Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Апта: Эшикте элдик курултайлар, Бордюжага баары жайында...


Премьер-министр Данияр Үсөнов менен жолугушууга чогулган эл, Нарын, 2010-жылдын 29-марты.
Премьер-министр Данияр Үсөнов менен жолугушууга чогулган эл, Нарын, 2010-жылдын 29-марты.

Oппозиция 7-апрелге белгиленген курултайларга даярдыгын күчөттү. Максим Бакиев АКШга барары айкын болду. Николай Бордюжа Кыргызстанга келип кетти.

Эшикте элдик курултайлар

Талдоочулардын баамында, Кыргызстанда саясий туруксуздуктун белгилери байкала баштады. 7-апрелде Нарын ал туруксуздуктун очогуна айланышы толук ыктымал. Белгилүү болгондой премьер-министр Данияр Үсөновдун 29-мартта Нарында эл менен жолугушуусу натыйжасыз аяктап, жергиликтүү калк 7-апрелде кайрадан митингге чогулууну белгиледи. Буга чейин бир нече митинг өткөрүп, бийликке талаптарын коюп келген эл эми чечкиндүү кадамдарга барышы мүмкүн. Ал кадамдар 17-мартта Элдик курултайда айтылгандай, элдик бийликти орнотуу аракети, жөө жүрүш жана башка жарандык акциялар менен коштолушу ыктымал.

Нарындагы мындай аракет 7-апрелде боло турган Чүй жана башка жерлердеги курултайларда колдоого алынып, бийлик менен оппозициянын ортосунда ачык тирешүү башталуу коркунучу пайда болуп турат. Оппозиция өкүлдөрү эмне кылууну курултайларда эл чечерин билдирүүдө. Дал ошол себептен оппозиция 2-апрелде эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкө жакын арада туруксуздукка туш келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Чүй облусунда курултайларды өткөрүү боюнча топтун мүчөсү Турат Мадылбеков курултайлар бир нече райондордо өтүшү мүмкүндүгүн белгиледи:

-Азыр бир Чүй облусунун ар бир райондорунда да аракет кылабыз. Чүй облусунун бириккен курултайы жер-жерлерде, мүмкүн бир нече райондор биригип өткөрөт. Ага губернаторлорду, акимдерди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн да чакырабыз, деген Турат Мадылбеков жергиликтүү курултайда 17-мартта болгон Элдик курултайдын талаптарынын эмне себептен аткарылбай калышы жана жергиликтүү маселелер көтөрүлөт.

“Ак жол” партиясынын депутаттары калк менен жолугушуулар өткөрдү. Фракциянын лидери Улукбек Ормонов кыдыруулар жана калк көтөргөн маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Биз толук Кыргызстандын райондорун кыдырып келдик. Мен өзүм Өзгөн районунда болдум. Жалпысынан элдин маанайы жакшы. Ынтымак курултайын аябай активдүү талкуулап жатышат. Тариф боюнча, өкмөттүн иши боюнча дагы толук маалымат бердик. Баанын көтөрүлүшүн негиздеп бердик. Бул жерде эки маселе бар. Ошону эл дагы айтып жатат. Биринчи, баасы көтөрүлгөндөн кийин бизге электр энергиясы үзгүлтүксүз берилсе, андан кийин түшкөн акчалар тармакты оңдоого жумшалса деген талапты коюп жатышат.

Ал эми оппозициялык күчтөр 7-апрелде уюштура турган курултайлар Ормонов мындай пикирин айтты:

-Мен ойлоймун, биз эл менен толук жолугуп келбедикпи. Азыр мен башка коллегаларымдан дагы жолугушуулар боюнча маалыматтарды алабыз. Ал эми оппозиция өзүнчө жер-жерлерде курултай кылган болсо, аны дагы угабыз. Баарын мыйзам жолунда кылыш керек. Көчөдөгү митингчил немени курултай менен алмаштырып, элдин оюн угуп келсе, андан зыян болбойт.

Саясат талдоочу Фарид Ниязов өлкөдөгү кырдаал бийликтин кадамдарына жараша болот деген пикирин айтты:

-Мен ойлоймун баары бийликтин кадамдарына жараша болот. Эгерде бийлик өзү кырдаалды курчутуучу кадамдарга барбаса, анда баары жайында болот. Эгерде бийлик жаңылса, анда чатак болот. Анткени оппозициялык газеталарды жабуу, телеканаларды токтотуу жетекчиликтин ишин көрктөбөйт. Ынтымак курултайында президентке жакын адамдар, маселен Үсөн Сыдыков, оппозиция менен сүйлөшүүгө барыш керек деп айтты. Ошондуктан ушундай кадамдарга барыш керек.

Бийлик электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнөн кийин пайда болгон нааразычылыкты басуу үчүн айрым кадамдарга барууга арагсыз болду. Маселен, 2-апрелде президент да, өкмөт да бул багыттагы чечимдерди жарыялады. Президент тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы болбойт десе, өкмөт өз токтому менен тоолуу жана катаал шартта жашаган калкка жеңилдиктер берүү чечимдерин кабыл алды.

Бордюжага баары жайында

29-мартта Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа келди. Расмий маалыматтар боюнча Бордюжа Борбор Азиядагы коопсуздукка байланыштуу кыргыз эксперттеринин тегерек стол жыйынына катышуу үчүн келди. Анын ошол күнү президент Курманбек Бакиев кабыл алды.

Тегерек стол жыйындан кийин маалымат жыйынын өткөргөн Николай Бордюжа кыргыз-орус мамилесинде салкындоо жок деген пикирин билдирди:

-Кыргыз-орус жетекчилигинин мамилесинде салкындоо жок. Мен муну сиздерге расмий түрдө билдирем. Россия маалымат каражаттарында антикыргыздык кампания жүрүп жатат деген да туура эмес. Андай нерсе жок. Айрым пикирлердин чыгып жатышы бул сөз эркиндигинин белгиси. Бирок ал антикыргыздык багытта эмес.

Ал эми акыркы мезгилде орус маалымат каражаттарында президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсүнө каршы чабуулду сөз эркиндиги менен байланыштырды.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Николай Бордюжа кыргыз-орус мамилеси боюнча башкача пикир айта албасын белгиледи:

- Салкындоо болгон күндө дагы расмий адамдар сүйлөгөндө эч качан салкындоо бар деп айтпайт. Экинчиден, Бордюжа ким? Ал Тышкы иштер министрликтин жетекчиси эмес, администрациянын жетекчиси эмес.

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, Николай Бордюжа сапары учурунда Бишкекте ЖККУнун Коопсуздук боюнча институтун түзүү маселесин талкуулаган. Бирок анын жетекчиси боюнча эки тараптын пикири келишпей, Бордюжа андай мекемени башка жерде ачууну көздөп калгандай.

Саясат талдоочу Фарид Ниязов кыргыз-орус мамилесиндеги абалга мындай баасын берди:

- Кыргыз жетекчилигинин дарегине карата орус маалымат каражаттары аркылуу болуп көрбөгөндөй сындын жаашы орус коомчулугунда биздин жетекчиликке чоң нааразылык бар экенинен кабар берет. Ал өнөктөштүк милдеттерди аткарууга байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми эки ортодо чыңалуу бар экени мына ошол жарыяланган макала-маалыматтардан көрүнүп турат.

Николай Бордюжанын айтымында, Россия Кыргызстандагы аскердик базаларын кошуп, бирдиктүү базага айлантууну жана ал күчтөрдүн машыгуу борборун түзүүнү көздөп, кыргыз жетекчилиги менен келишимге жетишкен. Аны турмушка ашыруу ниетинен эки тарап тең баш тарткан эмес.

М.Бакиев АКШга бара турган болууда

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев кийинки жумада Кошмо Штаттарга бара турган болду.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Ким МакДональд Вашингтондо кыргыз-америкалык жылдык жыйын болоорун билдирди:

- Кыргызстандын делегациясы АКШга жыл сайын боло турган эки тараптуу консультацияларга барат. Бул жолугушуу АКШ өкмөтү жалпы Борбор Азиядагы өлкөлөр менен өткөргөн жолугушуулардын бири. Буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен андай жолугушуулар болуп өткөн.

Саясат талдоочу Фарид Ниязов Максим Бакиев Кыргызстандын расмий адамы, ошондуктан анын Вашингтонго баруусунан кынтык издөөнүн кажети жок дейт:

- Кыргызстан эгемен өлкө. Ал эми Максим Бакиев расмий адам. Ошондуктан Кыргызстан ким менен сүйлөшүүнү, кандай мамиле кылууну өзү билет. Анын үстүнө ал жерде инвестициялык жыйын болуп жатканы күтүлүүдө. Эгерде ал жерде Россия менен макулдашылган долбоорлор АКШда талкуулана баштаса, анда кандайдыр бир суроолор пайда болушу мүмкүн.


Бирок “Ата Мекен” социалисттик партиясы Максим Бакиев Конституциялык эмес органды башкарып турат, ошондуктан Кошмо Штаттар аны чакыруу менен мыйзамсыздыкты кубаттап жатат деп айыптады.

Максим Бакиев Борбордук агенттикти жетектегенден кийин тышка экинчи сапарын Кошмо Штаттарга жасамак болууда. Буга чейин ал Кытайга барып келген.

Бирок Евгений Гуревич жаңжалынан кийин Максим Бакиев коомчулукка ачык чыга элек.

Ал эми коомчулукта Ынтымак курултайында айтылган демилегелер жана ынтымак курултайынын статусуна байланыштуу маселелер кызуу талкууланууда.

Маселен, 2-апрелде “Достук” мейманканасында өкмөттүк эмес уюмдар жана саясий партиялар “кеңешме демократияны” киргизүү маселесин талкуулап, аны көбүнэсе сынга алышты. Бириккен элдик кыймылдын төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев:

- Кандай гана чакырыктар болбосун, демократия жок. Эгер биз тандоо эркиндигинен ажырап калсак, сөз эркиндиги, ойлоо эркиндиги жана башка укуктардан четте калсак, кайсы демократия жөнүндө кеп кылсак болот? “Кеңешме демократия” же андай эмес демократия деп айткандан эч нерсе өзгөрүлбөйт.

Ал эми президент Курманбек Бакиев 23-мартат Ынтымак курулатйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанга “кеңешме демократия” ылайык келерин айткан эле:

-“Кеңешме демократия” Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келет деп ойлойм. Анткени бул демократия биздин элдин салтына терең тамыр алган курултайларга өзүнөн-өзү төп келип турбайбы. Биз элдик демократияга ызы-чуу менен эмес, ырааттуу реформалар аркылуу барабыз.

Коомчулукка мына ушундай талкууну берген Ынтымак курултайынын статусу тууралуу маселе кырынан коюла баштады. Жума күнү Ынтымак курултайынын Төркеңеши чогулуп, мына ушул маселени талкуулады. Төркеңештин төрагасынын орун басары Түгөлбай Казаковдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Төркеңештин жыйынында Ынтымак курултайынын статусу, аны мурунку Эл өкүлдөр жыйынына теңөө, Конституциялык негизде ордун аныктоо, облустук координаторлорду дайындоо маселелери талкууланып, ал боюнча сунуштар президентке жолдонду.

Төркеңеш андан сырткары Ынтымак курултайынын чечимн толуктап жарыялады. Анда президенттин жаңылануу саясатын колдоо, бөлүнүүлөргө жол бербөө, сот системасын реформалоо, Исмаил Исаков, Балыкчы, Петровка окуялары боюнча айыпталгандарга ырайым же мунапыс берүү жагы чечилсин деген талаптарды койду.

Бул талаптарга улаалаш президент Курманбек Бакиев “Мунапыс” жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламентке жолдоду.

Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, “Мунапыс” жөнүндөгү мыйзам долбоордо Исмаил Исаков жана Петровка окуясы боюнча айыпталып жаткандарды бошотуу жагына илинчек коюлган. Ал илинчек аркылуу аларга бийлик тараптан кандайдыр бир саясий талаптар коюлушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG