтеги мыкты адистер таңкыс болгон кырдаалда, бир чети, кыргыз тилине жакын келген казак тилин билген, экинчи чети, алыскы Саха жергесинен болгондуктан, “Социал-Туран партиясы” жана пантүркизм менен айыптоого негиз болбогон бул инсанды Кыргызстанга алып келүү – ошол таптагы сталиндик жетекчилик үчүн өзгөчө орундуу кадрлык орун которштуруу чарасы көрүнгөн.

Максим Аммосовдун өзү да, жубайы да мусулман эмес болчу. Ал Раиса Израилевна Цугель айымга 1923-жылы октябрда үйлөнгөн. Андан Аэлита, Лена жана Яна деген үч кыздуу болгон. Демек, аларды панисламизмди колдойт деп айыптоого да мүмкүн эмес эле.

Аммосов келээрден саал мурдараак, 1936-жылы 5-декабрда Кыргызстан СССРдин курамындагы Орусия, Казакстан Өзбекстан сыяктуу эле союздук макамга теңата ээ жумурият деп жарыяланган. Бирок Кыргызстандын союздук жумуриятка айланышына байланыштуу уюштуруу иштери 1937-жылдын башында кызуу жүрүп жаткан.

Дал ошол маалда Максим Аммосов “таптык күрөш титиретип жаткан” Кыргызстанга жиберилген.

1937-жылы 22-мартта ВКП(б)нын Кыргыз облустук комитетинин кезектеги VIII пленуму М.К.Аммосовду ВКП(б)нын Кыргыз облустук комитетинин биринчи катчысы кызматына шайлады. 1933-жылдын сентябрынан бери бул кызматты аркалаган М.Л.Белоцкий “душмандык иш-аракети” үчүн ишинен шыпырылды.

Морис Львович Белоцкий (1895‑1944) жана анын жубайы – учкуч айым Лордкипанидзе “эл душманы” жалаасына калышты. 1937-жылы 9-июлда Белоцкий болшевиктик партиядан чыгарылып, көп узабай жубайы менен чогуу камакка алынды. Морис Белоцкий 1944-жылы Калинин облусундагы Вышневолоцкой абагында өлгөн.

М.Аммосов 1937-жылдын апрел-май айларында жаңы уюшулган Кыргызстан КП(б)нын Борбордук Комитетинин биринчи катчысынын милдетин аткаруучу болду.

1937-жылдын 16-июнунан каргашалуу ноябрга чейин ал Кыргызстан КП(б)нын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болду. Демек, Кыргызстан союздук жумурият макамын алганда анын Компартиясынын туңгуч жетекчиси – дал ушул теги саха коомдук ишмер болгон. 1920-жылдары Саха элинин советтик автономиясы үчүн күрөшкөн инсан үчүн СССРдн башка бир булуңунда дагы бир чакан улуттун союздук жумуриятын колдоого алуу канааттандырарлык иш-аракет болсо керек.

Ал Кыргызстан коммунисттеринин лидери катары Кыргыз ССРинин туңгуч Конституциясын даярдоо жана кабыл алуу иш-аракетине да катышкан.

Ошол 1937-жылы 30-июлда СССР Ички иштер эл комиссары Николай Ежов кол койгон “Мурдагы кулактарды, кылмышкерлерди жана башка антисоветтик элементтерди репрессиялоо боюнча амалдар жөнүндө” («Об операции по репрессированию бывших кулаков, уголовников и др. антисоветских элементов») деп аталган №00447 буйрук чекисттерге жашыруун таркатылган.

Анда “эл душмандарын” жазалоодо сотту алмаштырган үчүлтүк Кыргызстан боюнча да түзүлүп, ага төрагасы болуп Кыргыз ССРинин ошол кездеги ички иштер эл комиссары Владимир Николаевич Четвертаков, мүчөлөрү болуп Кыргызстан КП(б) БК экинчи катчысы Хасан Жээнбаев менен Кыргызстандын прокурорунун орун басары Гуцев (Гуцуев) дайындалган. (Иван Петрович Лоцман Кыргызстандагы “үчтүктүн” Четвертаковдон кийинки төрагасы болгон).

Владимир Николаевич Четвертаков (1899–26.02.1939) тээ 1919-жылдан бери болшевик жана чекист болгон. 1937-жылы январ – август айларында Кыргыз ССРинин алгачкы Ички иштер эл комиссары болуп иштеген.

Сталинизмдин 138 курмандыгы "Ата Бейитте" 1991-жылы 30-августта кайра арууланып жерге берилген. Кыргызстан, 2008.

Сталинизмдин 138 курмандыгы "Ата Бейитте" 1991-жылы 30-августта кайра арууланып жерге берилген. Кыргызстан, 2008.

Көптөгөн чыгаан инсандар дал ушул жана кийинки курамдагы “үчтүктүн” шашылыш чүргөлгөн чечимдери менен атууга кетип турган.

Максим Аммосов да партиялык иште “эл душмандарынан” тазалоо милдетин аркалашы керек болгон. Антпесе, ал өзү да бул “үчтүктүн” тырмагына илинмек. Айтмакчы, бул “үчтүктүн” өкүлдөрү деле кишилерди жөнү жок камаганга маашырланган кишилерден эмес эле.

Хасан Жээнбаев 1937-жылы сентябрда, Владимир Четвертаков ноябрда камакка алынышып, өздөрү да атууга кетишкен. Экөө тең 1957-жылы (өлгөндөн кийин) акталышкан.

Азыркы тапта Максим Аммосовду даңазалоо үчүн Четвертаковду күнөөлөп пикир жазган авторлор бар.

Иш жүзүндө, өз кызматын жана жанын сактоо үчүн Максим Аммосов Владимир Четвертаковду айыптаган маалыматтар да сакталган. Четвертаков өзү да “БКнын катчысы жолдош Аммосовдун кеңешин эске албастан” айрым жетекчилерди камакка албай койгонун, бирок мунун себеби - аларды камоо үчүн колундагы жүйөө жетишсиз болгонун мойнуна алган.

Кийинчерээк, абакка түшкөн маалындагы өз “катасын мойнуна алган” көрсөтмөлөрүндө, Максим Аммосов: Кыргызстан КП(б)нын “III пленумунан соң душмандардын бетин ачуу иши андан ары улантылды – Жыктыбеков, Токомбаев, Таунин, Ескомбаев (Өскөнбаев), Баялинов жана башкалар түрмөгө отургузулду, Кыргыз атчандар полкунун уюмун душман тыңчыларынан тазалоо башталды. Канттагы кант ишканасында бүлдүргүчтүк ашкереленди. БКнын бюросунда жолдош Лоцмановдун душмандарды ашкерелөөнүн жүрүшү жөнүндөгү баяндамасы уктурулду”, - деп жазат.

Мында сөз болгон Петр Иванович Лоцманов (1903‑1940 же 1943) 1937-жылдын 16-августунан тартып 1939-жылдын январына чейин Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссары болгон. Ал “ежовдук” доордогу Кыргызстандагы кандуу репрессияларды жетектеген чекист, полковник болгон. Ал 1939-жылы камакка алынган жана 1940-жылы 25-январда өлүм жазасына өкүм кылынып, атууга кеткен. Башка бир маалыматка караганда, ал өзү да түптөшкөн айтылуу ГУЛагда абакта жаткан кезинде, 1943-жылы 12-августта өлгөн. Лоцманов кайра акталган эмес.

Аммосов 7-ноябрдагы демонстрацияда эмне деп айткан?

Максим Аммосов 1937-жылы 7-ноябрда Бишкектеги (ал кезде Фрунзедеги) Өкмөт үйүнүн алдында салттык коммунисттик демонстрацияда калпыс сүйлөп алып, камалгандыгын бардыгы айтып жүрөт.

Ошол маалда Бишкекке чыгармачыл сапар менен келген котормочу Семён Липкин (1911—2003) бул окуя тууралуу өз эскерүүсүн калтырган. Москвада “Манас” дастанынын үзүндүлөрүн орусчага которгон соң, С.Липкин кыргызстандык жетекчиликтин моралдык колдоосун алуу үчүн кесиптештери менен Бишкекке келген.

Анын айтымында, ал 1937-жылы 7-ноябрда эртең менен Бишкектеги парад өтчү аянтка ири аскер кызматкери Иван Васильевич Панфиловдун (1892—1941) автоунаасына түшүп келгендиктен, аны менен кошо балкондо – сыйлуу төрдүн четинде отуруп калган.

Панфилов ошол кезде Борбордук Азия аскер аймагынын штабынын бөлүм башчысы болчу, кийинки, 1938-жылдан – 1941-жылы Улуу Атамекендик согуш башталганга чейин Кыргыз ССРинин коргоо эл комиссары болгон.

Кылкылдаган калайык советтик ураандар жазылган транспаранттарды көтөрүп аянттан өтүп, балкондогуларга кол булгап жатышты.

Ошондо Кыргызстан КП(б) БКнын Биринчи катчысы Максим Кирович Аммосов жалындуу ураандарды чакырып кыйкырып турган. Бир маалда улам кайталанган ураандарын чаташтырып, “коммунизм” сөзүнүн ордуна “фашизм” сөзүн аралаштырып айтып алган экен:

- Жашасын бүткүл дүйнөдөгү фашизмдин жеңиши!

Бардыгы тең өз уккан кулагына өздөрү ишенбей дендароо болуп калганда, Аммосов кайра ураанды тууралап айтып, анан калтаарып калыптыр.

Улуу Сталиндин көсөмдүгү астында бүткүл дүйнөдөгү коммунизмин жеңишин карай алга! – деп Аммосов жаңы күч менен кыйкырат.

Эми буга кандай чара көрүшөт? – деп Панфиловдун жанында турган бирөө шыбыраганда, Панфилов ага мындайча шыбырап жооп узаткан экен:

Эчак эле чара көрүлгөн. Аны камоо үчүн эртең менен эле келишкен. Аны кабинетте күтүп олтурушат. Бир-эки саатка кармалып калышты, анткени демонстрациянын катышуучуларын кимдир-бирөө куттуктоого тийиш да.

Бул – “Манас” дастанынын котормочуларынын бири С.Липкиндин эскерүүсү. Ошол каргашалуу 1937-жылдын 16-ноябрында “эл душманы” катары айыпталып, Бишкекте камакка алынган Аммосов өзү да “Жоголсун фашизм!” деп кыйкырып жатып, саат басып бир жерде сөздү чаташтырып алганын, бирок катасын дароо оңдогонун өзү мойнуна алган.

1986-жылы 2-апрелде Ленин аянтында саха жаштары көтөрүлгөн. Якутск ш.

1986-жылы 2-апрелде Ленин аянтында саха жаштары көтөрүлгөн. Якутск ш.

Кайра куруулар доорунан тартып саха элинде да өздөрүнүн чыгаан уулдарын актоо жүрүмү күч алган. Айтмакчы, 1986-жылы апрелде (б.а. ошол жылдын декабрындагы Алматыдагы “Желтоксон окуяларына” чейин эле) саха жаштары алгачкылардан болуп өздөрүнүн улуттук-маданий кызыкчылыктарын камсыз кылууну талап кылган демонстрацияга чыгышканы белгилүү.

Дал ошол агым маалында айрым саха авторлору С.Липкиндин 1989-жылы “Огонёк” журналынын №2 санында жарык көргөн "Бухарин, Сталин жана “Манас”” аттуу эскерүүсүнө каршы макала жарыялашты. Макалада, чындыгында, Кыргызстандагы башкы чекист Петр Лоцманов микрофонду жарым-жартылай жаба коюп, провокация кылган, ал эми Аммосов сөзүнөн эч жаңылган эмес болчу, деп айтылат.

Аларга журналист Иван Ласков (Молодежь Якутии. – Якутск, 1993. ‑ № 21. 4-июн. – 10-бет. ‑ № 22. – 16-июн. – 10-бет.) кырдаал кандайча өнүккөнүн Аммосовдун өзүнүн катачылыкты мойнуна алган маалыматы менен мындайча тактоо киргизген:

Максим Аммосов: “...Толкунданып турган кезим болчу; демонстрация аяктап баратканын көрүп, мен эч токтоосуз жана тынымсыз ураан чакыра бердим: “Жоголсун фашизм, жашасын коммунизм!” Бул ураанды үчүнчү жолу кыйкырган чагымда, ураандын биринчи бөлүгүнө келгенде, менин оозумдан контрреволюциячыл сөз айкашы чыгып кетти. Ошол замат мени кимдир-бирөө түрткүлөп калды. Өзүм деле дароо сөзүмдү оңдоп кеттим. Ураанды тууралап кайталадым”.

Анын маалымдашынча, ошол күнү трибунада Аммосов менен катарлаш турган Ички иштер эл комиссары Лоцманов да бир нече сааттан кийин Кыргызстан КП(б) БКнын бюросунда чыгып сүйлөп, Аммосов өз калпыстыгын дароо оңдоп, катасы жок кылып ураан чакырып кеткенин ырастаган. Ошол маалда жергиликтүү үналгы түйүндө нөөмөттө турган чекист аял да демонстрация маалында трибуна тараптан “жоголсун коммунизм” деген контрреволюциячыл ураан айтылып кеткенин баяндаган экен.

Жандуу иш-чара маалында эмнелер гана болбойт! Ал түгүл 1980-жылдардын башында Бишкектеги бир орус гезитинде Леонид Брежневдин кызматтарынын бирин “СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Төрагасы” (“председатель”) деп жазыштын ордуна, ташымал маалында бир муунду байкоостон түшүрүп алып, “пред-датель” (“чыккынчы”) деп жазып алышып, чоң чуу түшкөн.

Демократиялык коомдордо мындай катачылыктарга жылмаюу менен гана мамиле кылышат, ал эми тоталитардык коомдо, атайын ойлонуштурулбаса да, орун алган бул сыяктуу калпыстыктын айынан бир нече кишинин тагдырына балта чабылаар эле.

Негизи, С.Липкиндин эскерүүсүнөн айгинеленгендей, ошол күнү алиги байкабай оозунан чыгып кеткен тескери ураан чакырылбаган чакта деле Максим Аммосовдун керт башы “Дамокл кылычынын” мизинин астында турган экен.

Ошол 7-ноябрда Кыргызстан КП(б) БКнын бюросу чукул отурумунда М.Аммосовду бардык кызматтарынан алуу тууралуу чечим кылды. Эртеси, 8-ноябрда, ВКП(б) БК Саясий бюросу бул чечимди тастыктап, аны партия мүчөлүгүнөн чыгарып койду.

(Кошумча маалымдай кетсек, 1937-жылдын 7-ноябрынан 1938-жылдын 20-февралына чейин Керим Кенебаев Кыргызстан КП(б) БКнын Биринчи катчысынын милдетин аткаруучу болуп гана иштеген. 1938-жылдын 20-февралынан 1945-жылдын 2-июнуна чейин Алексей Власович Вагов Кыргызстан Компартиясынын БКсынын биринчи катчысы болгон).

Бишкекте камалаардан эки күн мурда, 14-ноябрда, Максим Аммосов өзүнүн 20 жылдык партиялык ишмердиги жана айрым катачылыктарга жол койгондугу жөнүндө түшүндүргөн катты Кыргызстан Компартиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жолдогон. Анда ал Өзбекстандагы буржуазиячыл улутчулдарга каршы күрөшкө да иштиктүү салым кошконун эскерет. Кыргызстанда болгону 7 ай иштегендигин, жергиликтүү кырдаалды түшүнө элегинде айрым буржуазиялык улутчул саясатчылардын жетегинде калып, анын айынан саясий сокурдук кылып, “катачылыктарга жол бергенин” ал мойнуна алып жазган.

Демек, Максим Аммосов деле 1937-жылы Иосиф Сталиндин буйругун жаземдебей аткарып, жер-жерлерде массалык жазалоолорду жүзөгө ашырган жалпы мамлекеттик ырайымсыз машиненин бир тетигинен болгон.

Ал өзү кимдир-бирөөнү жаманатты кылса, же ага карата жалган жалаа айткандар болсо – анын бардыгы тоталитардык доордогу массалык психоздун кесепети болгон: кээ бирлерине чындап коомдо “эл душмандары”, империалисттик “тыңчылар” каптап кеткендей сезилсе (Сталин “социализмдин жеңиши тереңдеген сайын, ага каршы тап күрөшү айыгышуу менен улантылат” деп жазып, мындай массалык жазалоолорду “теориялык жактан” негиздеп берген), кай бирлери өздөрүнүн оппоненттерин, өз кызмат ордуна кызыккандар деп шек санагандарын, же болбосо тек гана карөзгөйлүк кылып, башка замандаштарын жазыксыз каматтыра беришкен.

1937-жылы 28-декабрда Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссариаты Москвага “жеңиштүү” баяндамасын жиберген. Анда “эл душманы” М.К.Аммосов Жапония үчүн 1925-жылдан бери тыңчылык кылгандыгы, 1922-жылдан бери саха улутчул уюмуна мүчө болгондугу ж.б. тууралуу “мойнуна алып”, андан тышкары 25 кишини “тыңчылыктагы шериктери” катары тизмелеп бергени кабарланат. Алар (И.Н.Барахов, И.Н.Винокуров, А.Ф.Бояров, С.Иванов, П.Ойуунский ж.б.) көп узабай Саха жергесинде камакка алынган.

1938-жылы 15-январда Бишкек шаарында камакта жаткан М.К.Аммосов өз жердеши П.Ойуунский жөнүндө кошумча көрсөтмө берген. Ал Ойуунскийди "жапон тыңчысы" деп “тастыктаган”.

1938-жылы 28-мартта Максим Аммосовду өзгөчө кайтаруудагы вагон менен Бишкектен Москвага жөнөтүшөт. Оболу ал Лубянка абагында, кийин Лефортово абагында кармалган.

М.К.Аммосов Москвадагы сталинчилердин “сот оюнунда” айыпкер катары жооп берген. СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын чечимине ылайык, ал "контрреволюциячыл улутчул уюмду түзгөн жана Жапония үчүн тыңчылык кылган" деп айыпталган. Ал РСФСР Кылмыш кодексинин 58-1«а», 58-7, 58-8, 58-11 беренелерине ылайык айыптуу деп табылып, эң жогорку жазага өкүм кылынган. 1938-жылы 28-июлда Москва шаарында өкүм атуу жолу менен жүзөгө ашырылган.

М.К.Аммосов 1955-жылы 28-апрелде СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын аныктамасына ылайык кайра акталган.

Эстутум

Тагдырындагы ар кыл кыйчалыш учурларына карабастан, Максим Кирович Аммосов XX кылымдын биринчи жарымындагы саха элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлеринен болгону эч талашсыз.

Якутск шаарындагы Саха мамлекеттик университети (1990-жылдан тартып) анын ысымын алып жүрөт.

Өзү туулуп-өскөн Хатырык кыштагында анын музейи уюштулган.

2005-жылы 27-сентябрда Саха жумуриятынын борбору Якутск шаарында анын айкели ачылды.

М.К.Аммосовдун 115 жылдыгына байланыштуу салтанаттар маалында 2012-жылы декабрда Бишкекте Эмен багында анын дагы бир айкели тургузулду.

Бул сыяктуу иш-чаралар Максим Аммосовдун элесин түбөлүккө калтыруу аракеттери улантылып жатканын айгинелейт.

Эгерде 1937-жылы 7-ноябрда Максим Аммосов чындап эле “жоголсун коммунизм!” деп байкоостон айтып алган болсо, бул "жаза тайганы" үчүн өмүрүнүн соңку демине чейин ал өкүнсө керек. Ал эми анын улуту – саха эли – пост-коммунисттик доордо (башкача айтканда, “коммунизм ойрон болгон заманда”) деле демократиялык Орусия Федерациясынын курамында өзүнүн улуттук асыл-нарктарын жана мурастарын сактап келет. Саха жумуриятынын тарыхый жетишкендиктеринин башатында, бирок, коммунист Максим Аммосов да турганын саха элинин азыркы муундары ыраазычылык менен белгилешет.

Сахалар "ысыах" (Ыhыах) майрамы сыяктуу улуттук салттарын кастарлап сактап келет. 2013.

Сахалар "ысыах" (Ыhыах) майрамы сыяктуу улуттук салттарын кастарлап сактап келет. 2013.

Маселен, саха тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты Егор Антоновдун пикирине караганда, “Партиялык интеллигенциянын М. К. Аммосов, П. А. Ойунский, И. Н. Барахов, С. М. Аржаков сыяктуу өкүлдөрүнүн салымы – саха элин геноцидден сактап калууда турат. Дал ушул салымы үчүн гана М.К.Аммосовду тарыхтын сыйлуу төрүнө элдин ыйыгы катары бийик чыгаруу ылайык” (“Заслуга М. К. Аммосова, П. А. Ойунского, И. Н. Барахова, С. М. Аржакова и др. представителей партийной интеллигенции заключалась в спасении от геноцида якутского народа. И лишь за одно это М. К. Аммосова следует воздвигнуть в качестве народной святыни на пьедестал истории”).

Ал эми Виктор Скрипин сыяктуу авторлор саха жердештерин Максим Аммосовдун тарыхтагы ролун ашыкча көкөлөтүүдөн алыс болууга чакырышууда.

Кандай болсо да, Максим Аммосов Кыргыз жергесине өтө кыйчалыш маалда, ызгаарлуу 1937-жылы келди. Ал кез - сталиндик Кремл Кыргызстан Компартиясынын жетекчиси кызматын кыргыз коммунисттеринин өздөрүнө ыраа көрбөй жаткан учур эле. Аммосов жергиликтүү айдыңдардын канчасын колдоого алды, канчасын “эл душманы” катары жазалоого шыкакчы болду? В.Скрипин ж.б. айрым авторлор жазгандай, Касым Тыныстановдун камалышында жеке ролу болгонбу? Кимдер менен чындап дос болду? Кимдерден ыдык көрдү? Кыргыз маданиятына кандайча мамиле жасады экен? (М.Аммосов кыргыз тилин үйрөнө баштагандыгы маалым).

Бул жана башка маселелер жаңы архивдик маалыматтарга таянган болочокку иликтөөлөрдө ачыктала берет ко деп ишенебиз.

Албетте, тарыхый инсанга татыктуу баа берүү – анын элесин жасалма жакшыртуудан же анын тарыхый салымдарын адилетсиз түрдө кемейтип көрсөтүүдөн жогору турган калыс иш-аракеттин мөмөсү.

Соңку мезгилдерде ачыкталган жана алдыдагы жылдары улам жаңыдан илим чөйрөсүнө сунуштала турган архивдик жана башка даректүү маалыматтар Максим Аммосов сыяктуу сталиндик жазалоолор доорунда жашаган жана набыт болгон көрүнүктүү жана карапайым инсандардын өмүр жолуна улам жаңы штрихтерди кошо бермекчи.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG