Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

1937:  Чекисттер жана сталиндик жазалоолор жөнүндө анекдоттор


Мурдун балта кеспегендер да бар. Кимбайке. 07.6.2011.
Мурдун балта кеспегендер да бар. Кимбайке. 07.6.2011.

Совет элдери сталиндик жазалоолор жана аларды жүзөгө ашырган НКВДнын (Ички иштер эл комиссариатынын) кызматкерлери - чекисттер тууралуу чукугандай сөз таап, ар кыл такмаза, какшык, азил айтышкан. Төмөндө – айрымдары.

* * * * * * *

Бир киши Кызыл аянтка келип алып чогулган калайыкка жар сала кыйкырыптыр:

- Жоголсун, жер жуткур тиран!

Аны дароо кармап, Сталинге алып келишет.

Сталиндин көзүнчө тигини суракка алып, Берия суроону кабыргасынан коюптур:

- Тиран деп сен кимди айтып жатасың?

- Жанагы акмак Гитлерди!,,

Сталин болсо ачуулана Бериядан сураптыр:

- Лаврентий, а сен кимди айтып жатат деп ойлодуң эле?!.

* * * * * * *

Бир кемпир НКВДнын бөлүмүнө арызданып келиптир.

- Абышкамды камап салгылачы!

- Эмнеге?

- Деги эле эчтеке кылбайт, жатып ичер! Жанагы маршалдарга окшоп ичет да, турат!

Кемпирдин өзүн “советтик маршалдарга акаарат келтирди” деп дароо эле камап салышыптыр.

Эми алиги бөлүмгө абышкасы келиптир.

- Кемпирим жок, издеп таба албай жатам!

- Ал камакта отурат?

- О кокуй, эмнеге?

Абышкага кемпиринин сөзүн төкпөй-чачпай айтып беришет.

- А, алжыган кемпир десе! Баягысындай калптын баарын айткан тура. Калптын казаны кайнабайт! Ой, сүйлөсө эле тиги радиого окшоп жалганды чын кылып сайрайт да турат!

Абышканы да ошол замат камакка алышыптыр.

* * * * * * *

Археологдор Мысырда (Египетте) чөл кумун казып атып, жаңы пирамида ачышыптыр. Бирок бул пирамида кайсы доорго жана кимге таандык болгонун эч аныктай албай коюшуптур. Анда табылган катырылган сөөктө (мумияда) да эч белги жок экен.

Акыры НКВДнын чекисттерин жардама чакырышса, үч чекист келип, алиги мумияны бир бөлмөгө алып кирип кетиптир да, 3 сааттан кийин гана кайра чыгышыптыр. Үчөөнүн тең чаалыккан түрү бар.

- Ой, аныктай алдыңарбы? – деп археологдор жабыла сурашса:

- Бул ‑ Аменхотеп XXIII жана анын пирамидасы, - деп тигилер жооп кайтарат экен.

- А кантип билип алдыңар?

- Өзү эле мойнуна алды, атүгүл кагазга кол да коюп берди!..

* * * * * * *

ГУЛагда (сталиндик абакта) отурган үчөө бири-биринин тамырын тарта кетет.

- Мен жумушка беш мүнөт кечигип келсем, «саботаж кылдың» деп камап салышты.

- А мен болсо кызматка беш мүнөт эрте келип алыптырмын, түгөттүкү! Анан «шпионсуң, чет мамлекеттин тыңчысысың» деп абакка тыгышпадыбы!

- Мен болсом жумушка кечикпей да, эрте келбей да, өз убактысында келгем. Көрсө, советтик экономикага өлчөөсүз чоң залака тийгизиптирмин.

- Эмнеге?

- Жумуштан кечикпейин деп сатып алган саатым буржуазиялык мамлекетте өндүрүлгөн шайтан экен да!

* * * * * * *

Тышкы иштер эл комиссары М.М.Литвинов Сталинге арызданып келиптир. Көрсө, Литвиновдун жубайын чекисттер камакка алышкан экен.

- Жолдош Ежов айтып атпайбы – аялыңа каршы анда олчойгон материал бар экен да!

- Жолдош Сталин, андай болсо Ежовдо Сиз тууралуу деле материал бар!

* * * * * * *

Жазалоолор атеисттик өнөктүк менен коштолгон доордогу окуя. 1930-жылдар. Динге каршы өнөктүк поюзу Эдил (Волга) боюндагы бир кыштакка келет.

“Дин – элдин апийими” деген дарс бүткөн соң өзүн жакшылап кунт коюп тыңдап отурган чалдарга алиги лектор келип суроо салыптыр:

- Эми сиздер түшүндүңүздөрбү? Иисус Христос – кудай болчу дегендерге кошуласыңарбы?

- Эч качан! Эч кошулбайбыз, - дептир татарча акцент менен сүйлөгөн топучан аксакал. – Иисус Христос кудай болчу дегендерди Алла-таалам өзү да жазалайт!

* * * * * * *

Чет элдик интернет булактардан.

TT

XS
SM
MD
LG