Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

Apple'дин кирешеси рекорддук чекке жетти


Apple компаниясынын соңку үч айлык кирешеси мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, 18 млрд. долларды чапчыды. Эксперттер мындай кирешени iPhone-6 смартфонунун сатыкка чыгышына байланыштырат.

2014-жылдын акыркы үч айында дүйнө жүзү боюнча 74 млн. IPhone-6 сатылган. Apple'дин акыркы үлгүдөгү смартфонуна суроо-талап башка өлкөлөргө салыштырмалуу адаттагыдай эле Кытайда көп болду.

Бул 2013-жылдын соңку үч айына салыштырмалуу өткөн жылдын ушул эле убагында жетимиш пайызга көп телефон сатылган.

Мунун себебин байкоочулар Apple Кытайдын мобилдик байланыш рыногундагы эң ири China Mobile компаниясы менен келишим түзгөндөн тарта көтөрүлө баштаганы менен түшүндүрөт. China Mobile Кытайдын мамлекеттик ишканасы жана анын 760 миллиондон ашуун кардары бар.

Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да IPhone смартфондорун көтөргөн адамдардын саны өсүүдө. Бишкектеги жаңы технологияларды саткан “Светофор” интернет-дүкөнүнүн кызматкери Чыңгыз Монокбаев Apple'дин продукциялары өзгөчө жаштар арасында популярдуу экенин айтууда:

- Биздин дүкөндөгү телефондордун ичинен эң эле көп сатылганы IPhone смартфондору. IPhone-6 чыккандан бери акчалуулар ошону алышат, ал эми IPhone-5s үлгүсүндөгүнүн баасы бир аз арзандагандыктан аны дагы сатып алгандар көп.

Ушул тапта Бишкекте Iphone-6 телефонунун орточо баасы 45 миң сом, ал эми Iphone 5'тин орточо баасы 35 миң сом турат. Ошол эле мезгилде дүйнөлүк рынокто iPad планшетинин сатылышы мурдагы жылга салыштырмалуу 18% төмөндөп кеткени кабарланды.

Эксперттер технология базарында ноутбуктарга суроо-талаптын өсүшү жана башка компаниялар сапаттуу планшеттердин арзан баада сунуштаганы менен iPad'га болгон кызыгуу азайып кеткенин айтышууда.

Apple Watch апрелде чыгат

Жылдык каржы отчетун жарыялоо менен бирге Apple компаниясы өзүнүн жаңы продукциясын – Apple Watch ("Акылдуу саат") саатын апрель айында сатыкка чыгарарын билдирди. Жаңы гаджет тууралуу азырынча маалымат аз, болгону анын баштапкы баасы 349 доллар турары гана айтылууда. “Акылдуу сааттын” техникалык сырын ойлоп табуучулар айтуудан азырынча баш тартышты.

Анткен менен өткөн жылы компаниянын башкы директору Тим Кук “Блумберг” агенттигине курган маегинде Apple watch саатынын артыкчылыгын мындайча сүрөттөгөн:

Apple Watch сааттары
Apple Watch сааттары

- Apple Watch биздин жеке адамдын өзүнө арнап чыгарган биринчи жабдыгыбыз. Бул саат бизди таптакыр башка доорго жетелейт. Жаңы гаджеттин үстүндө атайын топ үч-төрт жыл жан үрөп эмгектенди. Биз көптөгөн нерселерди иштин жүрүшүндө ачтык. Саат жалгыз гана убакытты көрсөтпөстөн, ошол эле маалда көп иштерди аткарат. Apple Watch дүйнөнү жана адамдарды таптакыр башка жол менен бириктирет жана ошондой эле анын фитнесс компоненти да бар. Бул болсо адамдын саламаттагына кам көрүүгө барандуу салым кошот.

Такталбаган маалыматтарга ылайык "акылдуу саат" чөнтөк телефон менен байланышта болот. Ал телефонго ким чалганын, социалдык тармактарга келген билдирүүлөрдү, GPS навигацияны көрсөтүп турат.

Жаңы саат үч түрдө чыгары күтүлүүдө, бири-биринен корпусунун материалдары боюнча айырмалап турат. Ошондой эле жаңы гаджетке кубаты өтө күчтүү процессор менен жогорку сапаттагы “Ретина” экраны орнотулары айтылууда.

XS
SM
MD
LG